Чыгармачылыктын ысык-суугуна чыдап, жыргалына балкып, өмүрүн театрга арнап келе жаткан белгилүү актёр Солтобай Кулбаев – биздин бул жолку маектешибиз. Ичинде кири жок, сөздү таап сүйлөгөн, кыргыздын шар мүнөз уулу экени билинип турду. Солтобай мырза учурда Ош улуттук драма театрында иштейт.
– Солтобай мырза, өмүрүңүздүн 43 жылын театрга, актёрлук кесипке арнапсыз. Бул мезгилде көптөгөн роль жаратып, өнөр казынасын байыткандардын бири болдуңуз. Артка бир кылчайсак...
– 43 жыл ичинде 100дөн ашуун спектаклде роль жараттым. Мисалы, Чыңгыз Айтматовдун “Кылым карытар бир күнүндө” Эдигейдин, Токтоболот Абдумомуновдун “Ашырбайында” Солтобайдын, Суранчы Жетимишовдун “Алымбек даткасында” Алымбектин, ал эми дүйнөлүк классиктерден Софоклдун “Эзоп” спектаклинде чабармандын, Шекспирдин “Отеллосунда” Ягонун жана башкалардын образын жараттым. Актёр болгон соң өзүңдү бардык жанрда сынап көргүң келет экен. Бир кезде Шекспирдин “Гамлетин” аткаруу кыялым болчу. Ал татаал жана күчтүү роль. Мен театрга жаңыдан аралаша баштаганда заманыбыздын залкары Марат Алышпаевдин Гамлетти апогейине жеткире ойногонун көрүп баа бергем. Кудай буюруп, кийин Гамлеттин ролун мен дагы аткардым.
Марат агайдан тышкары Дүйшөн Байдөбөтов, Назира Мамбетова, Гүлайым Каниметова сыяктуу залкар таланттар менен иштешип, алардан көптү үйрөнүп калганым мен үчүн чоң сыймык. Ар бир ролумду сахнада канча жолу ойнобоюн, ар бир аткарууда мага премьера сыяктанат. Канчалык мыкты деңгээлде аткарбайын, баары бир канааттанбайм, андан да мыкты ойноого умтулам.
– Сиздин талантыңызга Чыңгыз Айтматов жылуу пикир билдирген экен, ошол окуяны айтып берсеңиз?
– Ош драма театры Бишкекке отчёттук концерт коюп барып калдык. “Гүлсарат” спектаклинде Танабайдын жана Гүлсараттын ролунда элем. Аны көрүүгө Чыңгыз Айтматов өзү келет деп калышты. Сахнада бүт дитимди коюп ойнодум. Спектакль бүткөн соң чыгармачылык жамаат бүт сахнага чыктык, эл кол чаап жатат. Чыңгыз ага сахнага чыгып, четинен баары менен учураша баштады. Мен аттын жүгөнүн тагынып тургам. Мага келип “жакшы ойнодуң” деп далыма таптап калды. Бул сөзгө эреркеп кетип, Гүлсарат болуп кишенеп, Чыңгыз аганын көкүрүгүнө башымды коюп эркелесем, кучактап алды. Мен да кучактап туруп калдым. Ошол учур мен үчүн баа жеткис бакыт эле. Ал кишинин эмгегимди баалаганына абдан кубангам. Ушул ролду аткарып жүрүп “Эргүү” улуттук театр сыйлыгын алгам.
– Сиздин чыгармачылыкта айтылуу Барпы акындын образынын өзгөчө орду бардай сезилет?
– “Барпы ырчы” спектаклинде Барпынын жигит кезинен тартып улгайып калган курагына чейин аткардым. Чынында, махабаттын жарчысы аталган улуу акындын образын чагылдыруу мен үчүн кыйынга турду. Сузактыктардын үн тембрине, Барпынын стилине салып ырдаганым мага ийгилик алып келди окшойт. Акындын ролу бактымды ачты. Көрсө, грим, кыймыл-аракет, мимикамдан бери абдан окшошуптур, “бир көзүң кичине болгондо Барпынын эле дал өзү болуп калмаксың” деп айткандар болгон.
– Сахнада болгон кызыктуу окуялардан айтып берсеңиз...
– Аскерге барып, кайра театрга келгенимде “Эр Төштүк” спектаклине даярданып калдык. Энергияга бай, өрт кезим болчу да анда. Мага аюу менен жолборстун ролун беришти. Нарындабыз, демейдегидей эки ролду кезектештирип аткарып жатам. Сценарий боюнча, Эр Төштүктүн жолборсу Көк дөөнүн жолборсунун кекиртегин жулуп алат. Негизи мен-жолборс жөн эле өлүп калсам болмок. Бирок "Жаныбарлар дүйнөсү" көрсөтүүсүнөн көргөнүм боюнча жөн өлбөй 2-3 оонап барып, анан өлмөк болдум. 2 оонаганымда эле “тарс” этип чуңкурга кулап түшүп, көзүмдөн чаар чымындар учуп кетти. Көрсө, бийиктиги 2 метрдей болгон оркестр үчүн ылайыкталган чуңкурду элес албапмын. Дагы жакшы, бетимде жолборстун жумшак бет кабы бар болчу, ошол каракуш жагыма жылып кеткен экен, башым жарылбай калды. Өйдө карасам актёрлор мени карап турушат. Эсиме келе түшүп, “кокуй!” деген бойдон чуркап барып аюуча кийинип, кийинки ролумду ойноп кетүүгө жетишип калгам.
– Актёрлук сиз эңсеп жүрүп жеткен кесиппи же тагдырдын күтүүсүз белегиби?
– Кичине кезимде адегенде мугалим болсом деп жүрдүм. Ал кезде мугалимдик барктуу кесип болчу. Кийин айылга спектакль, кино коюп келишсе калтырбай бара баштадым. Актёрлордун түрдүү формаларды кийип, бирде күлүп, бирде ыйлап, сойлоп, бийлеп, айтор, укмуш образдарды жаратканы мени кызыктырып, өзүнө тарта берди. Бир жолу “Чингачгук – ири жылан” киносу коюлуп калды. Анда индейлердин ролдорун мыкты аткарган сербиялык актёр Гойко Митич апачи Чингачгуктун ролун ойнойт. Ошондо анын укмуш чеберчилик менен ойногонуна таасирленип, мен да ушундай актёр болом деп чыктым. Үйдөгүлөр “иш кыл” десе, жалкоолугум кармап кээде кылбай коём да. Андайда “Чингачгук, Гойко Митич жалкоо болбогон” деп коюшса болду, “мен жалкоо эмесмин” деп заматта ишке киришем. Алар мени ошентип алдап иштетип жүрүшкөнүн кийин билип калбадымбы. Ошентип апачини аткарган актёрду кумир тутуп жүрүп, акыры тилегиме жеткем. Бир жолу “Ак мөөр” спектаклин коюп келишти. Кашайып ошол учурда уктап калсам, үйдөгүлөр мени ээрчитпей кетип калышыптыр. Мөөрдүн сулуулугун жакындан көргүм келген жаным спектаклге барбай калганыма ызаланып түнү менен ыйлагам. Ал мезгилде ата-энелер балдарынын келечекте прокурор же раис болушун самашчу. Атам Нурбай, апам Тургун искусствону түшүнгөнү үчүн менин “актёр болом” дегениме каршы чыкпай, театралдык студияда окуп калышыма салым кошушкан.
– Кино тармагы тууралуу да сүйлөшсөк. Кандай тасмаларда роль жараткансыз?
– Жалпы 15тей кинодо роль жараттым. Жазуучу Абдыжапар Жээнбеков агайдын “Шор талаанын куюну” чыгармасы боюнча телефильм тартылган. Ошого мени зоотехниктин ролун ойноого чакырышкан. Ал фильмдеги ролум жакшы чыгып, кийин башка тасмаларга тартылууга сунуштар түшүп баштаган. “Арман” киносунда прокурордун ролун жараткам. Ушул ролум өзүмө абдан жакты. Анткени анын элге берчү тарбиялык мааниси абдан терең.
– Атыңыз бир уруунун аталышын алып жүрөт. Бул ысым сизге кандайча ыйгарылып калган?
– Туулганыма 1 ай болгучакты ата-энем ылайыктуу ат тандап коё албай коюшуптур. Ар кимден сурашса, ар түрдүү аттарда айтышат, жактырышпайт. Күндөрдүн биринде айылыбызга 3 милиция кызматкери жумуштап барып калышыптыр. Көчөдө баратышса мени көтөрүп турган апам алардан “балдар, каяктан келдиңер?” деп сурайт. Алар “Чүйдөн болобуз, бир иштер менен келдик эле” дешет. Апам “жакшы балдар экенсиңер, менин балама ат коюп бергилечи” деп кайрылат. Ошондо алар “биздин уруубуз – солто, ошого ысымын Солтобай коюп койбойсузбу?” дешиптир. Апам алардыкын туура көрүп, уруубуз солто болбосо да атымды Солтобай койгон экен.
– Убакыт бөлүп маек бергениңиз үчүн рахмат! Ийгилик каалайбыз!
– Сиздердин ишиңиздерде да ийгилик болсун!
Канымжан Усупбекова