15 күндөн бери көңүл борборунда турган окуяга чекит коюлду. Жаракат алган спортчуну куткарууга мүмкүн болгон жок.
Акыркы аракет...
27-августта УКМК билдирүү жасап, Кыргызстандын Жеңиш чокусунда орусиялык альпинист Наталья Наговицына калган жерден тирүүлүктүн белгиси табылбаганын жарыялады. УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин тапшырмасы менен альпинистти издөөгө атайын аскердик дрон учурулганы айтылды.
– Жогорку тактыктагы жабдуулары бар учкучсуз учуучу аппараттардын жардамы менен альпинист турган жерди абадан видеого тартуу иштери жүргүзүлдү. Аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө, анын ичинде катуу шамалга карабастан тепловизордун жардамы менен кадрларды алууга мүмкүн болгон. Аба ырайынын экстремалдык шарттарын жана жайгашкан жеринин өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен альпинисттин турган жеринен жашоонун белгилери табылган жок,- деп айтылат маалыматта.
ИИМ: Турфирманын жоопкерчилиги каралат
27-августта Ички иштер министрлиги альпинисттин окуясы боюнча комментарий берип, териштирүү жүрүп жатканын маалымдады. Аталган чокуга чыгууну ишке ашырган туристтик компанияга юридикалык баа бериле турганын эскертти.
Катаал 2 апта...
12-август күнү Наталья Наговицына Жеңиш чокусуна чыгуу сапары учурунда 7200 метр бийиктикте оор жаракат алып, бутун сындырып алган. Аны куткарууга аракет кылган италиялык альпинист каза болгону жарыяланды. Кырсыктан кийинки күндөрү Наговицына учурулган дрондорго кол булгап, кабар билдирип жаткан. 16-августта куткаруу иштерине барган Коргоо министрлигине караштуу Ми-8 тик учагы аба ырайынын татаалдыгынан кырсыкка учурады. Экипаж мүчөлөрү жаракат алып, алар Караколго жеткирилишти. Мындан кийин өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Наговицынага куткаруучулар тобу жөнөтүлгөнүн билдирип, алар ага 24-августта жетип барышарын белгилеген. Бирок куткаруучулар тобунун жетекчисинин абалы начарлагандан улам топ 23-августта артка кайтты. 24-августта альпинистти куткарууга дагы бир тик учак жөнөтүлүп, бирок аба ырайы көздөгөн жерге жетүүгө мүмкүндүк берген жок. 25-августта Орусиянын Альпинизм федерациясы Наговицына турган жерге дрон учуруларын, эгер анын тирүү экени билинсе, куткаруу иши улантыларын билдирди. 27-августта Жеңиш чокусуна аталган турду уюштурган “Ак-Сай Трэвел” компаниясы да билдирүү жасап, куткаруу аракетинен майнап чыкпаганын ырастады.
Күйөөсү да чокуда калган...
Наталья Наговицына 47 жашта болчу. Наговицына бул чокуга “Ак илбирс” ардактуу төш белгисин алууну көздөп бет алганын анын курбусу билдирди. Кызыгы, Наговицынанын жолдошу да альпинист болгон. Ал Хан-Теңир чокусуна сапарында кырсыктап каза болгон.