Тырмактын айланасындагы тери сыйрылганда...

Тырмактын айланасындагы тери (кутикула) ички жана сырткы факторлордон улам сыйрылат. 

 

Сырткы факторлор

– Химикаттар менен байланыш. Үй жыйнаганда, идиш жууганда же башка учурда химиялык заттарды резина мээлей кийбей колдонгондон тери жабыркап, кургайт, сыйрылат.

– Туура эмес маникюр. Маникюрга бат-баттан баруу же тырмактын айланасындагы терини туура эмес кесүүдөн, сапатсыз жабдыктарды колдонгондон да тери жабыркайт. Андан сырткары шеллакты, лакты ацетон менен кетирүү да себепчи болушу мүмкүн.

– Көп жуу. Щелочь камтыган жуучу каражаттар менен колду ашыкча жууй берүү, курамында спирт бар антисептиктерди көп колдонуу терини кургатат, жабыркатат.

– Аба ырайы кескин өзгөргөндө: өтө ысып же өтө муздап кеткенде тери коргонуусуз калат.

 

Ички факторлор

• Минерал жана витаминдердин жетишсиздиги. Организмге керектүү маанилүү заттар: темир, цинк, кальций, В тобундагы витаминдер жетишпегенде да тери кургап, сыйрылат.

• Оорулар. Тамак-аш сиңирүү системиндеги оорулар, калкан безиндеги, эндокриндик системдеги көйгөйлөр, тери оорулары (экзема, псориаз жана башка) себепчи болот.

• Стресс, депрессия. Стресс, нервдик чыңалуулар теринин жана тырмактын сапатына терс таасир этет.

 

Эмне кылуу керек?

+ Коргонуу. Химикаттарды колдонууда сөзсүз резина мээлей кийүү керек.

+ Кам көрүү. Колго бат-баттан крем, кутикула үчүн май сүйкөө зарыл.

+ Нымдандыруу. Колдун терисин нымдандыруучу ванналарды (туз, эфир майлары, йод кошулган) жасоо;

+ Туура тамактануу. Белок, цинк, темир, витамин жана минералдарга бай азыктарды колдонуу;

+ Маникюрга барарда мыкты адис тандоо;

+ Эгер үй шартында көйгөйдөн арылуу мүмкүн эмес болуп жатса, анда дерматологго кайрылуу зарыл.

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1188, 19-25-сентябрь, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан