КОЙ
(21.03–20.04)
Калыпка салынган күн тартибиңизге өзгөрүүлөр кирет. Жумушта да, үйдө да милдеттериңиз көбөйүп, иш тартибин графикке сала албай убара тартасыз. Сүйүүдө жагымдуу окуялар орун алат, анан да араздашып жүргөн түгөйлөрдүн жарашуусу күтүлөт. Негизи эле кой жылдызында төрөлгөндөр үчүн сентябрь айы романтикалык маанайда өтмөкчү. Келечекке бекем пайдубал куруу үчүн тобокелчиликке барып, чоң долбоорго катышууңуз керектелет. Жумуш издегендер аптада ийгиликке жетишет.
БУКАЧАР
(21.04–20.05)
Профессионалдык ишмердүүлүгүңүздө көптөн күткөн тынчтыкка жана туруктуулукка жетишесиз. Эмне кылса ийгиликке жетсе болот, эмне кылбаш керектигин иш тажрыйбаңыз менен ажыратып билген деңгээлдесиз. Бойдоктор жеке жашоодогу үй-бүлөлүк статусун өзгөртүп, сүйүктүүсүнүн колун сураса жакшы убакыт. Ал эми түгөйү жокторго убактысын түгөй издөөгө эмес, сүйүү мамилесинен эмне күткөнүн, аны ишке ашыруу мүмкүнбү сыяктуу суроолорго жооп издөө сунушталат.
ЭГИЗДЕР
(21.05–21.06)
Чыңалган нерв, натыйжада стресс абалында болосуз. Мындай абалдан чыгуу үчүн физикалык активдүүлүк же спорт менен машыгуу жакшы жардам берет. Чыгармачыл жааттагы адамдар карьерасынан жогору секирик жасашы мүмкүн. Шашылыш чечим чыгарып кымбат нерсе сатып алуудан качыңыз. Ата-энелер балдарына тиешелүү маселелерди чечүү менен алек болушат. Ал эми бойдокторду жаңы таанышуулар күтөт, бирок таанышуунун аягы романтикалык багытка бурулбайт.
БӨЙӨН
(22.06–22.07)
Жумушуңузда прогресс күтүлөт. Жасаган ишиңизден сабак алып, үйрөнчү нерселерди эске тутуп калыңыз. Билим жаатындагылар үчүн апта жеңил өтмөкчү, ойго салган маселе жаралбайт. Жеке жашоодо жакындарыңыздын колдоосуна, түшүнүүсүнө муктаж кылган жагдайга туш болосуз. Эмоционалдык фон туруксуз болгондуктан “шопоголик” сапатыңыз ойгонуп, кереги бар да, жок да сатып алууларды жасашыңыз мүмкүн. Дем алыш күндөрү көңүлүңүзгө туура келген адам менен жолугасыз.
АРСТАН
(23.07–23.08)
План түзүп, маалымат алуу аптасы. Жумушка, үй тиричиликке байланыштуу иштерди алдын ала пландап алсаңыз, баарына жетишесиз. Айланаңыздагылардын сөздөрүнө кулак сала жүрүңүз, уккан маалыматтан жаңы идеялар жаралышы мүмкүн. Шаршемби, бейшемби күндөрү документке кол коюп калсаңыз, шарттарын жакшылап окуп чыгыңыз, айрым жерлерде укугуңуз корголбой калышы ыктымал. Дем алыш күндөрдү адреналин менен активдүү өткөрүү каалоосу жаралат.
БИЙКЕЧ
(24.08–23.09)
Аптанын башында түшүндүрүү иштеринде маселе жаралышы ыктымал. Андыктан сизге бекем аргумент жана чыдамкайлык талап кылынат, кызуу кандуулукка алдырбоо керек. Финансы жаатында бир аз маселе жаралып, достордун жардамына муктаж болосуз. Жакын адамдын чакан кечесине чакыруу аласыз. Кыялга жетүү үчүн аракет кылуу убактысы келди. Убактыңызды жана энергияңызды үй-бүлөңүзгө да бөлө билиңиз, алардын позитивдүү маанайы сизге энергия тартуулайт.
ТАРАЗА
(24.09–23.10)
Туугандардын же достордун ортосундагы араздашууга аралашууга аргасыз болосуз. Сизден объективдүүлүк талап кылынат. Сиз үчүн эмне маанилүү жана эмне баалуу экенин анализдөө убактысы. Жумушта профессионалдык көндүмдөрүңүздү жогорулатып, мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтишиңиз керек, эски программа менен кете бергенде өсүү болбойт. Ден соолук жаатында нерв системасын тынчтандыруучу аракеттерди жасоо сунушталат. Бардык оорунун башаты – стресс экенин унутпаңыз.
ЧАЯН
(24.10–22.11)
Өнөктөшүңүз менен буга чейин болуп көрбөгөндөй гармонияга келесиз. Алдыга бирге максат коюп, кыялдануу ортодогу аралыкты жакындатат. Жумушта жетекчиликтин тапшырмасын аткарууда сизден лидерлик сапат талап кылынат. Оюңузду, идеяларды тартынбай ортого салыңыз. Окууга, тажрыйба арттырууга чакыруу алсаңыз ойлонбой макул болушуңуз керек. Ден соолук чың болуш үчүн жаман адаттардан баш тартуу керек. Аптанын аягында бейтааныш адам менен талаш жаралышы ыктымал.
ЖААЧЫ
(23.11–21.12)
Жашооңузда өзгөрүү орун алчу мезгил. Эски мамилелердин көпүрөсү чайпалып, катылган чындыктар ачыкка чыгышы ыктымал. Мүнөзүңүздөгү “өрттүк” менен баарын өрттөп салбай сабыр кылыңыз. Аптанын экинчи жарымында эмоциялар тынч алып, маселени тунук акыл менен караганга мүмкүн болот. Бойдок жаачылар үчүн күз айынын башталышы романтикага бай болот, жалгыздар түгөйлүү адамдардын катарына кошулушу ыктымал. Өзүңүзгө жаккан адамдардын жанында болуңуз.
ТЕКЕЧЕР
(22.12–20.01)
Аптада өз идеяларыңызды ишке ашыруунун күрөшүнө түшөсүз. Бул мезгилдин оң тарабы – чындап эле чындыкка жетип, эмне кылуу керек экенин түшүнөсүз. Кемчилиги – убактыңыз, энергияңыз кетет. Башка бирөөнө ыңгайлуу болом деп, өз сезимдериңизди тебелеп албаңыз. Үй-бүлөңүз менен да күрөшүүнүн кереги жок, кыйын кезеңде алар сизге дайыма тыл болорун эстен чыгарбаңыз. Аптанын аягы жагымдуу кабар менен коштолот. Үй-бүлөдө жакшылык орун алмакчы.
СУУ КУЯР
(21.01–19.02)
Майда-чүйдөгө кайгырып, санааркай бербеңиз, баары өз орду менен болот. Жаңы таанышуулар орун алып, чөйрөңүз пайдалуу адамдар менен толукталмакчы. Жумушта сиз күткөн жыйынтык орун алат, бирок ага жетүү үчүн көп эмгек, убакыт коротосуз. Эски дос эстен кетпейт дегендей, көптөн бери убакыт бөлбөй келген досторуңуз менен жолугасыз. Жакындарыңызга камкордук жасоо максаты менен каржылык коромжуга учурайсыз. Апта аягында баарынан жашынып калгыңыз келет.
БАЛЫК
(20.02–20.03)
Тымпыйып жашынып отурбай, тескерисинче, мен-мен деп алдыга чыгып, иштөөчү убакыт келди. Сентябрь сизден эмгекчилдикти, ишмердүүлүктү талап кылат. Чала тааныш адамдан өзүңүз тууралуу маалымат угуп таң каласыз. Махабат талаасында “эскилерге” көңүл тартып, сагыныч сезими жаралып, мамилени жанданткыңыз келет. Аптанын аягы буга чейин артка жылдырып келген иштерди бүтүрүүгө ыңгайлуу. Анан да базарга барып үйгө керектүүлөрдү алышыңыз күтүлөт.