Пенсия курагындагы мугалимдердин жүгү жеңилдейби?

Мектептерде учурда 60 жаштан өткөн 10 жарым миңдей мугалим иштеп жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева билдирди.

Айтымында, өлкөдө жалпы 89 миңдей мугалим болсо, анын 78 миң 746сы 60 жашка чейинкилер. Калганын пенсия курагындагы мугалимдер түзөт. Азыркы тапта атайын буйрук даярдалып жатканы маалымдалды. Анда пенсионер мугалимдердин жумуш жүгүн азайтуу жагы каралууда. Тагыраак айтканда, алар аптасына 9 гана саат сабак өтүүгө тийиш. Мындай чечимдин максаты – жаш кадрларга жол ачуу жана мектептерде билим берүү процессин жеңилдетүү. Ошондой эле пенсияга чыккан мугалимдердин ден соолугун эске алуу да зарыл экенин айтат министр.

Мектептерде мугалим тартыштыгы жоюла элек. Айрыкча алыскы айылдардагы мектептерде жаш кадрлар аз, ушундан улам пенсия курагындагы мугалимдер иштөөгө аргасыз деген жүйө айтылып келет.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1186, 5-11-сентябрь, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан