Эмоциясын ачык чыгарган, ошол эле учурда эмоциясын ичине “жутуп” алган адамдар бар. Биринчи категориядагы адамдарды эмоционалдуу, кызуу кандуу деп коюшат. Ал эми экинчи топтогуларды жоош же сабырдуу адам деп сүрөттөшөт. Психологияда эмоцияны “жутуу, басуу” бир катар терс көрүнүштөргө алып келет делинет. Бул жаатта кызыктуу маалыматтар менен бөлүшөбүз.
Эмоция...
Эмоция – бул айлана-чөйрөдө болуп жаткан объективдүү жана субъективдүү кырдаалдарга карата кыска аралыкка баа берген психикалык процесс. Башкача айтканда, адамдардын айлана-чөйрөгө болгон реакциясы эмоция деп аталат. Эмоциялар физиологиялык өзгөрүүлөр жана тышкы көрүнүштөр (мимика, үн, кол жаңсоо) менен коштолуп, мотивацияда жана жүрүм-турумду жөнгө салууда маанилүү роль ойнойт.
Адам бардык учурда эле эмоциясын чыгара бербейт, ал эмес, кээде жасалма жол менен эмоциясын өзгөртүп, басып койгон учурлар да көп.
Эмоция “жутуунун” белгилери
Кайсы учурда эмоцияны басып, катып жатканыбызды билсек болот? Терс көрүнүштөрдөн качуу, терс ойлорду ойлобоо максатында эмоциялар “жутулат”. Эмоция “жутуу” процесси ар кимде ар кандай болот. Бири көңүлүн башкага бөлгөнгө аракет кылат: телевизор көрөт, музыка угат. Бири баңгизат же спирт ичимдигин колдонот. Дагы бири үй жыйнайт, спорт менен машыгат, бокс залына барып “груша менен мушташат”. Кээ бирлер углеводдуу тамак-аштарды ашыкча жей баштайт, айрымдар жалгыз калгысы келип башкалардан кача баштайт. Бул аракеттерди жасаганда адам терс эмоциялардан аз да болсо алыстагандай, унуткаргандай сезет өзүн.
Эмнеге адам эмоциясын катканга аракет кылат?
Мунун себептери көп, ар кимде ар кандай. Мисалы, коомдо “тыюу салынат, болбойт, уят!” деген моралдык этикага каршы чыга албайт. Жашообузда бизден көптү күткөн адамдардын алдында ишеничтен чыккысы келбейт, аларга каршы чыга албайт, каршы чыкса ал адамдан айрылып калам деп ойлойт. Курмандыктын ролундагы адамдар да эмоциясын катканга туура келет. Ал жерде өзүнөн күчтүү, өзүнөн абройлуу адам психикалык, физикалык жактан басым жасап жатышы мүмкүн. Же түгөйүн таарынтып албайын, урушпайлы деген ой менен эмоциялар “жутулат”. Мындай мисалдар көп...
“Жутулган” эмоциялар кайда барат?..
Ар бир эмоциянын өз орду бар, андан качып кутула албайбыз. Кайсы бир эмоциядан качкан да мыйзам ченемдүү көрүнүш. Бирок сиз качкан эмоцияны чакырган жагдайга кайра кайтып, кечирчүсүн кечирип, коё берчүсүн коё берип, коштошуп, кабыл алып, айтор, анализден өткөрүү керек. Бул процесс эмоцияны башкаруу деп аталат. Демек, эмоцияны катуу эмес, аны башкарууну үйрөнүү керек. Эмоциялар жүрөктүн бур бурчунда катылуу, жабылуу бойдон турбашы керек. Эмоцияны көп убакытка “жутуу” адамга физиологиялык жактан да терс таасирин тийгизиши мүмкүн дешет психологдор.
1. Агрессия жана стресс
Эмоцияны көп убакытка катуу адамда стресс, агрессия абалын жаратат. Адам эч нерсе кылгысы келбейт, эргүү жоголот, стресс гормону кортизол жогорулайт. Болбогон нерсеге ачууланып, агрессивдүү боло баштайт. Өнөкөт башы ооруйт.
2. Жогорку кан басым
Ичиңде кайнап жаткан эмоцияны басуу, сыртыңда сабырдуулукту, “кемчилиги жок жакшы адам” деген статусту сактоо психологиялык конфликтти жаратат. Организм дайыма “согушка” даярдык абалында болот. Жүрөктүн кагышы ылдамдайт, кан тамырлар ичкерет, кан басым көтөрүлөт. Бул “согуш” абалы жылдарга созулса, өнөкөт гипертония (жогорку кан басым) дарты пайда болот.
3. Ашказан, он эки эли ичегинин жарасы
Дагы бир психологиялык конфликт: адам канча жашта болбосун бирөөнүн камкордугунда, мээриминде, сүйүүсүндө, колдоосунда жашагысы келет. Бирок бул каалоолорун айткандан уялат, өзүн бутуна бекем турган күчтүү, көз карандысыз адам катары көрсөткүсү келет. Мындай көрсөткүсү келбесе да башкалар аны күчтүү адам деп эсептеп, колдоо, коргоо көрсөтө бербейт. Мындай сүйүүгө, камкордукка “ачка” адамдарда аң-сезимсиз түрдө тамак-аш сиңирүү органдары иштей баштайт. Ашказан дайыма тамак-аш күткөндүктөн (чынында сүйүү, камкордук) көп өлчөмдө ашказан кычкылы бөлүнүп чыгат. Кычкыл өзүнө керектүү тамак-аш таппагандыктан ашказан, он эки эли ичегинин керегелерин “жеп” баштап, натыйжада жара пайда болот.
4. Бронхиалдык астма
Психологиялык конфликт: өзүңө баалуу адамдын (ата-эне) сүйүүсүн жоготуп алуудан коркуу, андан сепарация (бөлүнүү) болуудан коркуу, ошол эле учурда гиперкамкордуктан тажоо процесси. Адам эмоциясын айтайын, кыйкырайын дейт, бирок кыйкыра албайт, коркот. Ортодо чыкпай калган “кыйкырык” бронхтордо калып, астма оорусун жаратышы ыктымал.
5. Дерматит
Психологиялык конфликт: бирөөгө жагуу, анын жанында болуу каалоосу күч, бирок ал адам баш тартып кетет деген коркунучта жашоо. Бир эле учурда адам менен байланышкысы, ошол эле учурда өзүнө эч ким тийишпесе экен деген каалоо карама-каршы келет. Тери болсо адамды айлана-чөйрө менен байланыштырган көпүрө эмеспи. Адамдын ичинде “мени карма жана кармаба” деген карама-каршылык күрөшкөндө териде нейродермит (дерматит) же башка тери оорулары жаралышы мүмкүн.
6. Гипертиреоз
Өлүмдөн коркуу сезими, бул көп учурда жакын адамын жоготкондон кийин пайда болгон психологиялык травма болушу мүмкүн. Адам дагы бир жакынын жоготкондон коркуп, дайыма чыңалуу абалында жүрөт. Өнөкөт коркуу сезими калкан безине күч келтирет. Организм дайыма жамандык азыр болчудай чыңалуу абалында жүргөндүктөн гипертиреоз оорусуна кабылышы ыктымал.
Эмоция тууралуу кызыктуу фактылар
Эмоциялар – эң күчтүү мотиватор. Алар бизди жашоого, көбөйүүгө, баарлашууга жана кайсы бир эрежелерге ылайык жүрүм-турумга болгон каалообузду жаратат.
Адам 100дөн ашык эмоцияга ээ. Базалык деп төмөнкү 7 эмоция эсептелет: ачуулануу, кайгыруу, коркуу, таң калуу, ырахаттануу, жийиркенүү, бакыт.
Эмоцияларды жакшы билдирүү үчүн адамда 40тан ашык булчуң бар. Ал булчуңдардын жардамы менен мимикалар иштеп, эмоциялар чагылдырылат.
Эң кыска эмоция бир нече секунд, эң узуну бир нече мүнөткө созулушу мүмкүн. Статистикага ылайык, терс эмоциялар узакка созулат.
Дүйнө жүзү боюнча 1 пайыз гана адамдар башкалардан эмоциясын ката билишет.
“Эмоционалдык сокурдук” же болбосо алекситимия деген түшүнүк бар. Дүйнөдө 10 пайыз адам алекситимияга кабылган, алар өзүнүн кандай эмоция жаратып жатканын ажыратканды билбейт, сезбейт.
Изилдөөлөргө ылайык, эмоциялар “жугуштуу” деп эсептелинет. Терс эмоцияларга караганда оң эмоциялар айланага тез тарайт.
Спирт ичимдиктерин ичкен адамда эмоциялар көзөмөлдөнбөйт.
• Адамда эмоцияны бат чакырган – жыт болуп эсептелет. Өзгөчө жагымсыз, сасык жыттарга эмоциялар курч болот.
Асыл Орозбекова