Бир бүркүм. Пенсиялар көбөйөт...   

Чүйдүн Кожомкул айылында унаага газ куюучу жай мыйзамсыз курулуп жатканы аныкталып, буздурулду.

 Баткен облусунда 16-сентябрда чек ара окуяларынын курмандыктары эскерилди.

 Өкмөт: Өлкөнүн ички дүң продукциясы 1 триллион сомдон ашты.

 Быйыл октябрдан тарта пенсиялар көбөйтүлөт.

 Бишкекте кибер алдамчылыкка шектелип 23 жаштагы жигит кармалды.

 Салык кызматынын башчысы: “Элдин саламаттыгы үчүн канттуу суусундуктарды көзөмөлдөө керек”.

 Токмок шаарында Ислам академиясы ачылды.

 Саламаттык сактоо министри: “Өлкөдө дарыгерлердин орточо айлыгы 25 миң сом”.

 Парламент төрагасы Нурлан Тургунбек уулу Тажикстанга расмий сапары менен барып келди.

 18-сентябрда Кара-Суу шаарындагы "Манас" стадионунун ачылышы өттү.

 Кыргызстанда кырсыктардын тобокелдигин азайтуу боюнча бир айлык жарыяланды.

 Президент этика нормаларын сактабады деп Оштун мэри Жеңишбек Токторбаевге катуу сөгүш берди.

 2025-жылы өлкөнүн саламаттык сактоо тармагына 49 миллиард сом бөлүнгөнү маалымдалды.

 2026-жылы Дүйнөлүк көчмөндөр оюну 31-августтан 6-сентябрга чейин өтөрү айтылды.

 Дастан Бекешев: “Өлкө 12 жылдык билим берүүгө өтүүгө даяр эмес”.

 Бишкектин жашоочулары шаардагы унаа тыгындарына нааразы болуп, мэрден кескин чараларды талап кылууда.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1188, 19-25-сентябрь, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан