Жайкы эс алуулар бүткөн кезде “Ысык-Көлгө же чет өлкөгө барып келгенимден кийин денедеги кал, сепкилдерим көбөйүп кетти”, “калым чоңоюп кетти” дегендер болот. Андыктан күз мезгили калдардын абалын байкап, шек жаратса дерматологго кайрылчу убак. Дегеле денеде кал, меңдер эмнеден пайда болот? Кайсылары коркунучтуу жана ракка айланып кетиши мүмкүн? Дерматолог Бактыгүл Жунушбаевадан маалымат алдык.
“Териге өң берген клеткалар топтолуп калат”
– Кал (мең), күн нурунан улам түшкөн сепкил, жалдын (үстүндө түк өскөн кал) баары медицинада “невус” деп аталат. Алар кандайча пайда болот? Адамдын организминде “меланоциттер” деп аталуучу клеткалар бар. Алар меланинди иштеп чыгарып турат. Меланин деген териге түс берүүчү жана күндүн ультра кызгылт көк-сыя нурларын жутуп алуу менен терини коргоочу пигменттер. Кайсы бир себептерден улам дененин бир жеринде ошондой меланоциттер топтолуп калат. Ошол жер невустун пайда болгон жери болуп эсептелет. Тагыраак айтканда, невус теридеги дерма (теринин ички катмары) жана эпидермистин (теринин эң үстүнкү катмары) ортосунда жайгашкан меланоциттерден улам жаралат.
“Адамдардын 90 пайызында жолугат”
– Невустардын өңү күрөң, кара, кызыл, кызгылт көк-сыя жана башкача болушу мүмкүн. Алар дененин каалаган бөлүгүндө, мисалы, кол, бет, моюн, бутта кездешет. Алардын баары залалсыз. Бирок кандайдыр бир себептерден чоңоюп, өсүп баштаса, анда ал меланомага (залалдуу шишик) айланышы ыктымал. Биз күнгө күйгөндө меланоциттер меланинди көп иштеп чыгарат. Ошондуктан тери күнгө тотугат (загар). Бала эненин курсагында кезинде меланоциттер кайсы бир клеткада топтолуп калса, кийин акырындап теринин бетинде билинет. Невустар адамдардын 90 пайызында жолугат жана алардын саны денеде 100гө чейин жетиши мүмкүн.
“Ак жуумал, сары адамдарда көп болот”
– Жашаган аймакта радиация нормадан жогорураак болгон учурда, күндүн алдында узакка жүрө бергенде да териде меланин ашыкча бөлүнүп чыгып, невус жаралат. Акырындап андай тактардын саны арбый берет. Невустардын пайда болушун иммунитеттин начарлоосу да шарттайт. Ага болсо аз кыймылдоо, энергетик жана газдалган таттуу суусундуктарды көп ичүү, бат даярдалган азыктарды көп пайдалануу да жеткизет. Аталгандар уйку бези менен боордун иштешин начарлатып, жыйынтыгында иммунитет да түшөт. Иммунитет түшсө невустардын пайда болушу жогору. Европа тектүү улуттарда невустар көп кезигет, себеби алардын терисинде меланин пигменти аз болот. Ал эми негроид жана монголоид расасында меланин пигменти көп болгондуктан азыраак жолугат. Бирок кыргыз элинде деле сары, ак жуумал, ак саргыл өңдүүлөр кездешкендиктен, аларда да невустар көбүрөөк болушу мүмкүн.
“Невус кайсы учурда залалдуу шишикке айланат?”
– Невустар кээде агрессивдүү залалдуу шишикке, башкача айтканда, меланомага айланышы мүмкүн. Меланома бат өсүп, бездерге жана кан тамырларга, башка органдарга чейин жайылып кетет. Меланома – теринин залалдуу шишиктеринин ичинен эң көп өлүмгө жеткирген түрү. Эгерде меланомага тийиштүү белгилер билинсе, дароо дерматолог-онкологго кайрылуу керек. Кокус териден өйдө чыгып турган невус жаракатка көп учураган жерде болсо, мисалы, далыда, манжа арасында, таманда, жука чурайда (кийимге сүрүлүп же жуунганда оорутат, канап кетүүсү мүмкүн), анда алдырып койгон оң. Болбосо улам сүрүлүп канап, тытыла бергендиктен акырындап меланомага өтүп кетет. Ошондой эле невус өңү-түсүн өзгөртүп баштаса алдыруу кажет. Эгер чоңойбосо, өңүн өзгөртпөсө жөн койгон оң. Айрымдар дерматологго текшерилбей түз эле косметологго барып алдырууну көздөшөт. Же жарнамалардагы каражаттарды (гель, мазь) алып бет, моюнундагы невуска сыйпап, күйгүзүп жок кылууну ойлойт. Минтүү туура эмес, күйгүзүп же башка кылуу менен невусту меланомага айлантып алуу толук мүмкүн.
Дарылоо
Невусту жок кылуу ыкмалары бир топ.
• Криодеструкция – бул суюк азот менен невусту жок кылуу. Анын ордуна жаңы тери пайда болот. Ыкма жөнөкөйлүгү жана оорутпай тургандыгы менен айырмаланат. Эске алчу нерсе, кээде невусту 1 процедура менен жок кылууга мүмкүн эмес.
• Электрокоагуляция. Жогорку жыштыктагы электр тогу менен невусту күйгүзүп жок кылуу. Бул оорутууну сездирбөөчү укол саюу менен ишке ашат.
• Лазердик дарылоо. Ордунда так, тырык калбашы үчүн дененин ачык жериндеги невустар үчүн көп колдонулат.
• Хирургиялык ыкма. Бул өлчөмү чоң невустар үчүн пайдаланылат.
• Комплекстүү дарылоо ыкмасы. Кесип алуу ыкмасынан тышкары химиотерапия (иммунотерапия, таргеттик терапия, вакцинотерапия жана башка), нур терапиясы да колдонулат. Аталган дарт менен онкологиялык ооруканада гана дарылануу мүмкүн.
Невустардын бөлүнүшү
Пайда болушуна карата
• Тубаса түрү
• Кийин пайда болгон түрү
Формасына жараша
• Жалпак түрү
• Териден сыртка дөмпөйүп чыгып турган түрү
Көлөмүнө жараша
• Кичине – диаметри 0,5-1,5 миллиметр
• Орточо – диаметри 1 сантиметрге чейин
• Чоң – диаметри 1 сантиметр жана андан чоң
Невустардын жаралышын шарттоочу факторлор
• Тукум куучулук
• Радиация, рентген нуру
• Күндүн кызгылт көк-сыя нуру
• Этникалык жана расалык өзгөчөлүктөр
• Гормоналдык өзгөрүүлөр
• Иммунитеттин түшүшү
• Косметикалык сапатсыз каражаттар
Меланоманын белгилери
• Невус ачык түскө өтө баштаса (пигментсиз меланома), бир нерсе тийсе ооруса же канаса
• Өтө бат чоңоюп баратканы билинсе
• Бетиндеги түктөр түшө баштаса
• Айланасында кошумча невустар пайда болсо (сателиттер)
• Тырмак томпоюп чыкса (бул тырмагынын алдында невусу барларга тиешелүү). Невус чоңойгондо тырмак томпоюп шиший баштайт
• Аллергия сымал кычышып, ачышып баштаса
Кимдерде меланомага кабылуу коркунучу бар?
• Кимдин невусу көп, чоң же жаракатка көп чалдыккан жеринде болсо
• Невусу бар өңү ак жуумал, ак саргыл, сарылар
• Невустары бар болуп жайкысын күн алдында көп жүргөндөр
• Витилиго оорусу менен ооругандар
• Кен чыккан жерлерде иштегендер (радиациядан улам)
• Күйүккө кабылгандар
Меланомага өтпөшү үчүн...
• Невусу ачык жерде, мисалы, кол-бутта болсо, анда аларды күн нурунан коргоп, жеңи узун кийимдерди кийүү сунушталат.
• Бетинде невусу барлар жээги жайык шляпа кийиши керек.
• Кимде тукум куучулуктан улам невустары болсо, дерматологго убак-убагы менен текшерилип туруусу абзел.
Канымжан Усупбекова