Сүзүп жүрүүчү аралдар дүйнөнүн көп жеринде кездешет. Алардын түрлөрү, кантип жасалары тууралуу төмөндө маалымат берели.
Табигый түрү
Калың өсүүчү балыр, чым көң (торф), камыш, өлөң чөп, ыраң, органикалык заттардын, пемзалардын чогулуп калышынан түзүлөт.
Пемза – жанар тоо атылганда лаванын бат сууп, көзөнөкчөлүү, көпшөк айнектүү текке айланышы. Сууну өзүнө абдан сиңирип, оорлошуп калганда гана чөгөт. Ага чейин бир нече айлап суу бетинде калкып жүрө берет. Муну адамдар пемзабетондордун курамына кошушат, таштардан жасалган буюмдардын бетин жылтыратуу, буттун таманын кырып-тазалоо жана башкалар үчүн колдонушат.
Тактап айтканда, сууда өскөн балырлардын, жээкте өскөн өсүмдүктөрдүн тамырлары, чым көңдүн асты жагы суунун жана шамалдын таасиринен улам бошоп жулунуп, пемзалар сууда калкып, толкундардын арты менен бир жерге чогулуп калып сүзүп жүргөнү.
Мындай аралдардын калыңдыгы бир нече сантиметрден бир нече метрге, ал эми аянты кичинекей аралчадан тартып бир нече гектарга чейин жетет. Катуу шамал мындай аралчаларды чачып, жок кылып да жиберет.
Жасалма аралдар
Муну көбүнчө гиганттык камыштарды бири-бирине байлап жасашат. Бул жаатта өзгөчө Титикака көлүнүн жээктерин байырлаган уру индейлеринин аты чыккан. Титикака – Түштүк Американын Анд тоосунда, Перу жана Боливия өлкөлөрүнүн чегиндеги көл. Урулар жасаган жасалма аралчага чакан айылдын эли батып кетет. Аларга мындай аралды жасай билүүгө коңшу индей урууларынын жоолаша бергени түрткү болгон.
Учурда жасалма аралдар Кытайдын Тайху көлүндө жолугат
1998-жылы улуу британиялык Ричард Соуа аттуу жаран Кариб аралдарынын жээгинде “Спиралдуу аралчаны” жасаган. Анын аянты 320 чарчы метрдей болгон. Анын негизин желим бөтөлкөлөр (250 000 даана), фанера, бамбук түзүп, үстүнө кум, топурак төгүп, өсүмдүктөрдү, анын ичинде мангра дарактарын отургузган. Аралчага жыгачтан жасалган чакан 2 кабаттуу там, 3 пляж, даараткана да баткан. Аралчаны 2005-жылы катуу шамал талкалап кеткен.