Фобиялар тууралуу сүйлөшөлү дедик. Мисалы, бирөө бийиктиктен, бирөө курт-кумурскадан, бирөө сууга түшүүдөн коркот. Белгилүү инсандар эмнеден коркушат? Суроо узатып, кызык жоопторду алдык.
Миталип Мамытов, нейрохирург: “Баатырды эч нерсе коркута албайт”
– Хирургияны “медицинанын падышасы” дешет. Мен хирургиянын падышасы – нейрохирургия дейт элем. Ушул кезге чейин мээге жана жүлүнгө 15 миңдей операция жасадым. Кыргыз Республикасынын Баатыры болдум. Анан баатыр эмнеден коркмок эле?! Мен Кудайдан гана корком.
Эрнест Абдыжапаров, кинорежиссёр: “Фобиям – жарганат”
– Жарганаттын жыты бар, өңү да коркунучтуу эмеспи. Ошого андан корком. Бир жолу үйгө жарганат кирип кетип жатпайбы. Балдарым коркуп “ата, чыгарыңызчы!” дешет. Мен өзүм коркуп жатсам эмне кылмакмын?! Айла жок жийиркенип, корксом да үстүмө чүпүрөк-чапыракты оронуп алып, эптеп үйдөн чыгаргам. Ошентип балдарыма уят болгом (күлүп).
Сабырбек Жумабеков, ортопед: “Түбү көрүнбөгөн суудан жүрөксүйм”
– Эл аралык конференция, Евразиялык конгресс, операция жасоо сыяктуу иштер менен чет өлкөлөргө барып калганда убакыт таап суусуна, көлүнө түшүп калган учурлар болот. Тереңдиги канча метр болсо деле айырмасы жок, башкысы, суусу тунук болуп, түбү көрүнүп турса алыска сүзө берем. Ал эми суунун түбү көрүнбөй турса, жүрөксүйм.
Мурат Мамбетов, актёр: “Бийиктиктен корком”
– Жыланга байланыштуу окуя башымдан өтпөсө деле негедир жылан көрсөм денем жыйрылып корко берем. Анан бийиктиктен корком. Кээ бирлер бийик жерге, чокуга чыгып айлана-тегеректи карап көрсөм деп кызыгат го, мен анте албайм. Бийик жерге чыгып иш кылгандан да чочулап турам. Кулап кетчүдөй эле сезим келе берет.
Абдыкерим Муратов, жазуучу: “Жылан, иттен чочулап турам”
– Менин эки фобиям бар: ит жана жылан. Кичинебизде эгин тарттырганы тегирменге барчу элек. Жолдо бир кишинин кабанаак чоң ити бар болчу. Ошондон өтө албай коркуп тура берчүбүз. Тиштесе соо калтырбай тургандай эле да. Чоң кишилер келип калганда кошулуп өтүп кетчүбүз. Ошентип иттен коркуу менде фобияга айланып кеткен.
Бала кезде үйүбүздө чабалекейдин уясы бар эле. Ошол уяга жылан келчү, жумурткасын, балапанын жечү окшойт, сыягы. Аны көрүп коркчубуз. Бир жолу чоң энем очоктун жанында төшөк көктөп отурса шыптан бир жылан топ этип түшүп калбаспы?! Жүрөгүбүз оозубузга кептелип, сыртка качып чыкканбыз. Азыркыга чейин жылан көрсөм денем жыйрылып турат.
Жеңишбек Сманов, актёр: “Тар жерде кысылып, дем жетпей калат”
– Менде бийиктиктен, ит-куштан коркуу деген жок. Бирок караңгы, кууш, тар жерлерде аба жетпегенсип кысылып кетем. Андай жерден тезирээк чыгып кетүүгө аракет кылам.
Салима Балтаева, ырчы: “Түндө жалгыз калгандан корком”
– 10 жашымда мени 2 жаштагы иним менен калтырып, эжем шаарга кетип 3 күн келбей калган. Апам ооруп шаарда болчу, ошого кеткен эле. Ошондо айыл толо адамдар болсо да бул дүйнөдө жалгыз калгансып коркком. Коңшулардын кыздарын үйгө алып келип жатып жүргөнбүз. Ошол кезден тартып түндө жалгыз калгандан коркуп турам.
Адилет Акматов, каскадёр: “Тар, жабык жерден корком”
– Тар, жабык жерде камалып калгандан коркуп турам. Башкача айтканда, фобиям – клаустрофобия. Кууш, тар жерде жүргөндө кысылып, аба жетпегендей болуп думугуп, жүрөгүм бат-баттан сого баштайт. Менимче, кичине кезимде кычык-кучук же тар жерлерге камалып, чыга албай кыйналып калсам керек, ошондон калган окшойт.
Тотомидин Жолдошев, ырчы: “Бийиктик фобияга айланып кетти”
– Бийиктиктен корком. 5-6 жашымда чоң энемдер жайлоого чыгып, бийик тоонун башын жайлашты. Неберелери биз да жүрөбүз. Ал жактан караганда айыл тээ ылдыйда көрүнчү. Ошого ылдыйды бир карап, тоону бир карап, бийик тоо кулап айылды, мени басып калчудай корко берчүмүн. Ошол нерсе фобия болуп калып кетти. Анан тар жерде аба жетпей жүрөгүм сыгылып кетет.
Камил Мамадалиев, манасчы:“Фобиям жок, үңкүрдө деле түнөй берем”
– Түшүмдө аян берилип, аян көрүп жүргөнгөбү, менде фобия деген жок. Жер көрүп, зыярат кылып тоо-таш, токойлордо деле жалгыз жүрүп, үңкүрдө деле түнөй берем. Манасчыларды Манас ата, анын чоролору, Бакай ата жана башкалар колдогондуктан жин-шайтанга кезигип калсам эмне болот деген деле коркуу жок.
Ильяз Иманалиев, куудул: “Фобиям – карусель”
– Каруселге түшсөм эле мени көтөрө албай үзүлүп же сынып кетчүдөй сезилип, корко бермейим бар. Башка каруселдер кандай иштейт билбейм, бирок мен түшкөндөрдүн баары эле кыйчылдап турат. Ошого бузук окшойт деп шекшип, жерге түшкүчө шаша берем. Анан жыланды көрөйүн деген көзүм жок, аны көрсөм айланып качам.
Канымжан Усупбекова