Кыймылсыз мүлккө салык төлөө мөөнөтү 1-сентябрда аяктайт

Кыймылсыз мүлк салыгын төлөө мөөнөтү 1-сентябрда аяктайт. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти. Маалым болгондой, салык өз убагында төлөнбөсө, ар бир кечиктирилген күн үчүн 0,09 пайыз өлчөмүндө айып пул салынат.

Январь-август айларында турак жайлардан же имараттардан түшкөн салыктын суммасы 19,4 миллион сомду түзгөн. Ал эми үй жанындагы, короо-жай жанындагы жана бак-чарба жер тилкелеринен 12,5 миллион сом салык түшкөнү айтылат.

Эске салсак, жарандар өздөрүнүн электрондук кабинеттерин текшерип, эсептелген сумма менен таанышып, 1-сентябрга чейин төмөнкү салыктарды төлөшү керек: Турак үйлөргө, батирлерге салык жана үй жанындагы, короо-жай жанындагы жана бак-чарба жер тилкелерине салык. Быйыл төлөнө турган салыктын суммасы жөнүндө маалымат салык төлөөчүнүн кабинетине жиберилди. Салыкты төлөө төлөм кодун же QR-кодун түзүү жолу менен жүргүзүлөт.

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1185, 29-август-4-сентябрь, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан