ОҢОЮ МЕНЕН АЙЫКПАЙ ТУРГАН ИРИҢДҮҮ ЖАРАНЫ БИЛЕСИЗБИ?

“Трофикалык жара мурун көбүнчө улгайгандарда кездешсе, учурда жаштар да ооруп жатышат. Адатта буттун балтырында пайда болуп, убагында дарыланбаса өтүшүп кетет да, жылдап  дарыланууга туура келет. Айыкпай коюп бутун кестиргендер көп”  дейт Улуттук госпиталдын кан тамырлар бөлүмүнүн жетекчиси Таалайбек Байсакеев. Макалада ушул илдет тууралуу айтып беребиз. 

 

Айыкпай адамды жүдөтөт, майып кылат

Трофика – байыркы латын сөзү, кыргызча “азыктануу” дегенди билдирет. Медицинада трофика организмдин клетка жана ткандарынын иштеши, азыктануусу, өсүүсү жана көбөйүүсүнүн жалпы процесси деп түшүндүрүлөт.

Трофикалык жара – бул  тери жана тери астындагы клетчаткада кездешчү, 6 аптадан да узакка айыкпоочу ачык ириңдүү жара. Көбүнчө буттун балтырында, таманда, кызыл ашыкта кездешет. Бут санга чейин көнөктөй шишип, адам баса албай кыйналат. Дарт орточо 70 пайыз өнөкөт варикоз, 14 пайыз жогорку кан басым жана атеросклероз, 10 пайыз кант диабетинен, калганы башка себептерден келип чыгат. Жаралар оңою менен айыкпайт жана айыкты делгенден кийин деле кайра жаңыра берери менен коркунучтуу. Дарылануу көп каражатты, убакытты, мээнетти талап кылып, адамды абдан жүдөтөт.   Айыктырууга мүмкүн болбогон кезде дененин жара баскан жери чирип, мисалы, бут кесилип, адам майып болуп калышы мүмкүн.

Дартка чалдыккандардын орточо 50 пайызы 10 жыл, андан көп убакыт азап чегет. 30 пайызында жара айыгып, бирок кайра эле жаңыра берет. 1 курс дарылануу азыркы учурда 130-170 миң сомго чейинки каражатты талап кылат. Жара тереңдеп сөөккө чейин жетиши мүмкүн. 

Келип чыгуу себептери булар:

• Буттагы варикоз, тромбофлебит оорусу. Тромбофлебит – венанын керегесинин сезгенип, ошол жерде уюган кандын пайда болушу. Тромб – байыркы грек сөзү, бизче “тоголок”, “уюп катып калган” дегенди билдирет. Варикоз – вена кан тамырынын кеңейип кетиши. Ал бутта көп учурайт. Венанын кайсы бир бөлүгү сезгенүүдөн улам кеңейип, серпилгичтигин жоготуп, түйүндөр жаралат. Кеңейген жеринде уюган кан пайда болот. Аталган 2 ооруда бейтаптардын көбү  убагында врачтарга көрүнүп дарыланышпайт же өз алдынча ар кандй дары майларды майлап жүрө берип убакытты өткөрүшөт. Тромбдун өлчөмү чоңоё берип, кандын жолун жарым-жартылай же толук бүтөп калат да, венанын басымы чоңоёт. Кандын курамындагы сары суулар чогулуп, акырындан бут жоон санга чейин шишип баштайт. Тери алдындагы клетчаткаларда, вена, капиллярдык кан тамырларда кан алмашуу начарлайт. Теринин ткандарында жаңылануу процесси бузулат да, клеткалар өлө баштап, жараны пайда кылат. Өлгөн ткандар чирип, ириңди жаратат. Жараны бир нерсеге катуу уруп алганда же кычыштыргандан улам тырмаганда жара ачылып, ириңи агат. Ал жерге бактериялар кирип, абалды тереңдетет. Ириңдүү жаранын айланасындагы ткандар да сезгенип, анын үстүнө кан менен жакшы жабдылбай калгандан да өлүп, чирип, жаранын көлөмү чоңоё баштайт. Ошентип айыктырууга кыйын трофикалык жара дарты жаралат. Жаранын бетиндеги тери чирип жоголгондон жаранын бети ачык калат. Андыктан таңуулар улам булганып, аларды улам алмаштырууга туура келет. Ириңдер канга өтсө гангрена башталат. Демек, адам өмүрүнө олуттуу коркунуч жаралат. Андыктан жараны гангренага жеткирбей, кээде жара чыккан органды кесип салууга туура келет.

• Артериалдык кан тамырлардын атеросклероз дарты. Мында аталган кан тамырлардын капталдарына май түйдөкчөлөрү туруп калып, кандын жолун жарым жартылай же толук бүтөп калат. Артериалдык кан алмашуу бузулат. Андан аркы процесс жогоркудай эле уланат.

• Артериалдык гипертензия (жогорку кан басым). Дартта майда артериялар сезгене берип, аларда спазм жаралат, кан алмашуу начарлайт. Сезгенген жердин терисинин ткандары өлө баштап, жара пайда болот.

• Кант диабети. Адатта диабетикалык ангиопатия жана нейропатия дартынын өтүшүп кетишинен жаралат.

• Жаракаттар. Кан тамырдагы тромб бар жерди тытып, катуу нерсеге чийдирип, уруп же ысык нерсеге күйгүзүп алгандан да жара пайда болот.

• Тери оорулары. Буларга дерматит, экзема сыяктуулар кирет.

• Рак.

• Лимфа кан тамырларынын оорулары.

 

Дарттын алгачкы белгилери

• Алгач жара чыга турган жердин терисинин өңү өзгөрүп, көк-боз так пайда болот. Оорутат, кычыштырат, сайыштырат. Анан жара жаралып, көлөмү чоңоё баштайт.

• Буттун шишип, ооруганынан кыймылдап басуунун кыйындашы же биротоло баса албай калуу.

• Уйкунун бузулушу, чыйрыгуу, тарамыштардын карышып калышы.

• Ириңдеген жердин гангренага айланышы. 

Диагноз үчүн кан тамырлардын ангиографиясы керек

Диагноз коюу үчүн кан тамыр хирургу, эндокринолог, дерматологдун текшерип көрүүсү керектелет.

• Вена жана артерия кан тамырларын УЗИден, ангиограф аппаратынан өткөрүү.

• Жаранын бетинен кырып алып, кырындыны лабораториялык текшерүүдөн өткөртүү.

• Кандын курамындагы канттын өлчөмүн аныктатуу жана башка.

 

Дарылоодо лазер жана операция керектелет

Дарылоо текшерилүүлөрдүн жыйынтыгына карап, оору эмнеден жаралганын тактап, ал маселени четтетүүдөн башталат.

• Физиотерапия;

• Жаранын тегерегиндеги теринин азыктануусун жакшыртуу үчүн инфузиондук терапия;

• Жаранын бетин эластикалык таңуу менен ороо;

• Гемосорбция – атайын ыкма менен кандан ууларды (өлгөн, чириген ткандардан пайда болгон зыяндуу заттарды) чыгаруу.

• Лазер аппаратын, ультрафиолет нурларын колдонуп дарылоо.

Лазер менен вена кан тамырларына таасир эткенде кандын илешкээктиги азайып, жаранын айланасындагы кандын агышы жакшырат. Анын үстүнө лазер оорутууну азайтып, жаранын өлчөмүн кичирейтет. Айрым учурда лазер менен консервативдүү дарылоону айкалыштыруу аркылуу операцияга жеткирбей калууга мүмкүн.

• Эндовазалдык лазердик коагуляция. Мында жара жердеги сезгенген венаны “күйгүзөт”. Жара батыраак айыгат. Бул ыкма адатта ооруну өтүштүрбөй дарыгерге эрте кайрылгандарга колдонулат.

• Операция. Эч нерсе жардам бербейт делген учурда операция жасалып, жара баскан орган кесилет. Туура эмес дарылаганда сезгенген жерде залалдуу рактын (саркома) же жалпак клеткалуу рактын жаралуу коркунучу бар.

• Диета. Ачуу, ышталган, туздалган азыктарды жегенге болбойт! Сабиз, помидор, капуста, жемиштер, сүт, сыр, балыкты көп колдонуу сунушталат жана башка. 

 

Жара кайра жаңырбашы үчүн...

• Жумушту аздан жасап, жайдан басуу.

• Атайын таңууларды, байпактарды колдонуу.

• Мончо, саунага барбоо.

• Камыр жана таттуу тамактарды болушунча азайтуу.

• Убагында врачка текшерилип туруу жана башка.

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1185, 29-август-4-сентябрь, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан