Жаңы демилге: Жол эрежесин бузган айдоочу 12 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн

Жол эрежесин бузган айдоочуларга жаза катаалдашы мүмкүн. Өкмөт бул багытта жаңы мыйзам долбоорун сунуштады, документте катаал нормалар каралууда. 

Сунушталып жаткан мыйзам долбооруна ылайык, айдоочу 12 жылга чейин эркинен ажыратылып, 200 миң сомго чейин айыпка жыгылышы ыктымал. 

Мисалы, айдоочу мас абалында жол эрежесин бузса 5 жылдан 7 жылга чейин түрмөгө кесилет, ушундай эле мөөнөткө айдоочулук укуктан ажыратылат. Эгер этиятсыздыктан 1 адам каза тапса, айдоочу 5-8 жылга абакка кесилиши күтүлөт. Эки же андан көп адам каза тапса, айдоочуну 8-10 жылга эркинен ажыратуу сунушталууда. Эгер мас айдоочунун айынан жол кырсыгында адам өмүрү кыйылса, айдоочу 12 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Мындан тышкары сот күнөөлүү айдоочуну мамлекеттик сыйлыктарынан ажыратышы, мүлкүн конфискациялашы, өлкөдөн чыгарып жибериши да ыктымал.

Жол кырсыгында ден соолукка жеңил зыян келтирилсе, айдоочуга 20 миң сомдон 50 миң сомго чейин айып пул жазылып же айдоочулук күбөлүктөн 2 жылга чейин ажыратылат. Саламаттыкка оор зыян келтирилсе, 100 миңден 200 миң сомго чейин айып пул төлөйт же 5 жылга соттолот деп белгиленет.  

Мындан тышкары айдоочулук күбөлүксүз унаа айдоого 15 миң сом, камсыздандыруу полиси жок жүргөндөргө 30 миң сом айып салуу каралууда.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1186, 5-11-сентябрь, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан