Туздалган жашылчалар кимге гана жакпайт. Кыштын суугунда кайсы тамак менен болбосун мыкты айкалышкан жашылчаларды арзан кезинде туздап, кийин ырахаттана жегиңиз келсе, төмөнкү рецепттерди сиз үчүн камдадык. Мында эч кимди кайдыгер калтырбаган, классикага айланган туздалган бадыраң, эң даамдуу томат ширесиндеги түстүү капуста жана туздалган ачуу калемпирди жасоо жолдорун үйрөнсөңүз болот.
ТОМАТ ПАСТАСЫНДАГЫ ТҮСТҮҮ КАПУСТА
Керектелүүчү азыктар (2 литр үчүн):
Помидор – 3 килограмм
Түстүү капуста – 1 килограмм
Сабиз – 2 даана
Орточо ачуулуктагы болгар калемпири – 3 даана
Кинза – 2-3 тал
Кара тоголок мурч – 1 чай кашык
Сарымсак – 2 тишче
Йоддолбогон туз – 2 аш кашык
Кумшекер – 1,5 аш кашык
Даярдоо ыкмасы:
1. Помидорду эт туурагычтан өткөрүп, отко коюп кайнатабыз. Кайнаганча жашылчаларды даярдай беребиз.
2. Жашылчаларды тазалап-жууп, түстүү капустаны тутамдарынан ажыратып, оозго салгыдай бөлүктөргө бөлөбүз. Сабиз тегерек, болгар калемпири чоңураак тууралат.
3. Стерилденген банкага кинза, сарымсак салып, үстүнө түстүү капуста менен сабиз, болгар калемпирин аралатып салабыз. Банка толгондо катуу кайнап жаткан сууну үстүнө куябыз. Жарым саатка чейин коёбуз да, суусун төгүп салабыз.
4. Буга чейин отто туруп кайнаган помидорду көзү чоңураак сүзгүч аркылуу чыпкалап томат ширесин чыгарабыз. Сүзгүчкө куйганда суюгу аккан соң калганын дагы аралаштырсаңыз кабыктары гана калат. Алып салабыз да, томат ширесин отко коюп, туз, кумшекерди кошуп кайнатабыз. 5 мүнөт кайнаса жетиштүү.
5. Жашылчалардын суусун төгүп, катуу кайнап жаткан томат ширесин куябыз. Ушул бойдон капкагын жаап салсаңыз болот. Кычкылыраак даам берсин десеңиз, 2 литрге 1 чай кашыкка жетпеген 80 пайыздык уксустан кошуп, анан жапсаңыз да болот. Көмкөрүп, жылуу жаап коёбуз.
Мындай ыкма менен бадыраң, помидордун өзүн, капуста, кабакча, болгар калемпирин да жапсаңыз болот. Помидордун ширесине каныккан даамдуу болот, томат ширесин да ичип, тамактарга кошуп жесеңиз болот.
АЧУУ КАЛЕМПИРДИ ТУЗДОО
Керектелүүчү азыктар (1 литрлик 2 банка үчүн):
Орточо ачуулуктагы же ачуу калемпир – 1 килограмм
Өсүмдүк майы – 250 грамм
Уксус (6-9%) – 200-250 грамм
Суу – 1 литр
Кара тоголок мурч – 1 аш кашык
Сарымсак – 8 тишче
Йоддолбогон туз – 1 аш кашык
Кумшекер – 3-4 аш кашык
Даярдоо ыкмасы:
1. Калемпирди жууп, мурутун кыскартып кесебиз.
2. Сууга туз, кумшекер жана тоголок мурчту салып, кайноого жеткиребиз. Кайнаганда өсүмдүк майын, уксус жана тазаланган сарымсакты кошуп, кайра кайнатабыз. Эми үстүнө ачуу калемпирлерди салып, кайнаган соң отту өтө жайлатып, мискейдин капкагын 5 мүнөткө жаба турабыз.
3. Калемпирлерди абайлап 2 банкага бөлүп салып, үстүнө ысык маринадды куюп, капкагын бекитебиз. Көмкөрүп коёбуз.
Мындай маринаддалган калемпирлерди бардык тамакка кошуп жегенге болот. Айрыкча палоонун түрлөрүнө, пицца жасоодо, ар кандай коюу, суюк тамактардын даамын арттыра алат.
Кышкыга камдалган жашылчаларыбыз даяр!
КЛАССИКАГА АЙЛАНГАН ТУЗДАЛГАН БАДЫРАҢ
Керектелүүчү азыктар (3 литр үчүн):
Бадыраң – 2-2,5 килограмм
Орточо ачуулуктагы болгар калемпири – 2 даана
Сарымсак – 3-4 тишче
Гүлдөгөн укроп – 2-3 даана
Лавр жалбырагы – 3 даана
Тоголок кара мурч – 1 чай кашык
Уксус (80%) – 1 чай кашык
Кумшекер – 1 аш кашык
Йоддолбогон туз – 2,5 же 3 аш кашык
Даярдоо ыкмасы:
1. Бадыраңды жакшы жууп, эки башын кесип, муздак сууга 2-3 саатка чылап коюңуз. Бул кээ бир бадыраңдын башындагы ачуу даамды чыгарууга жардам берет. Ошондой эле эки башын кеспей да туздоого мүмкүн, болгону эки башы кесилсе бадыраңга маринад жакшы сиңет.
2. Калган азыктарды да тазалап, жууйбуз. Бууланган кургак банкаларга алгач гүлдөгөн укроп сабагын, сарымсак, кара мурч, лавр жалбырагын салып, үстүнө бадыраңдарды тикесинен ныктаганча салабыз. Болгар калемпирин да салып, кайнап жаткан сууну куябыз. Темир капкагын бекитпестен жаап, жарым саатка коёбуз.
3. Жарым сааттан соң суусун мискейге куюп алабыз. Ал эми бадыраңга башка кайнак суу куюп, 20-25 мүнөт коюп төгүп салабыз. Ага чейин мискейдеги сууну отко коюп, туз, кумшекер салып аралаштырабыз. Ушул жактан тузун татып көрүп, каалооңузга жараша туз кошсоңуз болот. Отко коюп кайнатабыз да, кайрадан банкага куюп, уксусту акырында кошуп, капкагын бекитебиз. Жылуу жерге көмкөрүп коюу керек. Муздаган соң кышкыга салкын жерге коюп сактай бериңиз.
Асел Ишенбай кызы