КОЙ
(21.03–20.04)
Аптанын башында “билеги бар бирди жыгат, билими бар миңди жыгат” деген накыл кепти туура багытта иштеткенге аракет кылыңыз. Жумушта шашылыш активдүүлүк жасап ката кетирип алышыңыз мүмкүн. Башкалардын ийгилиги сизде терс эмоцияларды жаратышы ыктымал. Жумушка караганда үй тиричилигинде көзгө көрүнөрлүк иш кыласыз. Достор менен чогулушуңуз күтүлөт. Бойдок мырзалар алгач кыжырына тийген айымга жолугушат, бара-бара кыжырдануу сүйүүгө жетерин унутпаңыз.
БУКАЧАР
(21.04–20.05)
Кыска аралыкка сапарга чыгуу сизге энергия тартуулайт, жашоого башкача көз караш менен карап каласыз. Түгөйүңүз тарапка биринчи кадам таштап, көңүлүн алганга аракет кылыңыз, жообу көп күттүрбөйт. Туугандар арасында ымыркай төрөлүп кубанычтуу кабар аласыз. Балдары барлар пландалбаган нерселерге акча коротуп, бир аз финансылык тартыштыкка учурашы ыктымал. Техникалык жабдыктар, электр тогу менен иш алып барууда сак болуңуз, жаракат алуу коркунучу бар.
ЭГИЗДЕР
(21.05–21.06)
Ийгиликтүү апта күтүлөт. Максаттарыңызга өзүңүз ойлогондон да кыска жол менен жетүүгө мүмкүнчүлүктөр жаралат. Өзгөчө бейшемби, жума күндөрү жумушта бир топ алдыга жылыш болмокчу. Күтүлбөгөн, чакыруусуз үйүңүзгө бастырып келген конокторду кыртышыңыз сүйбөй, маанайыңыз түшүүсү мүмкүн. Аптанын экинчи жарымында пайда болгон “күйөрмандардан” сак болуу керек, ал адам жеңил-желпи ой менен мамиле түзгүсү келиши мүмкүн. Эс алуу күндөрү үй-бүлөңүздүн кашында болосуз.
БӨЙӨН
(22.06–22.07)
Ак эмгек менен жасаган ишиңиздин акыбети кайтып, чөнтөгүңүз да калыңдап, ошону менен бирге айланаңыздагылардын аброюна ээ болосуз. Үй-бүлөдө тынчтык жана туруктуулук өкүм сүрөт. Түгөйүңүздү кызганып же болбосо майда нерседен ортодо чыр чыгышы күтүлөт, эмоцияны көзөмөлдөй билиңиз. Ден соолуктун саламаттыгы өзүңүздөн көз каранды экенин унутпаңыз. Чөйрөңүздө сиз качып, оолактап жүргөн адам кайрадан пайда болуп, тынчыңызды алышы мүмкүн.
АРСТАН
(23.07–23.08)
Оюңуздагы нерсени ичке катпай, жакындар менен бөлүшүңүз, жеңилдеп каласыз. Улуулардан кеңеш албасаңыз, ичтеги ойлор агрессияга айланып, күнөөсү жок адамга “жарылып” алышыңыз мүмкүн. Негизи эле бул аптада сизден лидерлик сапат күтүлбөйт, тескерисинче, тынч, сабырдуу адамга айланганыңыз туура. Айлык акыңыз көбөйүп же кошумча каржы булагы табылышы ыктымал. Эндокриндик системасында көйгөйлөрү бар адамдар профилактикалык иш-чараларды жасаганы туура.
БИЙКЕЧ
(24.08–23.09)
Аптанын басымдуу бөлүгү сиз үчүн жагымдуу маанайда өтөт. Өз оюңузду ачык айтып, идеяларыңызды ишке ашырганга мүмкүнчүлүк аласыз. Болгону шейшемби күнү олуттуу иштерди колго албоо сунушталат. Анан да документ иштеринде так болбосоңуз, юридикалык маселелер жаралышы ыктымал. Интернет шылуундарынын тузагына түшүп калуу коркунучу бар, “акча котор” деген сунуштардан жаа бою качыңыз. Дем алыш күндөрү жакындарыңыздын сүйүүсүнө, мээримине муктаж болосуз.
ТАРАЗА
(24.09–23.10)
Башкалардын кызыкчылыгы алдынкы планга чыгып, өзүңүздүн иштериңиз артка жылат. Мунун айынан же ишке, же үй жумуштарына жетишпей, жеме угушуңуз мүмкүн. Өз оюңузду, көз карашыңызды коргой билиңиз. Түшүңүзгө аян кирип, жакшы жышаана орун алышы күтүлөт. Көптөн бери келе жаткан таарыныч жазылып, кайрадан достук мамилени жандантууга кызыкдар болосуз. Келечекке койгон максатыңыз менен бөлүшсөңүз, жакындардын колдоосуна ээ болосуз.
ЧАЯН
(24.10–22.11)
Бул күндөрү эргүү сизди ар тараптан курчап жүрөт. Мурда жасоодон качып, артка жылдырып келген иштерди да оңой бүтүрөсүз. Пайдалуу адамдар менен жолугушуп, келечекке план түзүшүңүз мүмкүн. Достордун кимиси сизге энергия тартуулайт да, кимиси ал энергияны бөксөртө турганын байкайсыз. Жумушта сизге атаандаштык жетишпей турат, атаандаш пайда болсо тоону томкорчу күчкө ээ болосуз. Бойдоктор жаңы мамиле түзүүгө ашыкпай, эскилерине жоон чекит койгонго аракет кылганы оң.
ЖААЧЫ
(23.11–21.12)
Аптанын биринчи жарымында бир катар кыйынчылыктар чыгат жолуңуздан. Ал кыйынчылыктарды сынак катары кабыл алып, өзүңүздүн бардык потенциалыңызды колдонгонго аракет кылыңыз. Шаршемби күнү кызыгуу жараткан, ошол эле учурда тобокелчиликти талап кылган сунуш аласыз. Материалдык абалыңыз жакшырып, көтөрүңкү маанайда болосуз. Аптанын экинчи жарымында романтикалык жашоо алдынкы планга чыгат. Дем алыш күндөрү көңүлдүү өтүшү күтүлүүдө.
ТЕКЕЧЕР
(22.12–20.01)
Профессионалдык гана жаатта эмес, тууган-урук, жоро-жолдоштор менен мамилени оңдоого, бекемдөөгө мүмкүнчүлүктөр жаралат. Позитивдүү маанайда жүрүп, жакындарыңызга белек, сюрприз тартуулагыңыз келет. Канча коромжу кылсаңыз, ошончо пайда таап финансылык абалыңызда туруктуулук сакталат. Сөөк-омуртка оорулары козголушу мүмкүн, оор жумуш, кескин кыймыл-аракет жасоодон сак болуп, жылуу кийинип жүрүңүз. Апта соңу үй тиричилиги менен алек болосуз.
СУУ КУЯР
(21.01–19.02)
Мурда бүтпөй калган иштер ушул аптада өзү тууралуу кабар берет. Күнүмдүк иш план түзө билиңиз, болбосо эч нерсеге жетишпей каласыз. Бейшемби же жума жакшы жаңылык угасыз, бул жаңылык акча каражатына байланыштуу болушу мүмкүн. Эч ким менен конфликтке барбай, кошоматчы адамдардан алыс болуңуз, алардын капканына түшүп жаманатты болуп каласыз. Аптанын аягында сиздин жардамыңызга кайрылгандар чыгат, колуңуздан келсе кол сунуңуз.
БАЛЫК
(20.02–20.03)
Дүйшөмбү, шейшембиде жашооңузга аз да болсо өзгөрүү кириши күтүлөт. Жумушунан тажап жүргөндөр да бул күндөрү жаңы иш табуу чечимине келет. Планда жок нерсени сатып албаш үчүн базарга же дүкөнгө баратканда жаныңызга ашыкча акча албоо сунушталат. Түгөйүңүз менен “сен мени түшүнбөйсүң, колдобойсуң” сыяктуу майда маселенин аягы чоң чырга айланышы мүмкүн, сабырдуу болуңуз. Апта аягы көңүлдүү маанайда өтөт, жан дүйнөңүзгө жакын адамдар менен бирге болосуз.