Чыңгызхан Кожош, төкмө акын: “АЙТЫШТЫН ТАРЫХЫНДАГЫ АЛГАЧКЫ БАТИР МАГА БУЮРУПТУР” 

Жакында Алайда өткөн Алымбек датканын 225 жылдыгына арналган эл аралык айтышта төкмө акын Чыңгызхан Кожош жеңүүчү аталып, баш байгеге коюлган батирди утуп алды. Айтыштын тарыхында байгеге батир коюлган биринчи окуя болду дешет адистер. Кеп ушул окуя жана жалпы айтыш темасында болду.

 

– Кандайсыз, Чыңгызхан мырза? Атыңыз Темучиндин атынан коюлганбы же Айтматовдун урматынабы?

– Арыбаңыз. Атым моңгол ханы Темучин-Чыңгызхандын урматына коюлган. Мен төрөлгөндө атам 36 жашта экен, бул өсүүнү, жеңилбестикти каалап турган курак эмеспи. Анын үстүнө тарыхка, санжырага кызыккан адам эле. Чыңгызхандай даңазалуу болсун деген окшойт. Түрк элинде Чыңгыз деген ат “женгиз”, “жеңилбеген” деген маанини берет. Биз төрөлгөн жылдары Чыңгыз Айтматовдун 60 жылдыгы болуп, бул ысым ошол тушта көп коюлуптур. Бирок меники Темучиндин урматына, анын чапкынчылыгына, таш боордугуна эмес, баатырдыгына таасирленип коюлган.

– Алайда өткөн айтышта баш байгени утуп алдыңыз, кут болсун! Буга чейин айтышка батир коюлбаган болуш керек...

– Рахмат. Ооба, кыргыз айтышынын тарыхында биринчи жолу баш байгеге батир сайылды. Ал да бактыга жараша мага буюрган экен. Ошондой эле жеңүүчүгө баш байгени президент тапшырган окуя да тарыхта боло элек эле. Батирди алдык, баары мыйзамдуу негизде өзүмө катталды.

– Айтыш дүйнөсүнө кантип аралашып калдыңыз? Төкмөлүк өнөр сизге кимден, кайдан өттү дегендей...

– Төкмөлүк мага эненин сүтү, атанын каны менен өткөн өнөр деп ойлойм. Анткени ата жагымда да, эне жагымда да сөзгө аябай маани берген, сөз баккан кишилер көп. Бизден комузчулар да чыккан. Чоң атам Кожош санжыраны жакшы билген киши болгон. Тай жагымдан айтсам, таякелеримдин жөн сүйлөгөнү жок, баары тамашалап, чымчып, куйкум сөз менен чучукка жеткире сүйлөшөт. Канда бар өнөр бир күнү сөзсүз тээп чыгат экен. Бала кезимден адабиятка, ырга жакын болдум. Жайлоого чыгар элек, шерине, кечелерде атамдын эжелеринин, туугандардын жамактап ырдаганын көрүп кызыгып жүрчүмүн. Кийин жамактата ырдай баштадым. Алгач Тоо-кен институтунда билим алгам, кийин Кыргыз-Түрк “Манас” университетинен адабият жаатында билим алдым. Учурда Илимдер академиясынын Тил жана адабият институтунда окуйм.

– Аталган айтышка канча убакыт даярданып бардыңыз эле?  

– Алымбек датканын 225 жылдык мааракесине арналган айтышка ийне-жибине чейин даярдандык деп айта албайм. Анткени айтыш болору чукул калганда жарыяланды. Жоболору да чукул өзгөртүлүп жатты. Ойлонуп көрсөм, бул айтышка мен мурунтан деле кайсы бир деңгээлде даяр болсом керек. Анткени бул тарыхый инсан, бала кезибизден Алымбек датка тууралуу билебиз, Төлөгөн Касымбековдун “Сынган кылыч” чыгармасында мыкты сүрөттөлөт эмеспи. Кийин да тарыхый макалаларды окуп жүрдүм. Негизги көрөңгө ошол болду болуш керек.

Бара жатканда эмнегедир башкача сезимдер болду. Толкундоо, айтышка болгон түйшөлүү бул саам башкача эле. Көрсө, Кудайдын насип кылганы экен. Баарын Жаратканга тапшырып, сынактык тандоодон өтсөм да, өтпөсөм да кейибейм деп бардым. Мурун тандоо турунан өтпөй калсам санаа чегип, кыжаалат болчумун. Мурунку айтыштарда “кырдаал мындай болот экен, тигиндей болот экен” деген  сөздөр болчу эле акындар арасында. Бул жолу эч нерсеге кейибей, кубанбай өзүмдү эмоционалдык, психикалык жаткан даярдап баргам. Эмнеси болсо да төгүлүп ырдайм дегем. Албетте, күлүктүн максаты – марага биринчи жетүү эмеспи, акын деле биринчиликти көздөйт.

– Жеңишиңизге сизден өтүп жакындарыңыз кубанса керек...

– Атам 2009-жылы, 57 жашында каза болуп калган. Апам бар, Кудайга шүгүр жаныбызда. Апам аябай сүйүндү, алар айтышты телевизордон түз эфирден көрүп жатышты да. Телефон чалып эле жашып кетти. Байгесине эмес, сыймыгына, жакшы атына кубанды. 13-15 жылдан бери айтышта жүрөбүз, бирде жакшы, бирде начар болуп калат. Эне да, жакшы болсо сүйүнүп, жаман болсо кейийт. Мен жасаган ишиме апамдын ушунчалык сүйүнүп жатканына кубандым. Бир туугандарым да сыймыктанышты. Айтор, бир башкача сезимдер болду.

– Сизди бул өнөргө таптаган устатыңыз ким?  

– Менин бир эле устатым болду деп айта албайм. Анткени “Айтыш” коомдук фондунда бир нече акындын колунан өттүк. Кыргыз Эл акыны Амантай Кутманалиев агабыз баштап, Элмирбек Иманалиев, Аалы Туткучев, Жеңишбек Жумакадыр, Азамат Болгонбаев, Максат Кулуев агаларым, айтор, баары сабак берди. Ар кимисинин ар түрдүү артыкчылыгын сиңирип алганга аракет кылдым. Азыр деле аксаганда акыл сурап, кейигенде кеңеш сурап турам. Мурун бир устаттын аркасынан түшүп, анын кызматын кылып, айлап-жылдап жанында жүрүп тапталып, өнөр үйрөнүп чыгышчу экен акындар. Менде андай болгон жок, заманыбызга жараша, азыр антип жанында жүрүү мүмкүн эмес го. 

– Айтыш өнөрүнүн азыркы абалына сиздин бааңыз кандай?

– Айтыштар көп өтүп жатат дегенге кошулбайм. Былтыр 5 эле жолу айтыш өттү. "Манас" театры айтышты мамлекет тарабынан көзөмөлдөй турган орган да, менимче, бир эле айтышка каражат бөлүндү. Бир жылга бул өтө аз, казактар менен кыргыздарда эле айтыш өнөрү бар эмеспи. Казак туугандарда бир айда 2-3 жолу айтыш өтөт. Ал эми бизде абдан аз. Айтышты көбөйтүш керек, төкмөлөрдүн сандан сапатка өтүү деген маселеси бар дегендей... Айтыш көп өтсө, сапат жакшырат, талап күчөйт.

– Сөз баккан акындын жан дүйнөсү кандай абалда? Эмне кейитип, эмне сүйүнтөт сизди?

– Мен ойлойм, ар бир адамдын жан дүйнөсү аярлуу, сырлуу. Акындык да Кудайдан келген чоң белек. Ар бирибизге акыл-эсти, сезимди аманат катары берсе керек. Ал акылды ким кандай багат, эмне кылат, акылы менен эмнелерди жасай алат деген миссия менен жиберилдик деп ойлойм. Ошого жараша жазасы да, белеги да Кудайдан го. Мени коомдо билимге, өсүүгө умтулган жаштар сүйүнтөт. Коомдогу руханий баш аламандыктар, баалуулуктардын тез өзгөрүлүшү кейитет. Бирин карасаң Батыштын баалуулуктары менен жашап жатат, бирин карасаң, ашыкча динчил болуп кетип бара жатышат. Кыргыздын өзөгүнө багыт алсак, акылды, өзөгүбүздү даңктасак дейт элем.

– Үй-бүлөңүз тууралуу айта кетсеңиз...

– Жубайым экөөбүз үч кызды тарбиялап жатабыз. Келинчегим Ысык-Көлдүн кызы, кесиби экономист, баш кошконубузга 13 жылдан өттү. Улуу кыздарым мектеп жашында, кичүүсү бала бакчага барат.  Учурда Кыргыз улуттук "Манас" театрында эмгектенем. Театр 2022-жылы ачылган, манасчылар, төкмөлөр, дастанчылар баарыбыз ошол жактабыз. Атайын шарт түзүп, башыбызды бир жерге кошуп койгону үчүн мамлекетке ыраазычылык билдирем.

– Маегиңизге рахмат. Бар болуңуз!

 

 

Нуржамал Жийдебаева

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1189, 26-сентябрь-2-октябрь, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан