Эне болууга кош бойлуу боло элек кезден баштап психологиялык жактан даярдануу зарыл. Дагы бир кичинекей адамга өмүр тартуулоо, аны чоңойтуу, өстүрүү, дүйнө менен тааныштыруу каалоосу күч болуп, ошону менен бирге өзүңдүн көнүмүш жашоо образыңды өзгөртүүгө, энеликтин белгисиз, бирок бардык кыйынчылыктарын моюнга алууга даярдык болсун дешет психологдор...
Эми жалгыз эмессиң...
Өзгөчө биринчи ирет жана кокустан, пландалбастан боюнда болуп калган айымдарда кооптонуу, тынчсыздануу сезими жаралат. Анткени бир тартипте өтүп жаткан жашоосунда олуттуу өзгөрүүлөр орун алышы мүмкүн. Пландап койгон долбоорлору токтоп, же жакшы жумуштан кетүүгө туура келет, же келбетиндеги өзгөрүүлөргө даяр эмес. Же дагы башка толтура себептер болушу мүмкүн... Мындай абалга кептелгенде эмне кылуу керек?
Кош бойлуу айымда айрыкча курсактагы түйүлдүк биринчи ирет кыймылдагандан баштап “эми мен жалгыз эмесмин” деген сезим жаралат. Психологияда бул сезим "эне-бала диадасы" (байланышы) деп аталат да, күндөн күнгө ал диаданын ортосундагы көзгө көрүнбөгөн, бирок эне-баланы бириктирген нерсе бекемделе берет. Эне-балага гана тиешелүү сыйкыр окуя жаңы барактан башталат. Эне баласынын кыймылын, эмне жагып, эмне жакпай турганын, активдүүлүгүн, өсүп жатканынын баарын сезет. Ошол эле учурда бала да эненин маанайын: кайгырганын, тынчсызданганын, сүйүнгөнүн сезет. Энеси сүйүнсө сүйүнүп, капаланса кошо тынчсызданганга өтөт. Ортолорунда күчтүү эмоционалдык, психологиялык байланыш түзүлөт. Ал байланыш өмүр бою калат. Андыктан кош бойлуулук маселе эмес, сыйкыр экенин билүү, сезүү керемет нерсе.
Гаптономия
Албетте, айымдын эне болуусуна көндүрүүдө анын жолдошунун ролу чоң. Үй-бүлө кургандан баштап түгөйлөр качан балалуу болуу керектигин чогуу кеңешип чечип алгандары жакшы. Ошого жараша келечекке план түзүп алган оң. Аялдын боюна бүткөндөн кийин ата да баласы менен байланыш түзө алат. Бул байланыш психология илиминде гаптономия деп аталат. Аялдын курсагын сылап-сыйпоо, кучактоо, түйүлдүк менен сүйлөшүү, ырдап берүү, күлүү... Бул майда, бирок позитивдүү адаттардын баарын түйүлдүк сезет, атасынын үнүн, анын күлкүсүн, ырдаганын таанып калат. Ортолорунда эмоционалдык байланыш түзүлөт. Анан бала өзүнө чоочун дүйнөгө келгенде ага чейин көнүп калган ата-энесин негизги коргоочу катары кабыл алат. Алардан чочуркабайт. Биринчи тили да “апа” же “ата” деп чыгат, мунун баары баланын ата-энесине болгон ишениминен, сүйүүсүнөн улам.
Жардам эмес, милдет!
Аялдар төрөттөн кийин депрессияга кабылган сыяктуу, айрым аталар да жашоосундагы мындай күтүүсүз өзгөрүүлөргө туруштук бере албай депрессияга түшүшү мүмкүн. Бул өзгөрүүлөр үйдөгү финансылык коромжунун көбөйүшүнө, аялдын туруксуз эмоционалдык абалына, анын өзгөргөн келбетине, үйдөгү тынчтыгы жок, уйку чала болгон чөйрөгө көнбөгөндөн улам болушу мүмкүн. Мындай себептер көп эмеспи. Ошондуктан бала төрөлө электе жубайлар балалуу болуунун күнгөй-тескейин сүйлөшүп, финансылык абалды түздөп жана башка кыйынчылыктарды бирге көтөрө алгандай абалда болгондо гана балалуу болуу алдынкы планга чыкканы туура.
Ата “бала төрөлгөндөн кийин аялыма багууга ЖАРДАМ БЕРЕМ” дегени туура эмес. Жардамды үйдөгү башка адамдар (чоң эне, чоң ата, эже-агалары) бере алат. Ата болсо балага эне сыяктуу эле 50 пайыз жоопкерчиликтүү адам. Андыктан балага болгон камкордукту жардам эмес, милдет катары кабыл алганы жакшы. Дүйнөгө жаңы адамдын келиши, анын бутка турушу оңой-олтоң процесс эмес. Көп түйшүк, нерв коройт. Бирок ал кыйын күндөр менен аркалаш баланын жыпар жыты, таттуу кылыгы, чарчаганды турушу менен эле жазып койгон аруулугу, бардык нерсени биринчи жолу жасап көргөндөгү эмоциялар сыяктуу керемет күндөр менен коштолорун унутпаңыз.
“Экөөбүз...”
Аялдын коркпой бала төрөшүнө жолдошунун түздөн-түз таасири чоң. Аялга сөз менен да, иш менен да колдоо керек. Күйөөсүнүн камкордугу, колдоосу, сүйүүсү, күчтүү ийини аялдагы коркуу сезимин жоготот, келечекке ишеним берет. Өзү да жолдошун сүйүнтүү, бактылуу кылуу аракетин көрүп баштайт, ал аракеттердин бири – бала төрөө. Психикалык, физикалык жактан канчалык оор болсо да, сүйгөн адамынын тукумун улагысы келет. Анткени аялда эркегине болгон “жалгыз эмес, экөөбүз...” деген чоң ишеними болот.
Баланы пландагандан төрөлгөнгө, анан торолгонго чейин ата-эне биргеликте иш алып барганы жакшы. Бала багуу тууралуу китептерди чогуу окуп, врачтарга чогуу барып, кинолорду чогуу көрүп, кийим-кечени чогуу тандап, баланы туура эмизүү процессин, туура кийинтүү, жуунтуудан бери майда-чүйдөсүнө чейин ата-эне чогуу үйрөнгөнү, кийин чогуу аткарганы жакшы.
“Оорутуудан корком!”
Көпчүлүк айымдар төрөт учурундагы оорутуу процессин уккандан кийин төрөгүсү келбей калат. Денесинин ооруганын көтөрө албачудай сезет. Бул мыйзам ченемдүү эле көрүнүш. Ал үчүн аялды күнөөлөөнүн, “элдин баары өлбөй эле төрөп жатат” деп урушуунун кереги жок. Бул учурда жакшы, тажрыйбалуу, сылык-сыпаа сүйлөгөн акушер-гинеколог менен кеңешүү керек. Ал аялга катардагы адам түшүндүрө албаган нюанстарды медициналык тил менен айтып берет. Анан да психологго кайрылып, коркуу сезимин жеңгенге аракет кылса да болот.
Мыкты адис
Ооба, баланы төрөөдөн мурун өз ишин мыкты билген акушер-гинеколог менен иш алып барган туура. Жолдошу менен балалуу болууну пландаган соң врачка баруу керек. Ал болочок ата-эненин ден соолугун текшерет, кандай анализдер керектигин жазып берет. Аялдын организминде жетишсиз витаминдерди толуктайт, көйгөйлөр болсо андан арылуу көрсөтмөлөрүн берет. Бойго бүткөндөн төрөгөнгө чейин көзөмөлгө алып, бардыгы туура өнүгүп жатабы карап турат. Бала пландоо, курсакта көтөрүү аз эмес убакытты алат. Бул учурда эне врачына көнүп, ишенип, анын жетекчилиги астында төрөөгө психологиялык жактан даяр болуп калат.
“Мен жакшы эне боло албайм...”
Айрым кыздарда “мен жакшы эне боло албайм...” деген да ойлор болот. Андыктан төрөгүсү келбейт. Буга түрдүү жагдайлар себеп болушу мүмкүн, балким, өзү чоңойгон үй-бүлөсүндөгү көйгөйлөр психологиялык жаракат болуп көкүрөгүндө калган. Ал кызда эне деген кандай болушу керетиги тууралуу базалык көндүм жок болушу мүмкүн жана башка. Мындай кыздарга кеңеш: “мен жакшы эне боло албайм” деп ой жүгүртүүнүн өзү сиздин энелик боорукердигиңизден кабар берет. Сизге болгону убакыт, даярдык жана жаныңызда туура адам болушу зарыл.
Асыл Орозбекова