Сиз экрандан көрүп жүргөн атактуу түрк актёр, актрисалары 4-8-сентябрь күндөрү өткөн Түрк кино күндөрү маданий иш-чарасына катышуу үчүн Бишкекке келишти. Алардын катарында Йылдыз Чагры Атиксой, Дамла Сөнмез, Барыш Кылыч, Аныл Алтан жана башкалар бар. Аталган иш-чарадан фоторепортаж сунуштайбыз.

Түркиялык жылдыздарды тосуп алууга жакшы даярдыктар көрүлүптүр. Иш-чара Бишкектеги “Ала-Тоо” кинотеатрында өттү. Саат 18:00дө кызыл килемден өтө турган жылдыздар туура бир жарым саат кечигип келишти. Түрк боордоштордо деле биздегидей кечигип келмей адатпы же уюштуруучулардан кеттиби, белгисиз. Келген күйөрмандар түрк тамак-ашынан бир сыйра даам сызганга үлгүрүштү.

Куттуктоолор, расмий сөз сүйлөөлөр узакка созулду. Түркиянын Маданият жана туризм министрлигинин кинематографиясынын директору Берол Гувен мырза өз сөзүндө буларды айтты: “Дүйнөдө абройлуу 10дон ашык чоң эл аралык фестиваль бар. Канн фестивалы, Берлин фестивалы, Шанхай фестивалы, Локарно жана башка. Биз быйыл түрк элинин атынан “Хемменин өлгөн күндөрүнүн бири” деген тасма менен Шанхай фестивалына катышып калдык. Жыйынтык чыга турган күнү мейманканабыздан жакшынакай жасанып, сулууланып бардык. Анткени бизде жеңишке жетебиз деген ишеним чоң эле. Бирок жеңүүчү аталган жокпуз! Ага карабай биздин тасма жеңгендей эле сүйүндүк. Анткени кыргыз боордошторубуз бизди жолго таштап, Гран-прини утуп алды. Ал – кинорежиссёр Актан Арым Кубаттын “Кара, кызыл, сары” тасмасы болду. Кино – кыргыз-түрк элдеринин орток тили. Андыктан силердин жеңиш – биздин да жеңиш десек болот”.
Түрк актёрлору сахнага бирден чакырылып сөз берилип жатты. Кыргыз элине атактуу “Барксыз өмүр” жана “Курулуш Осмон” сериалдарынан улам таанымал актриса Йылдыз Чагры Атиксой мындай деди: “Кыргыз элинде мынчалык көп күйөрманым бар деп ойлогон эмесмин. Бүгүн бул жерде турганыма, сиздер менен көрүшкөнүмө абдан бактылуумун”. Ага киного кошкон салымы үчүн сыйлык белгиси катары статуэтканы Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Жумабеков тапшырды.
Ал эми “Кызылчык шербет” тасмасынын каарманы, актёр Барыш Кылычтын “Рахмат, кутман кеч” деп кыргызча сүйлөгөнү отургандарга жагып, дуулдаган кол чабуулар коштоду. “Толкунданып жатам, ролдорубуз менен сиздердин сүйүүңөргө арзыганыма ишене албай турам. Бир тууган элбиз, сиздерди жакшы көрөм. Сиздерге рахмат жана кутман кеч”,- деп сөзүн бүтүрдү.

Йылдыз Чагры Атиксойдун жолдошу Берк Октай мырза сөз алып: “Тасма тартууда биздин орток мамилебиздин уланышын каалайм. Кыргыз жери жана эли мага жакты, мындан ары да келип турууга аракет кылабыз”,- деди.
Актриса Дамла Сөнмез көрүүчүгө “Чуңкур” сериалынан улам тааныш. “Кыргызстан жана Түркия – каны бир, дини бир, өтмүшү бир өлкөлөр. Мындай иш-чараларды мурун эле жасашыбыз керек эле, кино дүйнөсү эки элдин көпүрөсү болот деп ишенем. Кыргыз-түрк орток тасмасын тартууга мезгил жетти”,- деди ал.
Жалындуу, эки элди бириктире турган жакшы сөздөр айтылып жатты. Байкаганым, кыргыз мырзалары сөзгө сараңбы же узак сүйлөгөндү жактырышпайбы, кыска гана сүйлөп сахнадан шашыла түшүп кетип жатышты.

Түрк кино жылдыздарына сый көрсөтүү катары кыргыздын улуттук кийимдери кийгизилди. Иш-чара кино сүйүүчүлөрүнүн, күйөрмандардын көтөрүңкү маанайы астында аяктады.
Нуржамал Жийдебаева