Кыргызстан эл аралык каржы уюмунан 101 миллион доллар кредит алат

Жогорку Кеңештин Бюджет, экономика жана фискалдык саясат комитети Кыргызстан менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы келишимди талкуулап, биринчи окууда жактырды. Документ “Туруктуу жана инклюзивдүү өсүштү колдоо боюнча биринчи каржылоо” деп аталып, ага 2025-жылдын 8-июлунда Бишкекте кол коюлган. Ага ылайык, Кыргызстанга 101,5 миллион доллар көлөмүндө бюджеттик колдоо көрсөтүлөт. Бул сумманын ичинен 68,1 миллион доллары 50 жылдык мөөнөткө, анын ичинде 10 жылдык жеңилдик мезгили менен берилип жатат. Калган 33,4 миллион доллары 12 жылга, анын ичинде 6 жылдык жеңилдик мөөнөтү менен каралган. Өкмөттүн маалыматына ылайык, каражат үч негизги багытка жумшалат:

•“Кыргызнефтегаз” ишканасын колдоого;

•Камбар-Ата ГЭСин курууга жардам катары;

•Кыргызстандын Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын капиталын толуктоого.

Депутаттар келишимди ратификациялоо зарыл дешип, бул каражат өлкөнүн энергетикалык жана финансылык туруктуулугу үчүн маанилүү экенин айтышты. Аталган мыйзам долбоору парламентте бир нече окуудан өтүүгө тийиш.

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1187, 12-18-сентябрь, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан