“Жакшыдан жашыл бак калат” дейт эмеспи. Каарманыбыз Гүлмайрам Разыкованы күйөрмандары таланттуу инсан катары дагы, белгилүү куудул Рахман Разыковдун кызы катары дагы таанышат. Маекте кеңири сүйлөштүк.
– Гүлмайрам, кандайсыз? Бир жолу соцжеледен “мактанып эле айтам, мүнөзүмө чыдай турган жолдошум бар” деп жарыяладыңыз. Ал мырза ким?
– Жашың өйдөлөгөндө тандап эмес, талдап тийгенге туура келип калат экен. Кудай бирөөгө жөндөн жөн эле кездештирбейт, буйрук да. Жолдошум Өзгөндүн Куршабынан болот. Бир тойго ырдап барып таанышып калганбыз. Токтоо, оор басырыктуу, жакшы адам. Бизнес менен алектенет. Бир жыл жакындан тааныш болуп сөз айтып жүрдү, анан баш коштук.
Мурунку никесинен 4 кызы бар. Балдарда күнөө жок, алар менен катташып турушуна каршы болбойм. Анткени өз атамдын аялдары деле балдарды катыштырышкан. Бул нерсе баштан өткөн да. Балдардын өз ата-энесинин ордун алардын өзүндөй болуп эч ким баса албайт, бул чындык. Бирок жолдошум балдарга жакын, балдарды чын ниетинен жакшы көрөт. Аларга жагынайын деп жасалма мамиле кылбайт.
– Тагдыр да, мындан 4 жыл мурун атаңыз менен мурунку жолдошуңуздан удаасынан айрылдыңыз. Албетте, оор сыноо. Өзүңүзгө келүү кыйын болгондур?
– Жашоо сыдыргыга салгандай тегиз болбойт тура. Ысык-суугу, өйдө-төмөнү болот. Башка салганды көтөрдүм. Атамдан айрылганда бир туугандар бири-бирибизге эш, бел болдук. Апамды, атамдын биринчи жубайынан баласы Сардар акебизди тирек туттук. Акыл айтып, жол көрсөтөр экөө болду бизге. Жолдошум каза болгондон кийин үйдөгүлөр мага материалдык да, моралдык да жардам көрсөтүп турушту, азыркыга чейин көрсөтүшөт.
Маркум жолдошум экөөбүз 6 жыл кыз-жигит болуп сүйлөшүп, бири-бирибизди абдан сүйүп баш кошкон элек. 10 жыл чогуу жакшы жашадык. 2 уулдуу болдук. Бирок ажал аны 36 жашында колубуздан сууруп кетти. Улуу балам 15те, кичүүсү жакында 12ге чыгат.
– Бала кездеги психологиялык жаракат... Азыр ушул нерсени көптөр сөз кылып, андан арылууга аракет кылып жатышкандай. Сизде мындай жаракаттын бар экени байкалбайбы?
– Кудай бешенебизге эмнени жазса, ошону көрөбүз. Пенде кээде “ал минтип койгондо бул мындай болот эле” деп кейий берет. Бул дагы тагдыр. Мисалы, эгер атамдын кийин башкага үйлөнүп кетерин билсе, апам балким, ага тиймек эмес. Эгер жолдошум каза болорун билсем, мүмкүн, мен ага турмушка чыкмак эмесмин. Тирүүлүккө каниет кылып, ар бир күнүбүздү жаркырата жашай билишибиз керек экен.
Атама убагында таарынуулар болгон, ызадан ыйлачумун. Анткени атама жакын болчумун, жакшы көрчүмүн. Бирок кийин балдар ата-энесинин турмушуна кийлигишпеши керектигин, алар өз жолу, балдар өз жолу менен жашай турганын билдим. Ошондо таарынычты коё бердим. Апамдын асылдыгы ушунда, бир жолу да “атаңар жаман, бизди таштап кетти” деген жок. “Кандай болгон күндө да ал силердин атаңар, андан кол үзбөшүңөр керек. Ал силердин тирегиңер” дечү бизге.
– Адам адегенде өзүн жакшы таанышы керек дешет. Сиз өзүңүздү кандай сыпаттайт элеңиз?
– Мен өзүмдү сүйгөн, баалап-кадырлаган аялмын. Жакшы тамактанып, кымбат кийимдерди кийгенге, дегеле жакшы жашоого аракет кылам. Өзүн сүйбөгөндү башкалар деле сүйбөйт, кадырлабайт. Андыктан адам алгач өзүн баалап, сүйүшү кажет. Менде кичинемден кылам дегенимди кылган, алам дегенимди алган көктүк, өжөрлүк сапат бар. Кичинемде митаам да болчумун. Жашоодо кандай болсо да алдыга жылууну көксөйм.
– Сахнага чыкканыңызга быйыл канча жыл болду жана бул аралыкта эмнелерге жетиштиңиз?
– Сахнада жүргөнүмө быйыл 19 жыл болду. Алгачкы жолу сахнага 9-классымда чыктым. Ал кезде атам ыраматылык түзгөн “Бешилик”, “Беш айры” топтору популярдуу эле. Алардын бир концертинде 2 миңдей көрүүчүнүн алдында ырдап, абдан толкунданганым эсимде. Концерттерде атам дайыма жанына алып жүрүп, кезегим келгенде мени мактап, даңктап сахнага чыгарчу.
Мектепте окуп жүргөндө эле “кийин ырчы болом” деп кыялданчумун. Кыялымды атама айтсам ал “адам эмнени кааласа, ошону аткарышы керек. Ырчы болгуң келсе, ырчы бол” деп 2 форма тиктирип, 3 ыр жаздырып сахнага алып чыккан. Ошентип мени материалдык жана моралдык жактан колдогон атам жана апам болду. Атам акыркы кездерде мени чоң-чоң маданий иш-чараларга, мааракелерге аралаштырып ырдатып калган. Анан “Супер-Инфо” гезитине алгач интервью бергеним да мага дем, күч-кубат берген. Өзүмө болгон ишенимим жогорулаган.
– “Ырчылардын жашоосу эле жыргал” деп суктангандарга сиз кандай жооп берет элеңиз?
– “Тойлорго барып 2-3 ыр ырдап, 20-30 миң алып кете бересиңер, силерге жыргал” дешет чын эле. Буга толук кошулбайм. Ар бир иштин өзүнө жараша түйшүгү болот. Ырчыларга деле форма тиктирүү, ыр жаздырып, клип тарттыруу, булардан тышкары кыз-келиндерге макияж жасатуу сыяктуу машакаттар бар. Эл алдына канчалык көп чыксак, чыгымыбыз да ошончо көп болот. Анткени көрүүчүнүн алдына баягы 1-2 ыр, эски формалар менен чыга бербейсиң да. Алыс аймакка тойго чакырып калса, чарчап-чаалыгып жол арытып баруу, кайра келүү керек болот. Айтор, жалаң эле жыргал эмес ырчынын жашоосу.
– Сыр болбосо тойлорго "ставкаңыз" канча?
– Ош шаарында жашагандыктан шаарда 200 долларга чыгам. Алыс жактарга чакырса үстүнө кошулат.
– Репертуарыңызда канча ырыңыз бар?
– Башында сөзү атама, обону башкаларга таандык ырларды ырдачумун. Кийин башка ырларды да ырдай баштадым. Мисалы, Сыймык Бейшекеевдин жана Бек Борбиевдин ырларын. Эми жаңы ырларды да жаздырсам деп турам. Репертуарымда учурда 30дан ашык ыр бар.
– Күзгүнүн алдында боёнуп отурууга көп убакыт коротосузбу?
– Атамдын куудул топтору менен гастролдоп жүргөн бир кездерде көп боёнуп калдым. Бир жолу атам “адам Кудай берген келбетине ыраазы болуп жашашы керек” деп урушуп койду. Ошондон кийин жеңил эле боёнууга өткөм. Атам “аялдык касиети кемийт” деп ачык кийинип, чачын жазып жүргөндөрдү жактырчу эмес. Тамеки чеккен эркектерди да жактырчу эмес.
– Бизнесиңиз барбы?
– Убагында базарга чыгып, ар нерсе саткам. Башымдан көп нерсе өттү. Кылбаган жумушум калган жок. Кээде ойлонуп калам, кыйынчылыктын баарына чыдап, көтөргөн күчтүү жан экенмин деп.
– Автоунаа айдай аласызбы?
– Мурун атамдын унаасын уурдай качып айдап калчумун. Өзүм унаалуу болуп, рулда келе жатканыма 5 жыл болуп калды. Алгач айдап жүргөн кездеримде Каныбек акем "жакшы айдай албайсың" деп коркконунан түшө каччу. Кийин такшалып калганымда антпей калды. Азыркы машинам үчүнчүсү.
Канымжан Усупбекова