«СЕНИН КҮЙӨӨҢДҮ ТРЯПКА ДА КЫЛБАЙМ»

Ошентип, “паччагыбызды” чыгарган Замир Мырза тамаша эстафетасын Гүландага узатты. Демек, бул жолку «Тамаша тор» рубрикабызда конокто ырчы Гүланда. Андыктан, бул кызыбыздын нервинин бышыктыгы канчалык деңгээлде экендигине сиздер менен бирге күбө бололу.

– Алло, ким бул?
– Ким керек эле?
– Чоң кыз, сен менин күйөөмө чалып, анын тынчын алып жатасың...
– Түшүндүрүп айтсаңыз, эмне дейсиз?
– Эмне демек элем, менин күйөөмдүн башын бошот дейм!
– Эже, кечиресиз, сиз башка жакка түшүп калдыңыз окшойт.
– Башка жакка түшпөй элемин. Ушул номер менен күнү-түнү чалып уктатпайсың. Бул номер сеникиби? Демек, сенден башка ким чалмак эле?
– Жок, мен бул номер менен азыр гана ишим болуп жатат. Мүмкүн, подружкаларым чалышты бекен, сурап көрөйүн. Качан чалыптыр?
– Койчу, калп эле подружкаларыңа шылтай бербечи?! Сен өзүң үчүн өзүң жооп бербейсиңби? Түнкү саат 12де, 3тө чалбадың беле...
– А күйөөңүздүн аты ким эле?
– Эмне, жаныңда бирге жүргөн адамдын атын билбей калдыңбы? “Аты ким эле?” деп уялбай сурап койгонун карабайсыңбы, акмак десе. Аты ким болмок эле, Мирлан аты.
– Анда сиз таптакыр жаңылышасыз, мен Мирлан дегенди тааныбайм. Давайте, эже, жаман айтышып чатакташпай, жөн эле чечишип албайлыбы?
– Эй, кыз, эмне деп чечишкени жатасың кылаар ишти кылып коюп?
– Коюңузчу, башымды оорутпаңызчы?! Менин жакшынакай жигитим турса, эмне, сиздин күйөөңүздү мен башыма урмак белем?
– Башыңа урасыңбы, башка жагыңа урасыңбы, чалба менин күйөөмө.
– Ай, Кудайга тобо-о, чалбаган кишини чалды дейсиз да. Мен чалган жокмун. Кыргызча эле айтып жатам го сизге.
– Кантип чалган жоксуң? Сенин номериң түшүп жатпайбы телефонго?!
– Жок десем түшүнбөй жатсаңыз эми эмне кылышым керек? Макул, бүгүн күйөөңүз келсе сизге жиберейин анда.
– Эй, кыз, бул жакта сен бирөө­нүн үйбүлөсүн бузуп жатасың. Бирөөнүн көз жашынан бакыт таба албайсың, муну бир билип кой.
– Кудай андайдын бетин ары кылсын. Мен андай сиз ойлогон кыздардан эмесмин. Мен деле сиздей эле аялзатымын. Сиз жок жерден эле мени күнөөлөп жатасыз. Мен күйөөңүздү тааныбасам, эми мен эмне кылышым керек?
– Эмне кылышың керек экенин мен кайдан билем? Жок дегенде балдардын убалынан корксоң боло...
– Собака турбайбы, эй, түшүнөсүзбү? Эмне, сөзсүз жаман сөз айтыш керекпи? Өзүңүз айткандай, чоң эле аял болсоңуз, анан эмне жинди болуп жатасыз? Керек болсо менин жигитим бар, сиздин күйөөңүзгө зар да эмесмин.
Азыр Улуттук коопсуздукта иштеген тааныштарыма чалып, сени номериң аркылуу таап, чачыңды бирден гана жулам, чоң кыз!
– Пожалуйста, эгер колуңуздан келсе. Ошондо көрөбүз да, сиздин чачыңыз жулунат бекен же меникиби? Балким, сиз чачы жок калып жүрбөңүз?
– Сен күнөөңдү моюнуңа алгандын ордуна мага кыйкырасың да...
– Жанатан бери жөн койсо, сен аңкылдап жатпайсыңбы?! Эмне сен мага чалып алып далили жок аңкылдап жатасың? Кандай акың бар сенин менин чачымды жулганга? Ненормальный колхоз десе!.. Эмне, мен сенин күйөөңдү карап калыптырмынбы?
– Эй, кыз, биринчиден, сен мага үнүңдү көтөрүп сүйлөбө. Экинчиден, мен сенин ким экениңди жакшы билем. Үчүнчүдөн, сен менин ким экендигимди билесиңби?
– Ээ, надоело, эмне, сен мага үнүңдү көтөрсөң болот, а мен сүйлөсөм болбойт бекен? Керек болсо колуңдан келгенин кыла бер, мен корпойм. Тимеле “менин ким экенимди билесиңби?” деп коркутуп алганын кантесиң? Сага окшогон аялдардын колунан эмне келмек эле?
– Эй, анан элдин алдында уятың чыгып жүрбө­сүн?
– Жоголчу нары! Менин сени менен ойной турган убактым жок. Сенин күйөөңдү мен тряпка кылып да ойнобойм. Так что, не переживай.
– Эртең мен бүт гезиттерге барып, “менин күйөөмдү Гүланда тартып алды” деп интервью берем.
– Бар, бере бер. Кайсы гезитке айтасың?
– Биринчи эле түптүз “Супер-Инфого” барам.
– Ай, бул гезиттен беле?
– Ооба, “Тамаша тор” рубрикасында сени коноктодук.
– Айтып койбойт белеңер, эми жазасыңарбы? Мен сөгүнгөн жокмун, ээ?
– Билбейм, айтканыңдын баары диктофондо бар...

Тамашалаган Замира Рахманбердиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 247, 27-июль-2-август, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан