(Башы өткөн сандарда)
Белектин титиреген денесин кучактап турду апасы. Анын курч мүнөзүн билет эле, ошондуктан коркуп кетти.
– Бул эмнеси, апа? Атам кантип ушундай кадамга барды? Бизди, сизди эч ойлогон жокпу?
– Баары жакшы болот, баары чечилет, балам. Бул убактылуу эле...
Уулу анын кучагынан күч менен бошонду да, сыртка чыгып кетти. Тыпыраган эне жүрөгү туйлап кала берди.
Шаарды аралай унаасында катуу ылдамдыкта келе жатты Белек. Атасына телефон чалган жок, анын көзүнө тиктеп туруп, эркекче сүйлөшө турган болду. Шаардын сыртындагы үйү бар экенин билет эле, бирок көргөн эмес. Болду болбоду ошол жакта деп ойлоду.
Акбар менен Айкөл жаңы эле шаардан келип, чай ичип отурушкан эле. “Каңк” этип дарбазага бирөө катуу келип урунганын туюшту. Чочуп чыга калгыча жулунуп Белек кирип келди.
– Сен жиндисиңби?- атасы ага жини келе кайрылды. – Эмне эшикти сүзүп...
– Хм, ушул жерде жыргап жашап жаткан экенсиңер да?
– Белек, жүрү, балам, башка жерден сүйлөшөбүз.
– Эмнеге? Бул адам укпасын деппи? Мунуңду аяппы, ээ? Эй, мунуң адам эмес, адам болсо акча үчүн атасынан улуу адамдын, төрт баласы бар адамдын башын айлантып, экинчи аял болгонго макул болмок эмес.
– Жап жаагыңды!
– Жаппасам эмне кыласың?
Акбар уулунан мындайды эч күткөн эмес. Эмне дээрин билбей далдырап туруп калды. Анын эч нерседен кайра тартпай турганын да байкады. Ал үчүн коркуп турду.
– Белек, үйдөн апаң болуп чогуу отуруп сүйлөшөлү.
– Мунуңдан баш тарт, ата. Кеч болуп кете электе акылыңа кел. Болбосо мен муну өлтүрүп салам. Колумдан келбейт дейсиңби? Аталар эч качан өз уулдарын тааныбайт. А мен кылам. Апамдын көз жашы үчүн мен көп нерсеге барам.
– Токтот, иттин баласы!
Акбар эми өзүнөн чыгып кетти. Уулун жаактан ары чаап жиберди. Тиги муну күтпөй тургандыктан чочуп кетти. Жаагын сыйпалай берип экөөнү карады да, каткырып күлүп алды.
– Хе, мени урдуң, ээ? Мунун көзүнчө... Булардын бардыгын сен үчүн курмандыкка чалам дегенди далилдедиң да, ээ?
– Болду дедим.
– Бул жерде эч нерсе бүтпөдү. Дагы жолугабыз.
Колун Айкөлдү көздөй кезеген Белек жаагын сыйпалаган боюнча чыгып кетти. Акбар отуруп калды. Мындай болот деп, уулу ушунчалыкка барат деп эч ойлогон эмес экен. Деги эле ойлонгонго убакыт болбогон окшойт же каалабагандыр. Айкөл да селейип өз ордунда туруп калды. Белектин сөздөрү анын ансыз да жаралуу жүрөгүн бычактап жаткандай болду. “Акчасына карап, атаң менен тең адамга турмушка чыктыңбы?”, “Апамдын бир тамчы көз жашы үчүн көп нерсеге барам” деген сөздөр кулагына жаңырып жатты. Акбарды караса, ал да ойлуу отурган экен. Түтпөй кетти. Жанына барып жаагынан сылай берди.
– Ушундай болорун билгенбиз да, бир аз чыдап коюш керек. Баары жакшы жагына ооп кетет.
– Айкөлүм, сени коргой албаганыма жаным кейип жатат. Баары бир айтыла турган сөздөр... Канчалык качпайлы, кулагыбызды жапырбайлы, бул сөздөр айтылат. Биринчи сага тиет. Бизди билип койгонсуп, биздин жашообузду жашап, сезимибизди сезип, тагдырыбызды бөлүшкөндөй сүйлөшөт. Адамдар ооздору менен жашообузду ары калчайт, бери калчайт. Мен да эл көзүндөгү адам болсом, сени да эл тааныйт. Маанилүүсү – сен экөөбүз алар айткандай, ойлогондой эмес экенин билебиз. Жашоодогу эң таза сезим менен нике кыйылганын билебиз. Тагдырларыбызды билебиз.
– Менден кабатырланбаңыз. Мен көтөргөн жүктөрдүн эң жеңили – элдин сөзү. Мындан оор нерселерди да баштан кечирдик. Сиз айткандай, биздин жолубузду эч ким билбейт. Билгендер да биз сезгенчелик сезишпейт.
– Акылдуум менин! Баса, сен мени эч атымдан айтпайсың. Жок дегенде телефонуңа эмне деп сактап алганыңды билсем болобу?
– Болот,- деди Айкөл жылмайып. Ага телефонун сунду. “Жарык” деп жазып туруп жүрөкчөлөрдү коюп коюптур.
– Жарыкпы? Хм, чечмелеп берчи. Эмнеге жарыкмын?
– Караңгыда калдым. Сиз билесиз, ийненин көзүндөй шоола таппай калганымда сиз жашоомо келдиңиз да, жарык чачтыңыз. Баса турган жолум белгилүү боло баштады, айланамды көрө баштадым. Мени жетеледиңиз. Караңгылыктан чыгарып, жылуулук бердиңиз. Тебелендиде калган, үшүп, өз жолун таба албай калган бир бечара кызга жарык болдуңуз. Мен муну күндөр өткөн сайын айкын сезип жатам. Сизге дуба кылам, аман болсоңуз болду. Жанымда болсоңуз, жалгыз калтырбасаңыз болду. Ошол үчүн “Жарык” деп сактап алдым.
– Жарыгым десең болбойт беле?
– Сиз мага эле эмес, көп адамга жарык чачасыз. Менчиктей албадым. Уялдым. Мага жарык бергениңиз жетиштүү.
– Мага да Айкөлүм жетиштүү.
Айкөлдү чекесинен өөп койду. Айкөл анын телефонуна кызыгуу менен карап калды.
– Эмне болду?
– Мени эмне деп сактап алдыңыз?
– Айкөлүм деп...
– А мен сиздин Айкөлүңүз болгонума бактылуумун.
Түн жарымында уктай албай жүрдү Акбар. Тентек уулу эмненин үстүнөн чыкты болду экен деп санаасы санга бөлүндү. Бирок Мариямга телефон чалып сураганга оозу барбады. Уялды. Айкөлдү жалгыз таштап чыккандан да коркту. Айдын жарыгында уктап жаткан Айкөлдүн жүзүн тиктеди. Ушунчалык ашык бул кызга... Уктап жатканын деле жалдырап карап отура бергенине ыраазы. Чачтарын сылап койду. Жүзү ушунчалык бейкүнөө эле. Куду наристеникиндей бөйтөйгөн эриндери көркөм, кырдач мурдунан билинер-билинбес дем чыгып жатты. Эң чебер сүрөтчү болгондо да мындай сулуулукту кагазга түшүрө албас... Муну сезүү керек. Жүрөк менен, жан дүйнө менен сезгенде гана анын чыныгы баалуулугу келип чыгат. Сүрөткө тартып алгысы келди. Кайра оюнан кайтып кетти. “Ушул элес жүрөгүмдө гана калсын” деп тиктеп отура берди. Оюна ыр саптары келди. Ал дагы Айкөлгө жарашпагандай сезилди. Тагдыр ага экинчи бир мүмкүнчүлүк бергендей. Жашоого, чоң бир нерсе жаратууга, күчтүү болууга, ийгилик жаратууга атайы ушул тагдырды жашатып жаткандай.
ххх
Мариям тынчсыздануудан бир орунга тура албай жатты. Белеги чыгып кеткен боюнча жок. Телефон чалса да албады. Акбарга чалганга намысы жол бербеди. Ал Айкөлдүн жанында экенин эстегенде жаны жанчыла сыздачу. Кызганыч экенин деле билбейт, бирок кимдир-бирөөнүн таш боор колдору жүрөгүн мыжыгып жаткандай сезилчү. Көз алдына эмне деген гана элестер тартылбайт. Кээде бул оордукка чыдай албай өлгүсү келип кетчү. Балдары эмне болот? Кичинекейлери али бир нерсени түшүнүп-түшүнбөй жүрүшөт. Наргизасы алыста. Белеги болсо тигинтип чыгып кетти. Аларды ушул абалда таштап кете алабы? Кандай болсо да чыдаш керек. Бирок акылы жетпей жатты. Кантип? Ким менен эмне деп күрөшүү керек экенин да билбеди. Бирок ушул абалда да жашай албасы турган иш. Тынчсызданып отуруп таң эми атканда көзү илинип кетиптир, телефондун үнүнөн ойгонуп кетти.
– Сиз Мариям, Белектин апасы болосузбу?
– Ооба...- деди калтыраган үн менен.
– Уулуңуз милиция бөлүмүндө...
– Эмне болуп кетти?
– Келсеңиз билесиз...
Орой сүйлөгөн алиги адам телефонду өчүрүп койду. Мариям эмне кыларын билбей калды. Дароо Акбарга телефон чалды.
– Алло...
– Акбар, Белек милицияга түшүп калыптыр...- деп айтып келе жатып, ары жактан жаш кыздын үнүн уга калып селдейип токтоду. Акбар кайда экенин, кимдин жанында экенине азыр гана акылы жеткендей туруп калды.
– Мен барам азыр...
Акбар шаша телефонду койду. Мариям калтыраган боюнча туруп калды. Анын мындан аркы реалдуулугу ушул эле. Жаш аялдын үнү аны мазактап, шылдыңдап жаткандай сезилди. Эки кулагын басса да, булактын шыңгырындай көркөм үн кулагынан кетпеди. “Сен же мен!” деди титиреген эриндери менен.
(Уландысы кийинки санда)