Атасынын атын өчүрбөө үчүн өнөр дүйнөсүнө аралашкан белгилүү дастанчы, обончу Бурул Стамкулова менен маектештик. Чыгармачылыкка абдан берилген мындай адамдар аз болуш керек, өнөргө мамилеси өзгөчө экенин байкадым. Анын “Бир Аллах”, “Кел-кел” сыяктуу салмактуу чыгармалары кантип жаралган? Залкар жазуучу Төлөгөн Касымбековду таасирленткен окуя качан, кайда болгон? Суроолорго маектен жооп табасыз, окурман.
– Саламатсызбы, Бурул эже? Айтылуу Аксыдан болот экенсиз. “... Айтышарга теңи жок” деп Жеңижок атабыз жердеген өрөөндөн көп өнөрлүүлөр чыккан эмеспи. Сиздин өнөр жолуңуздун башаты тууралуу билгим келди...
– Саламатчылык. Туура айтасыз, Аксыдан Жеңижоктон кийин комузчу Ниязалы чыккан. Тарыхтын атасы болгон Төлөгөн Касымбеков, Жунай Мавляновдор өнөргө салым кошкон инсандар. Андан кийинки муундан атам Ысак Стамкулов чыккан. Биз, мен, Гүлбү Орозкул кызы, Гүлжигит Сатыбеков бир айылдан болобуз. Аздыр-көптүр өнөрүбүздү элге тартуулап жүрөбүз. Сиз айткандай, туулган жердин касиети болот эмеспи.
– Демек, сизге талант атаңыздан өтүптүр да?
– Ооба, атам Ысак Стамкулов обончу, комузчу, төкмө акын болгон. 49 жашында жол кырсыгынан каза болуп калган, жарыктык. Мен анда 7-класстын окуучусу элем. Кыргыз радиосунун “Алтын фондунда” атамдын ырлары бар. Ырларын көп ырчылар ырдап жүрүшөт. Өкүнүчтүүсү – атамды досунун баласы унаасы менен сүзүп кетип, көп жыл катташпай жүрдү. Кийин 2011-жылы гана келишти.
– Сиздин чыгармачылык чыйыр кантип башталды?
– Күтүүсүздөн башталды. Кесибим боюнча мугалиммин, бирок атамдын аты унутулуп баратканынан кесибимди таштап, чыгармачылыкка баш урдум. Ал киши каза болгондо алты баласынын улуусу студент, калганы жаш элек. Бир жылдары комуз изилдөөчү Асан Кайбылдаев деген киши атамдын чыгармачылыгын изилдейм деп борбордон түштүк тарапка барат. “Ысак Стамкуловдун “Канкулунун кер толгоо” деген күүсүн изилдеп келдим, күүлөр боюнча китеп жазып жаттым эле” дейт. Анда биз жактан бирөөлөр “ал кишинин каза болгонуна көп болду, кыздары турмушка чыгып кетсе керек. Кемпири бардыр, бирок ал эмнени айтып бере алат” дешиптир. Ошол бир ооз сөздөн кийин ал киши бизге жолукпай кайра кетип калыптыр. Муну угуп алып мен Бишкекке келип, ал кишини таптым. Окуя мага катуу таасир берди, “изилдебесем атамдын чыгармачылыгы унутулуп калбасын” деп өнөргө аттанып чыктым.
– Кесибиңизди алмаштыруу оор болдубу?
– Оор болду. Атамдын жолун улантам десем, көптөр “кыз бала эмнени кыйратмак эле” дегендей мамиле кылышты. Эмгек китепчемди бербей коюшкандыктан беш жыл ишсиз калдым. КТРКдан, радиолордон атамдын чыгармаларын издеп таап, топтоп жүрдүм. Атамдын ырлары элдик ырларга айланып кеткен экен, өзүм комуз менен аткара баштадым. Бир тууган эжелеримдин жардамы менен ырларын жандандырып баштадык, башка ырчылар да ырдай башташты.
– Роза Аманова ырдап жүргөн “Аттиң ай, ата-эне кадырын ким билет?” деген ырдын обону сиздики деп уктум...
– Ооба, обону меники, Роза Аманова сурап ырдап чыккан. Угарман ким аткарса ошонуку деп ойлоп калат экен да, ал обонду Роза Аманованыкы деп ойлоп жүргөндөр бар. Ырды өзүм да аткарып “Арноо концертинде” эфирден берилип турчу. Кийин Роза ырдап, анан популярдуу болуп кетти. Азыр ошол ыр Түркияда эки тилге которулуп ырдалып жатат. Түрк тилинде жана азербайжан тилинде. Мен 3 жылдан бери эл аралык “Санат” фестивалына катышып келем. Ал жерде өзүмдүн жана атамдын элдик ырларын ырдайм. Атамдын атын кыргыз элине эле эмес, жалпы түрк дүйнөсүнө тааныткым келди.
– Жакшы обондоруңуз бар экен, бул жаатта атайын окугансызбы?
– Жок, окуган эмесмин. Атамдан генетика аркылуу өткөн талант менен обон жаратып келем. Атам деле математик болгон, бирок өнөрлүү эле. 1989-жылы обончулар сынагына катышып 1-даражадагы дипломго ээ болгом. Ошондо Рыспай Абдыкадыров жакшы бир кеп айткан. “Эй, баарыңар мени ээрчип аккордеонго обон жазып калдыңар. Комузга обонду бир гана Бурул Стамкулова жазыптыр, акылыңар болсо комузга обон жазгыла, келечек ушулардыкы” деген эле. Таң калтырган нерсе – обончулардын сынагына катышкандар жалаң эркектер экен, аялдардан жалгыз мен болчумун (күлүп). “Аялдар обон жаза алышпайбы?” деп ойлонгонум эсимде. Өзүмдү ушуга чейин обончумун деп айта албайм, азыркылар бир обон чиймелесе эле жарнамасы укмуш болуп кетет эмеспи. Мен анте албадым. Жеңил-желпи обондорду жазып көрдүм, өзүмө такыр жакпайт.
– Дастанчылык ааламына эмнеден улам кайрылып калгансыз?
– Залкар жазуучубуз Төлөгөн Касымбековдун “Кел-кел” чыгармасына обон жазгам. Аны Роза Аманова ырдап бериптир. Төлөгөн абам таң калып, “обонун ким жазды?” деп сураса, “өзүңүздүн карындашыңыз” дептир. Ошентип жолубуз кесилишип калды. Мен Төлөгөн абама жолукканда Бакыт Карагулов деген режиссёр жанында экен, көрсө, “Сынган кылыч” тарыхый романын кино кылып тарталы деп сунуш түшүптүр. Казакстандан да сунуш түшкөн экен. Төлөгөн Касымбеков “Сынган кылычты” кыргыз эли тасма кылып тартмайынча башка өлкөгө бербейм” деди. “Кел-келге” кошуп Арстанбек Буйлаш уулунун “Арстанбектин керээзи” деген дастанын Төлөгөн абага ырдап бердим. Ошондо ал ыйлады. Жаш элем да, “эмнеге ыйлады экен бул киши?” деп ойлоп койгом. Маңдайымда ыйлап жатат, көрүп турам, сурай албайм десең.
...Баатыр өлсө не калар,
Маңдайлашкан жоо калар.
Чечен өлсө не калар да,
Таңдайлашкан доо калар.
Акын өлсө не калар,
Жазылбаган ыр калар.
Ачылбаган ыр калар да,
Чечилбеген сыр калар...
деген саптары бар эле. Ушуга ыйлады окшойт. Төлөгөн аба мен Бишкекке келген сайын чакыртып, үч эле ырды ырдап беришимди сурайт эле. Биринчиси – Арстанбек Буйлаш уулунун керээзин суранчу. Экинчиси – Жеңижок атабыздын “Бир Аллах” деген ырын суранчу. Муну биз Изат Айдаркулова, мен, Нурзат Айдаркулова болуп ырдап жүрбөйбүзбү. Анан акырында “Кел-кел” ырын ырдатат эле. Башка ырды укканын көрбөдүм.
– Атамдын атын өчүрбөшүм керек деген максатыңыз канчалык деңгээлде орундалды?
– Колумдан келген бардык нерсени кылдым. Борбордук көчөгө атамдын атын ыйгардык. Музейи ачылды. Атамдын ырларын ырчылар ырдап жүрүшөт. Түркиядагы эл аралык фестивалга ырдап, атамдын ырларын башка тилдерге котортуп жатам. Мага карата “уул дей берет экенбиз, көрсө, кыз деле атанын атын чыгарат турбайбы?” дегендерин угуп калам. Бир кезде “кыздын колунан эмне келет?” деген сөз намысыма тийген, кыз деле оңой эмес экенин далилдедик окшойт. Буга менин эле эмес, бир туугандарымдын да салымы бар.
– Жеңижок атабыздын ырын жаңылап ырдап чыгыпсыздар, көңүлүм бурулду, идея кимге таандык?
– Бир кезде акындын ырларына сынак уюштурулган, анын шарты боюнча Жеңижоктун эл арасында тарабаган ырларына обон чыгарып ырдоо керек эле. Катышкандардын көбү “Балам жок” деген ырын аткарышты. Мен “Бир Аллах” деген ырын ырдап чыкканымда калыстар тобу аябай жактырды. Анткени 20га жакын адам “Балам жокту” аткарышты да. Калыстар тобунда айтылуу Тууганбай Абдиев да отурду эле, “өнөр адамы ушинтип издениши керек, Жеңижоктун чыгармаларын окуш керек” деп мага экинчи орунду ыйгарышкан. Кийин жалгыз ырдаса жакшы болбой калат окшойт деп үч кыз чогуу ырдап чыктык. Терең ырларга илешип калсаң, жеңил-желпи ырларга эч көкүрөк толбой калат экен. Эми “Санат” фестивалында “Мен кыргыздын кызымын” деген ырды аткаруу керек болуп, буюртма алгам. Ошого эки жылдан бери изденип, обон жаратып келе жатам. Жыйынтыгын эми көрөбүз.
– Өнөргө башын сайган адамдын кадимки турмуш-тиричилиги кандай болду экен?
– Менин кирешем чыгармачылыктан эмес. Чыгармачылык – жан дүйнөмдүн каалоосу гана. Ошондуктан эч бир баага байланбай чыгарма жаратам.
– Маегиңизге рахмат, сизге ийгилик каалайбыз!
Нуржамал Жийдебаева