Мажит Бөрүбаев, ырчы: “БОЙ КӨТӨРҮП, ӨЗҮМ ТЕҢДҮҮЛӨРДҮ ТЕҢСИНБЕЙ...”

Сахнадан алыстап, эл көзүнө көп көрүнбөй калган чыгармачыл адамдардын бири – таланттуу Бөрүбаевдер династиясынын өкүлү ырчы Мажит Бөрүбаев. Ал көпчүлүккө кичине кезинен таанылып, негедир кийин сахнадан оолактап кетти. Мунун себеби эмнеде? Учурда эмне менен алек? Мажит мырза өзү айтып берсин.    

 

“Апам дудук бала төрөгөнмүнбү деп коркуптур”

– 7 айлык болуп төрөлүп, ооруканада 2 ай вакуумда жаткан экенмин. Менин бала болуп кетеримден ата-энем күмөн санашыптыр. Ооруканадан үйгө чыгарып барышканда гана мага ат коюш керектигин эстешип, Бекжан деп коюшат. Курсагымды тойгузуп койсо, кың дебей жата берген жоош бала болуптурмун. Үч жашыма чейин же баспай, же сүйлөбөй эле отура берген мага тынчсызданган апам “Кудай сактай көр, эмне, дудук бала төрөп койгонмунбу?” деп кыжалат боло баштаган экен. Деген менен талантым ошондо эле ойгоно баштаган окшобойбу. Агам Бекзат ырдаса оозун тиктеп отуруп, ырдын акырында агама кошулуп кандайдыр бир үн чыгарып койчу экенмин. Ошентип 3 жашымда гана басып, сүйлөй баштагам.

“Күбөлүктү 7 жашымда алгам”

– Мектепке да күбөлүгү жок эле киргизип коюшкандарына таң калам. Мугалимим кайра-кайра сурай бергенинен бир күнү үйгө барып, “өзү менин силердин балаңар экеним чынбы? Чын болсо күбөлүк алып бергилечи?” дегенимден кийин гана туулгандыгы тууралуу күбөлүк алышкан. Маркум куудул Манас Бердибеков үйгө келген сайын мени колуна алып “көрөсүңөр, бул баладан бир нерсе чыгат, силерди ушул балаңар багат” дечү экен.

Карындашым Кызсайкал (ред.: Кабылова, ырчы) экөөбүз удаа болгонго урушуп-талашып, абысындардай эле чоңойдук. Атам аны кыз деп аяп, дүкөндөн көп нерсе алып берет. Аны көрүп талашсам, атам урушат. Мага болсо апам болушат. Айтор, ушундай көрүнүштөр... 

“Бекжан атым өчүп, Мажит атыгып кеттим”

– Кандайча Мажит аталып кеттим? 7 жашта болушум керек, куудул Жаныбек Алыкулов сынак уюштуруп калды. Ошондо Санжар Бердибеков ага экөөбүз “Жүр, досум Мажит” деген ырды ырдап, мен сахнага сатира да ойноп чыктым. Ошондон кийин Бекжан атым айтылбай, Мажит атыгып кеттим. Анын үстүнө 4-5 жашар кезимде үйгө куудулдар келип репетиция кылып турушчу экен. Бир интермедияны кайра-кайра аткарып жатышканда Манас Бердибеков агай “Мажит, светти өчүр!” деп кыйкырса, мен улам светти өчүрүп коёт экенмин. Сыягы,  ошондо эле атым Мажитке алмаша турганы билинген окшойт.

Мектепте мыкты окубасам да, окуучулар арасында популярдуу элем. 10 жашымда Рахман Разыков агай “Куудулдар жана аялдары” деген сынак жарыялап, атам менен апама да катышкыла деди. Экөө "кандай интермедия аткарып чыгабыз?" деп даярдык көрө башташты. Мен үйдө кошуналардын баарын, алардан тышкары Ильяз Абдыразаков, Мирбек Атабеков, Съездбек Искеналиев өңдүү ырчы байкелеримди катыра туурачу элем.  Ошентип сынакка катыштык, мен ырчыларды туурап чыккам. Жыйынтыгында 2-орунду алганбыз.

Бир күнү үйгө куудул Максат Тасмаев байке келип калды. Анын өзүн туурап, “Мык” деген сатирасын аткарып берсем, аябай күлүп, сахнага бирге чыгуу тууралуу сунушун айтты. Элге Максат байкени туурап, “Мыгын” кошо аткарышып көбүрөөк таанылдым окшойт.

“17 жашта үй курууга салым кошуп атамды кубанткам”

– 2009-жылы Ильяз Абдыразаков байке экөөбүз “Салам, братан!” деген ырды ырдап чыктык. Хит болуп кетти. Ага чейин элге азыраак таанылып калган элем да, бул ырдан кийин өзүмдү биротоло эле “дерзкий” сезип калдым. Ал кезде тойлор аз болчу. Биз тойлорго жаңы чыгып баштаганда азыркыдай “ставка” деген түшүнүк жок эле. Кыстырмаларга иштеп келчүбүз. Анан “ставкалар” пайда болду. 2009-2010-жылдары аты чыгып калган ырчыларга тең тайлашып, 3 ырды 4000 сомго ырдай баштадым. Ошентип “жылдыз оорусу” жабышты. Көкүрөктү көтөрүп, өзүм теңдүүлөргө чоң сүйлөп калдым.

2011-жылы гастролдоп жүрүп тапкан каражатыма үйдөгүлөрдүн чогулткан акчасын кошуп, курулушу 2 жыл бою бүтпөй турган үйдү бүтүрүп кирген элек. Ошондо атамдын “17 гана жашта болсо да, Мажиттин үй салганга салым кошконуна кубанып турабыз” деп интервью бергени бар. 

“Темир Назаров, Замир Арыкбаевди көрүп ырчылыкка ооп кеттим”

– Кийин Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайда вокал боюнча сабак алдым. Башында мага куудулдук, пародист өнөрү жакчу. Анан ырчылар Султан Садыралиев, Темир Назаров, Замир Арыкбаевдер топ жарып чыгышты. Аларды көрүп менин да ырчы болгум келип, ырчылыкка ооп кеттим. 15 жашымда жеке концерт бергем. Андан түшкөн каражатка үйдөгү акчаларды кошуп, атама автоунаа алып бергенбиз. Ошондо ата-энем “таланттуу уулубуз бар” дешип абдан кубанып, мактанышты. Өткөөл куракта үнүң корулдап калат эмеспи. Мындайда ырдоо бир аз ыңгайсыздык жаратат. Ошондуктан үнүмдүн калыбына келишин күтүп, элге бир топ көрүнбөй жүрдүм. Кийин кайра сахнага чыга баштадым. 

“Эрте үйлөнгөнүмө өкүнбөйм”

– Эрте дешсе болбой 20 жашымда үйлөнүп алгам. Бир жолу Ысык-Көлдүн Тосор айылына гастролго барганбыз. Ырдап жатсам бир кыз аябай кол чаап жатыптыр. Ичимден “ии, татынакай кыз экен” деп койгом. Сураштырсам, ошол клубдун директорунун кызы экен, атын Бермет дешти. Бишкектеги Мукаш Абдраев атындагы окуу жайда окуган, жакшы ырдаган кыз экен. “Биздин топко кыз керек эле, ырдайсыңбы?” десем, макул болду. Ошентип чогуу иштешип калдык. Бермет үйгө келип-кетип жүрүп, Кызсайкал менен курбу болуп кетти. Мүнөзү жакты, анан сезимдер козголду. Бир күнү “баш кошолу” десем, кызыктай болуп кетти. 2-3 күндөн кийин кайра айтсам, макул болду. Экөөбүздүн чечимди айтканда анын ата-энеси алгач каршы болушуп, айнытканга аракет кылышыптыр. Бирок биз жактырышып баш коштук. Эрте үйлөнгөнүмө өкүнбөйм, тескерисинче, сүйүнөм. Эрте үйлөнсөң эрте бала-чакалуу болуп, алар сени менен тең өсүп калат экен. Азыр өзөбүзчө бир шаар болуп калдык. Мурда “Супер-Инфого” “келечекте 2 кыз, 2 уулдуу болгум келет” деп интервью берген болчумун. Муну кичине кезимден  кыялданар элем. Кудайга шүгүр, айтканым, тилегеним келди. Учурда 2 уул, 2 кызым бар. Жаштары 8, 6, 4 жана 1де.

“Сахнадан көрүнбөй калганым менен...”

– Быйыл сахнада жүргөнүмө 23 жыл болду. Албетте, чыгармачылыкка аралашуума ата-энем себепкер болду жана колдоп жүрүштү. Чоң сахнадан көрүнбөй калганым менен, чыгармачылыктан алыстаган жокмун. Тойлордо ырдап жүрөм. Чакан бизнес иштери да бар. Вайн тартып, жаңы ырларды да жаздырып келем. Өзүм теңдүү сахналаш ырчы-куудулдардын баары менен мамилем жакшы.

 

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1186, 5-11-сентябрь, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан