Айгүл Эсеналиева, 54 жашта: “ҮЙДӨ 5 АДАМ ЖАШАСАК, ҮЧӨӨБҮЗ МАЙЫППЫЗ”  

Өзүн Айгүл Эсеналиева деп тааныштырган мекендешибиз мындан 10 жыл мурун кызын унаа сүзүп кетип оорукчан болуп калганын, ошондон бери адилеттик таппай келатканын айтат. “Кеч болсо да аларды сотко берүүгө аргасызмын” дейт каарманыбыз. 

“Кызымды унаа сүзүп кеткенин угузушту”

– Аты-жөнүм Айгүл Эсеналиева, жашым 54тө, Бишкектин четиндеги Нуркожо-Ата конушунда жашайм. Үй кожейкесимин. Эки кыз, бир уулум бар. Кыздарым 19 жана 14 жашта, уулум Мухамадали 10 жашта. 3 балабыздын экөөсүнүн майыптыгы бар. Жолдошум Мирбек Жузубеков үйдө балдарды карашып, убактылуу иштебейт.

Улуу кызым Фатима кандайча оорукчан болуп калган? Мындан 10 жыл мурун Арча-Бешик конушунда жашачубуз, Фатима анда 9 жашта эле. 2015-жылдын 10-апрелинде эртең менен Арча-Бешиктеги медресеге бара жатканда жолдун жөө жүргүнчүлөр өтүүчү тилкесинен унаа сүзүп кеткен. Сүзгөн адам Арча-Бешикте жашачу, Мерседес унаасы менен сүзүп кетиптир. Үйдө болчумун, саат 9дарда медресенин мугалимдери үйгө келип, кызымды унаа сүзүп кеткенин, аны ооруканага алып кетишкенин айтышты. Жүрөгүм оозума тыгылып, калтырап-титиреп жолдошума телефон чалдым. Ал ошол кезде "Дордой" базарында араба түртүп иштечү. “Мага жаңы эле бир аял чалып, "кызыңызды жолдон сүзүп кеттик. Ооруканага алып барып операцияга киргиздик, келип калыңыз" деп айтты. Ооруканга баратам” деди жолдошум. 

“Айдоочу тормозду кеч басып калдым дептир”

– Кичүү балам 7 айлык, берки кызым 3 жашта болгондуктан аларды таштап  ооруканага бара албай калдым. Жолдошум Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна барса, медресенин директору менен 3-4 мугалими туруптур. МАИ кызматкери да жүргөн экен. Аңгыча колдору калтыраган 50 жаштардагы эркек киши келип жодошума “мени кечирип коюңуз. Кызыңызды сүзүп алдым. Бир жакка шашып бара жаткан элем, “зебрадан” өтүп бараткан кыздарды кеч көрүп, тормозду кеч басып калдым. Ошол маалда өзүмдү жоготуп койдум. Милицияга, сотко бербесеңиз” дептир.

Ал кишинин жанындагы 15 жаштагы бала жолдошума “мен кырсык болгон жерде болчумун. Айдоочу унаасын айдап качып кетейин деди эле, мен салондон сууруп түштүм. Анан медресенин директору, мугалимдери болуп кызды салып ооруканага жөнөгөн тигилердин артынан   келдик” дептир. Жолдошум шашылып кызды көрөйүн деп ооруканага кирсе Фатима операцияда экен. 

“Кийимдери, бети-башы кан экен”

– Арадан 30 мүнөт өткөндөн кийин жолдошума чалган аял кызымды колтуктап, жетелеп чыгат. Фатиманын кийимдери, рюкзагы, бети-башы бүт кан, өңү боппоз экен. Атасы кучактап ыйлап жиберсе аны тааныбай коёт. Тиги аял медресенин мугалимдери болуп кызыбызды алып, биздин үйгө жөнөшөт. МАИ кызматкери кызымды сүзүп кеткен айдоочу менен кошо жолдошумду салып наркологиялык диспансерге кетет. Тигинин унаасы шаардык МАИнин айып аянтына ага чейин киргизилип калган экен. Сыягы МАИ кызматкерлерин кырсыктын күбөлөрү чакырган окшойт. 

“Кызым мени тааныбай койду”

– Кызымды үйгө алып келишкенде мени көрүп кыйкырып ыйлады. Кийимин чечсем сол тарабынын баары көк ала тактар. 30 мүнөт өтпөй кусуп баштады. Ушул аралыкта шок абалдан, оорутуудан бир ооз сөз сүйлөй алган жок. Жолдошум келип, балдар ооруканасына алып кетишти. Кызымды жаткырышат. Сүзүп кеткен эркектин аялы кызымды 1 күн, 1 түн жанында карап жатат. Врачтар Фатиманын баш мээси чайкалганын, маңдайындагы чоң гематома Эне жана баланы коргоо улуттук борборунан эле алынганын айтып,  дарылай башташат. Атасы карап 1 апта жатты. Кызымды көрөйүн деп барганымда кызым кыйналып жатыптыр, мени тааныбай койду. Ошондо көрдүм, кызымдын чекесине 5 сантиметрдей тигиш салынганын.  

“Сотко бербегиле деп жалынышты”

– Сүзүп кеткен эркек, аялы, туугандары менен үйгө 2-3 жолу келип “сотко бербегиле” деп жалынып-жалбарышты. Шал оорусунан жабыркаган баласы бар экен, аны кошо алып келишип “ушуну үчүн да кечиргиле” дей беришти. “Фатима айыгып кеткиче дары-дармек жана башка чыгымдарын төлөйбүз. Унаабызды айып аянтчасынан чыгарып кеткенге жардам бергиле” деп суранышты. Биз алардын сөзүнө ишенип, жолдошум керектүү кагазга кол коюп берип, машинасын чыгарып кетишти. Анан 1-2 жолу келишти да, ошо менен качып келбей коюшту. Биз аларга ишенип сотко берген жокпуз, биздин катачылык ушул болуп калды. Сөздөрүнө турбай бизди алдап кетишкендикен, эми кеч болсо да сотко бергени турабыз. 

“Чыгымдар 1 миллион сомдон ашып кетти”

– Кызым ошондон кийин оорукчан болуп калды. Врачтар 2-топтогу майыптыкка чыгарышкан. Ал эми идопатиялык талма оорусу деген диагнозду врачтар 2021-жылы коюшту жана бул ошол кырсыктын айынан жаралганын айтышты. Талмадан тышкары кызымда деменциянын белгилери бар. Унутчаак болуп бара жатат. "Түндө көзүмө ар нерсе көрүнүп, кулагыма үндөр угулуп жатат" деп даттанат. Кыйкырат, ыйлайт.

Денесинин сол тарабы дайыма ооруйт. Учурда 19 жашта, өзүн жалгыз үйгө таштай албайбыз. Анткени талмасы күтпөгөн жерден кармап, турган жеринен кулап түшөт. Бир жакка да өзүн жибере албайбыз. Фобия болуп калган, жолдон өтө албай коркот. Жалаң дары менен жашап калды, учурда күнүгө 3 дары ичет. Катуу кыйналганда ооруканага алып барабыз. 2015-жылдан бери дарылатканга, компьютердик томографияга тарттырганга, анализдерине деп отуруп чыгым 1 миллион сомдон ашып кетти. Жолдошум экөөбүз тапкан-ташыганыбыздын көбүн ушул кызга жумшап жатабыз.

“Балам аутист”

– Балабыз Мухамадали 9 жашка чейин сүйлөгөн жок. 4 жашында логопедге алып барсак “балаңар нормалдуу” деп койгон. Мектепке барууга убагы келгенде текшертсек, “аутизм” диагнозун коюшту. 9 жашынан тарта аз-аздан сүйлөй баштады. Бирок чулдурап сүйлөгөндүктөн сөзүн түшүнүү кыйын. “Ата”, “апа”, “жейм”, “ичем” деген сыяктуу 1 сөздөн турган айрым сөздөрдү гана айта алат. Акыл-эси артта калды. Дааратканага өзү бара албайт. Өзүбүз жуундуруп, тамак ичиребиз. Кыскасы, толук биздин  карообузга муктаж.  

“Түркиялык врачтарга көрсөтсөк дейбиз”

– Жолдошум да оорукчан. Каражат жетишсиздигинен дарылана албай жүрөт. Менде астма, жогорку кан басым оорулары бар, 2-топтогу майыпмын. Ошентип бир үйдө 5 адам жашасак, үчөөбүз оорукчанбыз. Быйыл 8-класска барчу кичүү кызым чоң жардамчы болууда бизге. Ата-энем, бир тууган, тууган-туушкандарым да жок. Жолдошумдун бир туугандары өз жашоолору менен. Фатиманы жана уулубузду түркиялык невролог врачтарга көрсөтүп, дарылатууну максат кылып жатабыз. Мүмкүн, кайрымдуу элдин жардамы менен кызыбыздын талма оорусу калып, уулубуз өзүн-өзү тейлөөгө жетишип калар.  

 

 

Жардам берүү үчүн реквизиттер:

(МБанк) +996 507 073535

 

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1184, 22-28-август, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан