Жалал-Абадды Манас деп өзгөртүү: Мыйзам Жогорку Кеңештен өттү

Жалал-Абад шаарын Манас деп өзгөртүү боюнча мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште 10-сентябрда каралып, дароо 3 окууда кабыл алынды. Каттоодон өткөн 86 депутаттын 81и “макул” деп добуш берди, каршы чыккандар болгон жок. Мыйзам долбоорун парламентте Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча агенттиктин директору Кудайберген Базарбаев коргоду. Документке ылайык, Жалал-Абад шаарын Манас деп атоо демилгеси жергиликтүү тургундардан чыгып, шаардык кеңеш жана президенттин аталган облустагы өкүлү колдогон. Расмий маалыматка караганда, шаардын аталышын өзгөртүүнүн чыгымы болжол менен 15 миллион сомду түзүп, толугу менен жергиликтүү бюджеттен каржыланат.

Депутат Мирлан Самыйкожо шаар “Манас” деген аталыш алышы менен жалал-абаддыктарда жоопкерчилик күчөй турганын эскертти. “Манастын уурусу”, “Манастын сойкусу” деген сөздөр болбошу керек" дейт ал.

Мыйзам эми президенттин кол коюусуна киргизилет. Өлкө башчысы кол койсо, Жалал-Абад шаары жаңыча атала баштайт.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1187, 12-18-сентябрь, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан