Жантөрө Мирзалиев, балбан: “АТА-ЭНЕМДИН СЫЙМЫКТАНЫШЫ – МЕН ҮЧҮН АЛТЫН МЕДАЛДАН ДА КЫМБАТ”

Кыргыз спорту жаңы ысымдар менен толукталууда. Алардын бири – 20 жаштагы Жантөрө Мирзалиев. Ал жакында Болгарияда өткөн күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунда алтын медаль утуп, кыргыз желегин бийик желбиретти. Буга чейин Азия чемпиондугунда биринчи орунду багынткан жаш балбан аз убакыттын ичинде чоң ийгиликти багынтып, спорт күйөрмандарынын көңүлүн бура алды. Учурда анын башкы максаты – Олимпиада оюндарында чемпион болуу.

 

Анкета

Толук аты-жөнү – Мирзалиев Жантөрө Мирланович

Туулган жылы, күнү – 2005-жыл, 8-март

Бою – 174 сантиметр

Салмагы – 67 килограмм

Жактырган тамагы – куурдак

Үлгү туткан спортчусу – Акжол Махмудов жана Жоламан Шаршенбеков

Сүйүктүү фильми – сүйүү жана согуш тууралуу тасмаларды жактырат

Максаты – Олимпиада оюндарында чемпион болуу

– Жантөрө мырза, жеңиш кут болсун! Алтын медалды утуунун артында чоң мээнет жатканы ырас...  

– Чоң рахмат. Албетте, бул медаль үчүн көп убакыт даярдандык. Жеңиш оңой болгон жок. Ушуга чейинки мээнетибиз акталды десем болот. Машыктыруучуларымдын тажрыйбасы менен колдоосу болбосо билбейм, кандай болмок. Ал эми мээнет, кыйынчылыктар жөнүндө айта турган болсок, эми жашоо ошонусу менен кызык да.

– Ар бир атаандаштын күчтүү жана алсыз жактары бар. Сиз үчүн эң оор беттеш кайсы болду?

– Акыркы мелдеш жөнүндө айтсам, Дүйнөлүк чемпиондукка жөнөкөй адам барбайт. Ар бир өлкөдөн тандалган гана спортчулар барат эмеспи, андыктан ар бир беттештин өзүнүн оордугу бар. Ал эми өзгөчө таймаш – Орусия жана Ирандын балбандары менен болгон беттеш болду. Адашпасам, орус балбаны менен мындан бир ай мурун Түркияда финалда беттешип, тилекке каршы, ал жактан уттуруп койгон элем. Анан бул жолу агайларым менен биргеликте ыкмаларды иликтеп, бир топ даярдыктарды көргөнбүз. Ошол нерсе жемишин берди.

– Күрөш алдында сизге негизинен эмнелер мотивация берет?

– Үмүт жана максаттарым. Ата-энемдин, машыктыруучуларымдын, анан албетте, дүйнөлүк аренага чыгып жаткан соң элимдин үмүтү көкүрөктө турат. Бүтүндөй өлкөнүн атынан беттешке чыгуу абдан чоң жоопкерчилик.

– Азия чемпиондугунда дагы алтын медаль уткансыз. Салыштырмалуу ал турнир менен Дүйнө чемпиондугунун айырмасы эмнеде болду?

– Экөөнүн ортосунда аябай эле чоң айырма бар. Азия чемпиондугуна ошол чөлкөмдөгү эле спортчулар катышкандыктан, ал жакта салыштырмалуу бир аз жеңилирээк. Ал эми Дүйнө чемпиондугунун сүрү да башкача, ал жакта таптакыр башка деңгээл. Албетте, буйрук экен, эки чемпиондуктан тең алтын медаль тагындык. Бирок жеңүүчү аталып, медалды тагып жаткан учурдагы сезимдер окшош эле болот. Анткени кандай болгон күндө дагы ар бир мелдештин, жеңиштин аркасында айлап, жылдап машыккан эмгек жатат.

– Спортто ийгиликке жетүү үчүн күч жана ыкмаларды мыкты өздөштүрүүдөн тышкары эмнелер маанилүү деп эсептейсиз?

– Тартип. Анан ата-энени, устаттарды уга билүү керек. Ата-эне эч качан сага жамандык каалабайт, дайым алдыга сүрөйт жакшы болсо экен деп. Агайлар жөнүндө айтсам, алардын эмгеги дайым аренанын, башкача айтканда, көшөгө артында болот эмеспи. Алар да сени алдыга чыкса экен деп үмүт кылышат, сүрөшөт. Сени спортчу катары гана эмес, адам катары дагы тарбиялашат. Эгерде салыштырып карай турган болсок, скульптор же өндүрүүчү ар дайым өзүнүн жасап жаткан ишин 100 пайыз толук көзөмөлгө ала алышат. Анткени алар жансыз нерсе менен иштеп жатышат, а адам баласы андай эмес да. Ар бирибиздин ар башка кыялыбыз, кулк-мүнөзүбүз бар. Ага чыдап, туура мамиле кылып, биздеги кичинекей потенциалды көрө билип, аны өстүрүү – бул өтө оор процесс, чоң эмгек. Агайларыма дайым рахмат айтып келем.

– Сиздин машыктыруучуларыңыз, командаңыз тууралуу да айтып өтсөңүз?

– Бул жеңиште алардын салымы абдан чоң. Биздин сборлорду уюштуруп, даярдыктарыбызды кылдаттык менен текшерип, кези келгенде керектүү витаминдерибизге чейин алып келип берип карашты. Команданын өзүнүн бул жеңишке болгон салымын айта турган болсом, өздөрү бул чемпиондукка барбаса дагы, мени жалгыз калтырбай, чогуу машыгып, чогуу чуркап, салмак таштоомдо дагы жанымда болушту.

– Инсан катары спорттон башка эмнелерге кызыгасыз? Бош убактыңызда эмне менен алектенесиз, мисалы?

– Негизи бизде бош убакыт деле көп боло бербейт. Ошондуктан ар бир бош убактымды китеп окуу, сейилдөө же үй-бүлөм менен чогуу өткөргөнгө аракет кылам. Жакындарым менен өткөргөн ар бир мүнөт мен үчүн абдан маанилүү жана баалуу.

– Кыргызстанда грек-рим күрөшүнүн деңгээли жөнүндө ой-пикириңиз кандай? Өзүңүз теңдүү жаштарга кандай кеңеш берет элеңиз?

– Бизде азыр күрөштүн деңгээли абдан жакшы десем болот. Акжол жана Жоламан агаларыбыз кыргызды дүйнөлүк аренага чыгарып таанытып коюшпадыбы. Мурун биздин балбандарыбыздан коркмок түгүл, таанышчу эмес да. Азыр болсо таанып-билип, Кыргызстандан барган спортчу дегенде кадимкидей көңүл бурушат.

– Кийинки максаттарыңыз кандай? Башкысы – Олимпиада оюндарына катышуу болуш керек?

– Албетте, бул ар бир спортчунун кыялы болуш керек. Олимпиадада мен кыйын деген өлкөлөрдөн барган дүйнөлүк спорттун эң кыйындары чогулган мелдешке катышуунун өзү чоң сыймык. Анан ал жактан дагы алтын медаль тагынууну кыялданып, максат коюп жатабыз. Буюрса, анын да убактысы келер.

– Сиз үчүн “чемпион” деген статустун таасири кандай?

– Мен үчүн чемпион – бул биринчи кезекте өзүн жеңген адам. Өзүнүн жалкоолугун жеңип, жыгылганда тура алган, жеңилүүнү татыктуу кабыл ала билген, жеңилүүдөн кийин сынып, жатып калбай андан ары жолун уланта алган адам.

– Ата-энеңиз жана жакындарыңыз сиздин жеңишке кандайча реакция кылышты?

– Алар менден өтүп сүйүнүштү окшойт. Алардын көздөрүндөгү сыймык, кубаныч, мен үчүн алтын медалдан дагы ашкан чоң сыйлык болду.

– Күрөш аркылуу жаштарга кандай үлгү болууну каалайсыз?

– Тарых барактарында атым ийгиликтерим менен жазылып, жаштар үчүн, келечектеги өзүмдүн балдарым үчүн үлгү жана үмүт болсо экен дейм.

 

Асел Нурбекова

 

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1185, 29-август-4-сентябрь, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан