Жогорку Кеңешке мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүүнү БШК колдойт

Жогорку Кеңеш тарайт деген маселе күн тартибинде турат. Парламенттин кезектеги сессиясынын биринчи күнүндө айрым депутаттар мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүүнү туура деп эсептешерин ачыкташты. Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров да ЖМКлардын бирине берген маегинде мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүүнү логикалык жактан негиздүү деп атады. Анын айтымында, эгер парламенттик шайлоо 2026-жылдын ноябрында өтсө, жыйынтыкты чыгарып, соттук талаш-тартыштарды кароо бир топ убакытка созулушу мүмкүн. Натыйжада президенттик шайлоонун үгүт өнөктүгү менен парламенттик шайлоонун жыйынтыгы кагылышат. Шайназаров белгилегендей, жаңы шайлоо мыйзамы кабыл алынгандыктан парламентти мөөнөтүнөн мурда таратып, жаңы шайлоо өткөрүүгө негиз бар. 

Мыйзамга ылайык, парламентти таркатуу демилгесин 30дан кем эмес депутат көтөрүп чыгышы керек. Андан соң фракциялар жана комитеттер карап, акырында жалпы жыйынга чыгарылат. Чечим кабыл алыш үчүн 60 депутаттын добушу талап кылынат. Парламент чечим чыгарса, президент 5 күндүн ичинде жаңы шайлоо дайындоого милдеттүү. Мөөнөтүнөн мурда шайлоодо бардык мөөнөттөр үчтөн бирге кыскаргандыктан, добуш берүү 60 күндүн ичинде өтүшү керек.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1186, 5-11-сентябрь, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан