Белгилүү музыкант Аслан Исабаевдин чыгармачылыгы кандай уланууда? Көп жылдан бери АКШда жашаган таланттуу инсан учурда кайда иштейт? Кыргызстанга кайтып келүү планы барбы? Ушул жана башка суроолорго жоопту маектен табасыз, окурман.
– Аслан мырза, жакшы жүрөсүзбү? Көп жылдан бери чет өлкөдө жашайсыз, мекенге кайтуу жөнүндө ойлоно элексизби?
– Рахмат, ден соолук, жашоо, бала-бакыра баары жакшы. Үй-бүлөм менен чет өлкөдө жашап жатканыма 15 жыл болду. Кудайга шүгүр, жашообуз жакшы, бул жакка көнүп да калдык. Бирок туулган жер, мекен ар дайым адамдын жүрөгүндө сакталуу калат экен. Эми качан кайтып барарымды так айта албайм, убакыт көрсөтөт. Бирок ишенем, буюрса, бир күнү сөзсүз Кыргызстанга кайтып барам. Кыргызстан дайыма жүрөктө. Мекенимди сагынганда айыл жергеси, таза аба жана ак мөңгүлүү чокулары бар тоолор элестейт. Албетте, туугандарым жана жакындарым дагы.
– Өлкөдөн кетүүңүзгө эмне себеп болгон?
– Олуттуу чечим чыгаруу, албетте, кылдат жана терең ойлонууну талап кылат. Чет өлкөгө кетүү чечимин да ойлонуп, бир нече себептен улам кабыл алгам. Биринчиси – кесиптик тажрыйба топтоо, экинчиси – жаңы чөйрөдө өзүмдү сынап көрүү, үчүнчүсү – үй-бүлөм үчүн жакшы шарттарды түзүү. Айрыкча балдарымдын башка тилдерди үйрөнүп, дүйнөгө ачык, эркин болуп чоңоюшун кааладым. Ушул себептер менен өлкөдөн кеткем. Шүгүр, бул чечимимдин жыйынтыгы жаман болгон жок.
– Сырттан караганда даана байкалат эмеспи, Кыргызстандагы соңку жылдардагы өзгөрүүлөргө кандай баа бересиз?
– Ооба, мүмкүн болушунча Кыргызстанга каттап турабыз. Өзгөрүүлөр жакшы жагына кетип жатканы байкалат. Бүгүнкү күндө өлкөбүздө жолдор, мектептер көп курулуп жатат. Жаңы үйлөр жана комплекстер пайда болууда. Кызмат көрсөтүү тармагы, кардарларды тейлөө жагы да сапаттуу деңгээлде өнүгүп жатат десем жарашса керек. Ошондой эле IT мектептери ачылып, жаштардын заманбап билим алуу мүмкүнчүлүктөрү кеңейүүдө. Мунун баары мени кубантат.
– Атактуу ата-эненин уулусуз, тагдырдын бул белегинин сиздин жашооңуздагы ролу?
– Маалым болгондой, атам Чалагыз Исабаев “Камбаркан” улуттук ансамблин негиздеген залкар инсан. Апам да өз заманынын чыгааны, мыкты комузчу Самара Токтакунова. Мен ушул эки улуу, таланттуу жана атактуу адамдардын уулумун. Менин жашоомдо, турмуштук жолумда ата-энем маанилүү роль ойноду. Балалыкта, жашоомдо, принциптеримди калыптандырууда тарбиясы чоң болду.
– Атаңыз, апаңыз, иниңиз Актан Исабаев үчөө тең эл көзүндөгү инсандар. Алардын чыгармачылыгы тууралуу оюңузду айта кетсеңиз...
– Атам стратегиялык ой жүгүртүп, биздин бардык долбоорлорду координациялап, үй-бүлөбүздүн багытын аныктап турчу. Ал бир өзгөчө инсан эле. Апам болсо жан дүйнөсүн музыкага арнап, комуз чертип, кайталангыс өнөрү менен элдин жүрөгүн багындырды. Атам апамдын талантын байкап, аны колдоп, чыгармачыл инсан катары калыптанышына зор түрткү берген. Иним Актан Исабаев – мыкты ырчы, өз харизмасы менен сахнада өзгөчөлөнүп, кесипкөй ырчы, аранжировщик катары өз жолун тапты. Чыгармачылыкта үчөөнүн бирөөсүн бөлүп айтуу мүмкүн эмес, ар бири өзгөчө.
– Учурда кайсы шаарда, эмне жумуш менен алектенесиз?
– Бүгүнкү күндө Калифорния штатында жашайбыз. Мен Силикон өрөөнүнүн симфониялык оркестринде музыкант катары иштеп, жергиликтүү музыкалык мектепте сабак берем. Музыка — бул чек араларды билбеген тил. Ал дүйнөнүн кайсы бурчунда болбосун адамдардын жүрөгүн бириктирет. Ошондуктан сабактарды англис тилинде өтөм. Окуучуларым ар кайсы мамлекеттен, ар кайсы улуттан болушат. Арасында кыргыздар, казактар, кытайлар, индустар, япондор, корейлер, финдер, орустар, америкалыктар бар. Музыканын керемети ушунда – ал ар түрдүү элдерди бир сахнага, бир үй-бүлөгө айланта алат. Мени кубантканы – окуучуларым белгилүү кыргыз композиторлорунун чыгармаларын дагы аткарышат.
– Келинчегиңиз, балдарыңыз тууралуу айта кетсеңиз.
– Үй-бүлөм — мен үчүн эң чоң тирек. Жубайым дайыма бардык ишимде жанымда болуп, колдоо көрсөтүп келет. Ошол эле учурда чакан ишкердик менен алектенип, өз аракети менен ийгилик жаратып жүрөт. Кызым IT тармагында иштеп, учурда АКШнын Вашингтон штатында жашайт. Уулум болсо мектепти аяктап, колледжде билим алып, өз багытын издеп жатат. Балдарым — мен үчүн кубаныч жана шыктануунун түгөнгүс булагы. Алардын аракетин, жетишкендиктерин көрүп, өзүм дагы алдыга жылууга белсенип турам.
– Алдыга койгон максаттарыңызга жеттиңизби?
– Ооба, бирок чыныгы ырахат ийгиликке жетишкендикте эмес, ошол процессте болот. Ошол учурда кылып жаткан ишиңден ырахат алуу – чоң бакыт. Ар бир максат жаңы нерсени үйрөтөт, жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат жана жашоону байытат.
– Сиздин жашооңуздагы абдан чоң таасир калтырган окуя кайсы?
– Эң маанилүү жана жүрөк толкуткан окуя — бул атамдын мага берген белеги. Атам 1985-жылы Европага гастролдоп барып, мага скрипка алып келген. Ошондогу кубанычым өзгөчө болгон. Эң терең жана оор сыноолордун бири – Улуттук консерваторияда окуп жүргөнүмдө атамды жоготуп алганым болду. Мен атам каза болгондон кийин бардык күчүмдү жоготтум. Окууну улантууга болгон каалоом да жоголду. Ошондо мага мугалимдерим чоң колдоо көрсөтүштү. Мукаш Абдраев атындагы музыкалык окуу жайдын мугалими Мунарбек Атагелдиев, андан соң консерваторияда Николай Кормушин деген устаттарым жана колдоочуларым болду. Кыйын учурларда мугалимдерим жана консерваториянын деканы мени колдошту. Атама да алардын зор урматы бар эле. Натыйжада мен окуумду ийгиликтүү аяктап, жогорку билим алдым. Аларга чексиз ыраазымын, дал алардын түшүнүгү жана насааттарынын аркасында мен музыкадагы жолумду улантып, өз күчүмө болгон ишенимимди сактап калдым.
– Сиз музыкант катары эле кеттиңизби же ырчы болууга да аракет кылдыңызбы?
– Мектепте окуп жүргөндө жана студенттик жылдары мен классикалык музыка менен гана эмес, эстрада менен да алектенчүмүн. Бул багытта устатым Рафаэль Сарлыков болду. Ал бизге тартипти, жоопкерчиликти үйрөттү жана ансамблде чогуу иштөөгө тарбиялады. Кийин музыкант катары жолумду уладым.
– Маек аягында сизден элиңизге каалоо-тилек болсун...
– Элиме каалоом жөнөкөй, бирок ыкластуу. Каалаганым – тамырыбызды жана улуттук баалуулуктарыбызды сактайлы. Эң негизгиси элибизге тынчтык, жаштарыбызга ыйман берсин. Жаңы билимдерге жана технологияларга жол ачык болсун. Кыргызстан — табияты керемет, эли мээримдүү өлкө. Ар бирибиз чакан салым кошсок, жалпы элибиздин келечеги бекем болот. Сиздердин жамаатыңыздарга да терең ыраазычылык билдирем. Эмгегиңиздер дайыма окурмандардын жүрөгүнө жол таап, ийгилик гана коштосун! Ар бир кадамыңыздарга дем-күч жана чыгармачылык шыктануу каалайм.
– Рахмат, бар болуңуз!
Нуржамал Жийдебаева