Бир бүркүм. Ажо Израилди айыптады...  

Өкмөттө жасалма интеллектти өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин жыйыны өткөрүлдү.

 Кыргыз-Германия ишкерлеринин демилгеси менен дүйнөдө биринчи жолу топозчулар ассоциациясы түзүлдү.

 Президент Садыр Жапаров Израилдин Катарга ракеталык сокку жасаганын айыптады. 

 Руслан Ставриди Кыргыз мамлекеттик куурчак театрынын директору болуп дайындалды.

 Нарын жана Казарман аэропорттору расмий түрдө ачылып, ишке берилди.

 Илим министрлиги: ЖОЖдордогу онлайн окуу 1-октябрга чейин узартылды деген маалымат жалган.

 Бишкек мэриясында быйылкы окуу жылында өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча жыйын өттү.

 Чүйдөгү “Жантай” мал союлуучу жайы санитардык талаптарга жооп бербейт деп жабылды.

 Оштогу акимдердин биринин орун басары ыдык көрсөтүүгө шектелип кармалды.

 Өлкөдө айыл өкмөт башчыларын ротациялоо токтотулушу мүмкүн экени айтылды.

 Чүйдө 11 жыл мурунку адам өлтүрүү кылмышына шектүү кармалды.

 Чүйдө жашылча өсүмдүктөрдүн үрөнүн өстүрүүчү борбор ачылды. 

 Депутаттар Бишкек-Раззаков аба каттамына билет кымбат болуп жатканын айтышты.

 ТИМ кыргызстандыктарды учурда баш аламандыктар жүрүп жаткан Непалга барбай турууга чакырды.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1187, 12-18-сентябрь, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан