Жыл сайын октябрдын башында Мугалимдер күнү белгиленет. Маянасы аз экенине карабай мугалимдик кесип – кесиптердин эң ардактуусу. Билимге, тарбияга, кесипкөй адистикке жол салган, сөзү, баскан-турганы, кылган иши менен үлгү боло алчу мугалимдин даражасы ар дайым бийик турушу керек экенин бекемдегим келет. Белгилүү инсандардын таасир берген эже-агайлары ким? Макала сиздин да мугалимиңизди эске салат деген ойдобуз.
Акматбек Султан уулу, төкмө: “Агайдын оозуна бор салып...”
Акматбек мырзага байланышканымда толкундоо сезиминде жүрүптүр. Анткени 30-сентябрда өткөн эл аралык “Алтын комуз” айтыш сынагында баш байгенин ээси болуп, алтын комузду колго алып кубанып турган чагы. Жөнөкөй, сыпайы төкмө акын мугалим дегенде бир окуясын эске салып жылмайтты:
– Ак-Чий ооданындагы Кызыл-Өтөк айылында окудум. Чоң атам мени “мектепке эртерээк көнө берсин” деп 6 жашымда 1-класска берип койду. Ал мектепте чоң атамдын иниси Аңкаш Кулеш уулу сабак берчү. Анда Аңкаш атам 50-55терде болсо керек. Мугалимим тааныш деп, анан кичине да болгондуктан аябай шоктонуп жүрдүм. Аңкаш агайыбыз чарчайбы же өзүнүн мүнөзү ошондойбу, кээде сабакта оозун ачып уктап калчу. Ал кезде баарыбыз ызылдап ойноп жүрө берчүбүз. Бир жолу ошентип оозун ачып коңурук тартып уктап жатканда столдогу борду алып, оозуна салып жиберип жатпаймынбы. Боюм кичине болгонго биринчи партада отурчумун да, агай ойгонуп кетип эле “атаңдын оозун урайын” деп мени столум менен учура чапты. Балабыз да, ыйлагандын ордуна класс менен каткырып жарыла күлдүк. Ошондой чаап жатса да ыйлабаган балалыктын жалтанбас жалындуу күндөрү экен да.
Ал эми таасир берген агайым Дүрбөлөң Жапаров деген мыкты киши. Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Маданият жана искусство университетинде окуп баштаганымда Дүрбөлөң агай “сен окуганы келдиңби?” деп мага кайрылды. Мен толкунданып “ооба” дедим. “Анда керебетиңдин баш жагына мен Кыргызстанга эмнеге келдим, эмне кылып жатам деп жазып кой” деген. Ошол агайдын эки ооз сөзү мени окууга чынчыл мамиле кылууга түрттү.
Каныкей, ырчы: “Эжей жалгыз мага сабак өткөн”
Ар дайым жаркылдап жүргөн, ишине так ырчылардын бири Каныкей айымга байланышып, таасир берген мугалимин сурасам, сыймыктануу менен айтып берди:
– Токмок шаарындагы №9 мектепте окудум. Өспүрүм куракта кошумча сабактардан окуучулар качып кетишчү эмес беле. Бир жолу ошондой кошумча англис тил сабагынан окуучулардын баары качып кетип, жалгыз мен калып калдым. Мугалим эжебиз да жаңы келген. Жалгыз калсаң мугалимдер сабак өтпөй кетирип жиберчү эле го. Ошондой ойлоп отурсам, жок, эжебиз өз милдетин так аткарып, жалгыз мага сабак өткөн. Ошол эже, ошол сабак эсимде калыптыр. Эженин ишине кылган мамилесинен чынчыл, жоопкерчиликтүү болуш керек турбайбы деп аябай таасирленгем.
Кийин жыйырма жылдык болуп, чогулуп калдык. Ошол эже мектебибиздин директору болуп иштеп жатыптыр. Ошондо кылган ишинин акыбети кайтыптыр деп эжеге дагы бир жолу баа бергем. Мага үлгү болгон ошол мугалимиме ыраазычылыгымды жана саламымды айткым келет.
Жылдызбек Касейинов, актёр: “Калпым чыгып калганда...”
Талант менен эмгекти айкалыштырып, учурда көркөм тасмаларга, сериалдарга тартылып жаткан жаш актёр Жылдызбек Касейиновдун мугалимдерге байланышкан көп кызыктуу окуялары бар экен. Алардын бирин айтып, мугалимдердин орду адамды калыптандырууда бийик болорун баса белгилеп өттү:
– Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Искусство институтунда (ред.: азыр университет) окуп, Кыргыз Эл артисти Акылбек Абдыкалыковдон сабак алдым. Билимдүү, студенттерди катуу кармаган, калп айтканды жаман көргөн мугалим эле. Ошондуктан тайпадагы 32 студенттин ичинен 12биз эле бүттүк.
Бир окуяны айтып берейин. 3-курстабыз. Ал убакта тойлордо тамадалык кылып да жүрчүмүн. Экзаменге коюлуучу спектаклге акыркы даярдыктарды көрүп жатканбыз, тойго да барышым керек, шым-костюмумду даярдап койгом. Спектаклде бир киши жок болсо даярдык токтойт да. Агайдан сурана албай ары-бери басып, шылтоомду даярдап албай эле кирип барыптырмын. Уруксат сурасам, жини келип “эмне болду?” деди. Атам мал доктур эле, “айылга малдарга дары салып жиберишим керек эле” десем, “каяктан аласың, каяктан саласың?” деп сурады. “Ош базардан” алып, автобекеттен салам” дедим. Агай шапкасын кийди, пьесаларды сумкасына салды да, “калганың отуруп тургула, биз айылга дары жөнөтүп келе калалы” деп ээрчип жөнөп жатпайбы. Сыртка чыгып эшиктин алдына туруп алдым, агай өтүп барып “ээ, баспайсыңбы?!” деди. Мен болсо былтыйып туруп алдым. Агай жаныма келип, “өлүп баратсаң да чыныңды айтпайсыңбы, сенин шым-костюмуңду көргөн жок дейсиңби?! Бар, тоюңду алып бар да, мындан кийин той дегенди угузба” деди. Ошентип калпым чыгып калган. Көрсө, той деген спектаклге аябай тоскоол болорун кийин түшүндүм.
Азыр өзүм мугалиммин, бизди жакшы жакка багыттаган мектептеги, чоң окуу жайдагы агай-эжелеримди эстегенде “мен сабакты ошолордой жакшы өтүп жатамынбы?” деген чоң суроо жаралат. Күн сайын ушул суроону өзүмө берем.
Асел Ишенбай кызы