Том Круздун “Аткарылбас тапшырмасы” аяктады

Том Круздун карьерасында сериалга айланган “Аткарылбас тапшырма” (“Миссия невыполнима”) франшизасынын биринчи бөлүмүнө кийинки жылы 30 жыл толот экен. Бул убакыт аралыгында тасманын 8 бөлүмү тартылды. 2025-жылы чыкканы “Аткарылбас тапшырма: Акыркы эсеп” деп аталып, франшизанын аягына чыкканынан кабар берет. Камера сыртындагы кызыктар тасма таржымалы рубрикабызда.

Тарткан өлкө: АКШ

Чыккан жылы: 2025-жыл, май

Жанры: боевик

Режиссёру жана сценаристи: Кристофер Маккуорри

Узактыгы: 169 мүнөт

Бюджети: 400 миллион доллар

Топтогон каражаты: 594 миллион доллар

Башкы ролдордо: Том Круз, Винг Рэймс, Саймон Пегг, Хейли Этвелл, Эсай Моралес, Генри Черни жана башка

 

Сюжети

Тасманын башкы каарманы, албетте, Том Круз ойногон агент Итан Хант. Ал эми сюжети 2023-жылы чыккан 7-бөлүмдүн уландысы. Анда жасалма интеллект (ИИ) адамзатын жоготуу максатын көздөп, Итан Хант ага каршы турат эмеспи. Акыркы бөлүмдө да Итан Ханттын адамзатын сактоо миссиясына күбө болобуз да, агент менен ушуну менен коштошобуз.

“Том Круз – баарына даяр жалгыз актёр”

Эми тартуу иштерине келсек. Франшизанын акыркы 4 бөлүмүн тарткан режиссёр, сценарист Кристофер Маккуорри менен продюсерлик милдетти да аткарган Том Круз акыркы бөлүмдү тартуу тууралуу сүйлөшүүдө “эмне кылабыз?” деген суроону ортого салышкан. Экөөнөн тең бирдей жооп: “кооптуу трюктарды жасайбыз”.

“Аткарылбас тапшырма” франшизасында дээрлик бардык трюктар чындык, өзгөчө Том Круз өзүнө тиешелүү трюктардын баарын өзү аткарганга аракет кылат. Франшизанын оператору Фрейзер Таггарт: “Том Круз баарына даяр болгон дүйнөдөгү жалгыз актёр”-, деген. Актёрдун “Аткарылбас тапшырма” үчүн эмне жасаганын кыскача тизмектеп өтөлү:

 * Дүйнөдөгү эң бийик имарат деп саналган Бурж-Халифанын айнек, жылмакай боорунан сыйгаланып түшкөн.

* А400 аскер учагынын бортунда абада асылып турган.

* Бийик аскадан мотоцикл менен секирип кеткен эпизодду да өзү аткарган.

* Актёрдо коммерциялык учкучтун лицензиясы бар. Бул лицензияны алуу оңой болгон эмес.

* Тасманын бир бөлүмүндө ал тик учакты башкарышы керек эле. Кантип айдоону үйрөнүш керек дегенде “7 күн 8 сааттан окусаңыз, машыксаңыз 3 айда үйрөнүүгө болот” дешкен, анда актёр “калган 16 саатты да кошсокчу?” деп сураган. Бир жарым айдан кийин Том Круз тик учак башкарууга даяр болгон.

 * Ал тарыхта Ардактуу деңиз авиатору деген наамга ээ 36 адамдын бири..

* Круздун каарманы жыгылып кетпеш үчүн бипландын канатына жабышып, кайра көтөрүлүп кеткен эпизодду TikTok’тогу бир видеодон көрүп, шыктанып, тасмага коштурган. Бул эпизод 2.4 чакырым бийиктикте, саатына 250 чакырым соккон шамалда тартылган. Бул кооптуу трюкту да Круз өзү аткарган.

* Күйүп жаткан парашюттан эң көп секирген (16 дубль) адам катары Том Круз “Гиннесстин рекорддор китебине” кирген.

* Суунун алдында тартылган сценаларда актёр кийген атайын формалар 10 мүнөткө гана ылайык болчу. Бирок тартуу процесси созулуп кетип, суунун алдында абасы түгөнсө да Том тартуу иштерин уланта берген. Режиссёр көрөрманга суунун алдында да экшн кошуу максатында сыныктар толгон конструкцияда баш каарман айланган эпизодду кошкон. Бул эпизодду тартуу эле оор болбостон, актёрдун коопсуздугун камсыздоо да бир кыйла кыйынчылык жараткан.

Кыйынчылыктар

Айрым сынчылар тасманын акыркы 3 саатка созулган бөлүмүндө Том Круздун трюктарына көбүрөөк көңүл бурулуп, сюжеттин, башка каармандардын убактысын кыскартып койгонун айтып чыгышты. Ошол эле учурда 80 пайыз кино сынчылар жана көрүүчүлөрдүн жогорку баасына арзыды. Трюктардын оордугуна кинону көрүп жатып күбө болобуз. Азыр ошол трюктарды аткарууда кезиккен кыйынчылыктардын бирине токтололу. Том Круз учактан секирген, атышкан эпизод бар. Бул эпизод ушунчалык кооптуу болгондуктан көптөгөн өлкөлөр өз аймагында тартууга уруксат бербей коюшкан. Кайда тартабыз деген суроо жаралып, “Форсаж”, “007” сыяктуу тасмалар тартылбаган өлкө издешкен.

Алардын идеясын Жаңы Зеландиянын башчылары колдоп, “калктуу пункттардан алыс жерде атышкыла. Анан учакта тартылчу аймактын өзү кооптуу. Эгер мөңгүлөргө бир нерсе болуп кырсык катталса, силерди эч ким таппай калат. Түбөлүк ошол жерде каласыңар. Үстүңөрдөн учуп барып гана табличка ыргытып коюшат” дешкен.

Мындай кооптуу эпизоддор жүздөп саналат. Ар бир кадрды тартарда Том Круз менен Кристофер Маккуорри “көрүшкөнчө же жок...” деп алдын ала коштошорун күлүп эскеришет.

Тартуу процесси

Бир нече мамлекетте тартылган. Арасында Улуу Британия, Мальта, Түштүк Африка, Норвегия да бар. 8-бөлүмдү тартуу 2022-жылы эле башталган. 2023-жылы токтоп калган, анткени АКШда Киноактёрлор гильдиясында төңкөрүш орун алган эле. 2024-жылдын башында тартуу кайрадан жанданып, жыл ичинде бүткөн. Бирок башталып, ортодо үзгүлтүккө учурап, кайра жанданган тартуу иштеринен улам да тасманын бюджети 400 миллион долларга чыгып кеткен. Прокатта 594 миллион доллар топтоду. “Аткарылбас тапшырма” франшизасында прокаттан эң көп каражат топтогон 6-бөлүм болуп эсептелет – 791 миллион доллар.

Актёрдук курам

Компьютердик графиканын жардамы жок, өзүнүн “фирменный” каскадёрлук трюктары менен чыккан 62 жаштагы Том Круздан сырткары “Аткарылбас тапшырма: Акыркы эсептен” башка тааныш жүздөрдү да көрөбүз: Генри Черни, Саймон Пегг, Хейли Этвелл, Шей Уигем, Пом Клементьефф, Эсай Моралес жана башкалар.

 

Асыл Орозбекова

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1185, 29-август-4-сентябрь, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан