Тахмина Арпачиева, учкуч: “АСМАНДА РОМАНТИКАГА ОРУН ЖОК, АНТКЕНИ ЖООПКЕРЧИЛИК ЧОҢ”   

Учкуч болуу — көптөр үчүн кыял, айрыкча асманда сызып бараткан учакты суктана караган көпчүлүк балдар үчүн. Бул жолку маектешибиз — кыргыздын учкуч айымдарынын бири. Алгачкы жолу асманга көтөрүлгөн күнүнөн тарта азыркы учурга чейинки жашоосун баяндап, суроолорго кызыктуу жоопторду узатты. Анда авиация дүйнөсүнө чогуу саякаттап келели.

 

– Тахмина айым, алгачкы жолу учак башкарып асманга көтөрүлгөн күнүңүздү эстесеңиз... Толкундандыңыз беле?

– Албетте, толкундангам. Коркунуч жана кубаныч аралаш сезим болду. Учак эмес, биринчи жолу автоунаа башкарганда деле толкунданасың да. Анын үстүнө жалгыз өзүм эмес, жүздөгөн жүргүнчүлөрдүн өмүрү мага байланган, демек, жоопкерчилик абдан чоң. Бирок асманга чыкканда ишеним жана бакыт сезими баарын жеңип кеткен.

– Бүгүнкү күнгө чейин жалпы канча саат учтуңуз?

– Азыркы күндө менде 300 сааттай учуу тажрыйбасы бар.

– Кандай учактарды башкарып көргөнсүз? Сизге кайсы үлгүдөгү учак жагат жана эмне үчүн?

DHC-8-Q400 жана окуу учактарында учуп көргөм. Айрыкча Q400 жагат — ишенимдүү, күчтүү жана башкарууга жеңил.

– Учууга даярдык... Учакты абага көтөргөнгө чейинки, анын ичинде кабинадагы процессти айтып берсеңиз...

– Алгач документтерди текшеребиз, андан соң учакты сырткы жактан кароо болот. Кабинада чек-листтерди аткарабыз, жабдууларды тууралайбыз, кыймылдаткычтарды иштетебиз, системдерди текшеребиз. Диспетчер уруксат берген соң рулга чыгып, акыркы текшерүүлөрүбүздү жүргүзүп, анан учабыз. Биздин кесип аябай кылдаттыкты талап кылгандыктан учуунун алдында жана абадагы убагыбызда бардык кыймылдарыбыздын атайын чек-листтери бар. 

– Авиадиспетчерлер менен кайсы тилде сүйлөшөсүздөр?

– Негизинен орусча жана англисче. Эл аралык каттамдарда сөзсүз англисче болот.

– Диспетчерлер менен тамашалашкан учурлар болобу?

– Болот. Адам болгондон кийин ар кандай учурлар болот экен да. Асманда деле жылуу сөз, юмор маанайды көтөрүп коёт. Бирок баары бир иштен алагды болууга болбойт.

– Учуулар бири-бирине окшобойт болуш керек. Эсиңизде калган каттам кайсы болгон?

– Биринчи жолу өз алдымча учкан каттам. Ал сезимди эч качан унутпайсың — жоопкерчилик менен бирге чоң кубаныч. Бир чети аябай сүйүнсөм, бир чети аябай коркком. Учакка отурган ар бир жүргүнчүнү аман-эсен жеткирип алсам экен деп тиленип, жүрөгүм бир сыйра дүкүлдөп, анан өзүмө келгем. Ага чейин деле учак башкарып жүргөнүмө карабай, өз алдынча чыккан биринчи каттам баары бир аябай өзгөчө болгон.

– Көп адамдар учуудан коркушат. Жүргүнчүнүн коркуу сезимин азайтуу үчүн учкуч катары эмнелерди айта аласыз?

– Учак – бул эң коопсуз транспорт экенин айта алам. Эл аралык статистикага таяна турган болсок, ар бир 1 миллион учууга болгону 1 олуттуу кырсык туура келет. Башкача айтканда, учак менен учкан адамдын кырсыкка кабылуу мүмкүнчүлүгү болжол менен 11 миллиондун бирине барабар. Жөнөкөй эле автоунааларга салыштырып карасак: автоунаа айдап жүргөндө кырсыкка кабылуу ыктымалдыгы орто эсеп менен 5 миңдин бирине жакын. Демек, унаа менен жолго чыккан адам учакка отурганга караганда тобокелдикке миңдеген эсе жакыныраак. Поезд же деңиз транспорту да коопсуз деп эсептелет, бирок алар дагы авиацияга жетпейт. Анткени бул тармакта коопсуздук эч качан компромисске салынбайт: ар бир каттамдын алдында учак майда-баратынан бери текшерилип, системдер толук көзөмөлдөнөт, учкучтар болсо дайыма машыгуудан өтүп турушат.

– Асманда сиз үчүн эң жагымдуу учур кайсы: күндүн чыгышыбы, булуттардын үстүбү же конуу учурубу?

– Мен үчүн булуттардын үстүндө баратканда таңдын атканы эң өзгөчө. Бул чыныгы сыйкыр. Бул нерсенин сыйкырын көргөн адам гана түшүнсө керек.

– Асманда баратып эмнелер жөнүндө ойлойсуз?

– Иш учурунда көңүлдү толугу менен процесске бурам. Жогоруда айтылгандай, биздин жоопкерчилик абдан чоң, андыктан асманда бир гана ишиңе көңүл бурушуң керек. Ашыкча сезимталдыкка же романтикага орун жок.

– Чымчыктардан тышкары учакка кандай коркунучтар бар асманда?

– Аба ырайы факторлору — мөндүр, катуу шамал. Бирок булардын баарына процедуралар жана даярдыктар бар, албетте.

– Турбуленттүүлүк учак үчүн коркунучтуубу же кадимки көрүнүшпү?

– Жүргүнчүлөр үчүн ыңгайсыз сезилет, бирок учак үчүн бул кадимки көрүнүш. Учактын конструкциясы муну көтөрүүгө ылайыкташкан.

– “Манаста” аял учкучтар көп элеби? Дискриминация сезилбейби?

– Азырынча, тилекке каршы, аял учкучтар көп эмес. Бирок жылдан жылга көбөйүп жатат. Өзүм дискриминация сезген жокмун, кабинада негизгиси кесипкөйлүк жана тартип эле.

– Жумушуңуздун жаккан жана жакпаган жактары кайсылар?

– Эң жакканы — учуунун өзү жана дүйнөнү бийиктиктен көрүү мүмкүнчүлүгү. Элестетсеңиз, жерде имараттар, тоолор канчалык бийик болбосун асманда учуп баратып караганда баары кичинекей гана нерсе. Анан түндө шаарлардын үстүнөн учуп калганда миңдеген жарыктар жаркырап өзүнчө бир сонун көрүнүш. Кыйынчылыгы – график жана түнкү каттамдардан кийинки чарчоо деп айтсак болот.

– Каттамда кызыктуу же өзгөчө окуялар болгонбу?

– Ооба, ар кандай жагдайлар болот. Кээде жүргүнчүлөр күтүлбөгөн кырдаал жаратат, кээде аба ырайы сюрприз жасайт. Бир жолу жүргүнчү “терезени ачып салса болобу?” деп сурап калды. Жылмайып “ачсак, баарыбыз Ысык-Көлгө бир заматта жетип калабыз го”,- деп жооп бергем. Бирок дал ушундай учурлар жумушту кызыктуу кылат.

– Кыргызстандагы учактардын коопсуздугу канчалык жогору?

– Абдан жогору. Авиацияда коопсуздук эч качан компромисске салынбай турган тармак. Бардык текшерүүлөр эл аралык стандарттарга ылайык.

– Келечекке кандай максаттарыңыз бар? Ушул тармакта эле болосузбу?

– Максатым — өнүгүп, капитан болуу жана жаш учкучтарга тажрыйба бөлүшүү. Авиация — бул менин жолум.

– Өзүңүз, үй-бүлөңүз тууралуу айтып берсеңиз. Жакындарыңыз жумушуңузду колдошобу?

– Атам – учкуч, командир-инструктор. 40 жылдык тажрыйбасы бар, учурда пенсияда. Менин эки кызым бар. Үй-бүлөм дайыма мени колдойт, бул мен үчүн чоң таяныч.

– Жумуш менен үй-бүлөнү чогуу алып кетүү кыйын эмеспи?

– Чынын айтканда, авиация – өзгөчө тартипти талап кылган кесип. Учуу графиги дайыма эле кадимки жумуш күнү сыяктуу эмес, ошондуктан үй-бүлө үчүн убакытты туура бөлүштүрүү кыйынчылыктарды жаратат. Бирок балансты табууга болот – бул пландаштыруу. Эс алуу күндөрүн, үй-бүлөлүк иш-чараларды алдын ала белгилеп коюу жардам берет. Албетте, кээде чарчайсың, учуулардан улам көпкө үйдөн алыстоо оор сезилет. Бирок жумушка болгон сүйүү жана үй-бүлөнүн колдоосу бул кыйынчылыктарды жеңилдетет.

– Кайсы өлкөлөрдө болгонсуз?

– Европанын бир топ өлкөлөрүнө, андан сырткары Индия, Бириккен Араб Эмираттары жана Орусияда болдум. Ар бир өлкөнүн өз таасири калат экен. Бирок эң чоң кубаныч — бул үйгө кайтуу.

 

Асел Нурбекова

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1187, 12-18-сентябрь, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан