“Апам менин өмүр бою айтып бүткүс дастаным” дейт Анара Шайымкулова. Ырчы айым менен апасы, балалыктын издери, апанын акыл-насааттары тууралуу пикир алыштык. Энелер жөнүндө канча айтсак да аздыр, кезектеги маани-маңыздуу, жакшы эскерүүнү окуп коюңуз, окурман.
“Мени аяп, иш жасатпай эркелетип турушчу”
– Кыргызда бала төрөлгөндө денесинде анар (кызыл так) болсо Анара, Анарбек деп ырымдап ысым койгон жөрөлгө бар эмеспи. Мен төрөлгөндө 2 кашымдын ортосунда кыпкызыл болгон анар билинип турчу экен. Ошого Анара деп коюшуптур атымды. Ал кезде бардык энелер эле баласын бешикке бөлөп, бешик ырларын ырдап, терметип уктатышкан эмеспи. Апам да ошенткен деп айта алам. Анын үстүнө апам ырга жакын адам эле.
Төрөлгөндөн безилдеп жаагы басылбаган ыйлаак, каны аз, бат-бат тумоолоп ооруп калган кыз болуптурмун. Апам менин түйшүгүмдү тартып чоңойтуптур. Үй-бүлөдө 4 кыз, 2 уулбуз. Баарыбыз удаасынан төрөлгөнбүз. Союз кезинде апам саанчы, атам жылкычы болуп иштеп, бизди эл катары багып-чоңойтушту. Кичинемде арык болгонго мени көбүнчө иш кылдыртышпай, аяп, эркелетип турушчу. Тентектигимден аттан, бактан жыгылып, колу-башым тытылып, апамдын катып койгон таттууларын уурдап жеп, өзүмчө эле ызы-чуу жаратып басып жүргөн кыз элем.
“Үйгө конок келсе кабак бүркөчү эмес”
– Апам тың, тыкан болгону үчүн бизди жүдөтпөй, кирдетпей бакты. Мүнөзү токтоо, баарын бетке айткан, ичине кир, кек сактабаган, шырдак шырыган уз жан эле. Үй буюмдарын да абдан таза кармады. Атыр себинип, көйкөлгөн кийимдерди кийип, койкоюп гана жүрчү. Тармал чачтарын экиге бөлүп өрүп, артына таштап коёр эле. Кайын-журту ишинен, мамилесинен улам апамды сыйлап турушту. Кышкы салаттарын үйгө келген коноктор, кайын сиңдилери мактап, тамшанып жеп кетишчү. Айылда же жайлоодо болобузбу, үйүбүздөн конок үзүлчү эмес. Конок келсе каш-кабагын үйрүбөй, жаркылдап тосуп алуу адаты эле. Атам да апамдын ушул сапатын баалап, сыйлачу.
Анан дагы апам мыкты ырдачу, үнү шаңдуу, бийик болчу. Тойлордо сөзсүз суранып ырдатышчу. Жайлоодо 2 үйүр бээнин саачуларын саап, чиедей 6 баласын да карап, кир-когун да жууп, баарына жетишип тирилик кылды. Эне да, биздин тентектигибизди, кежирлигибизди, эркелигибизди көтөрдү.
“Үч жумуртка, үч картошка менен деле даамдуу тамак жасап койчу”
– Кымыз уулагандар сөзсүз биздин боз үйгө кайрылар эле. Азыр ойлосом, ошол кездеги апамды аяйм. Ошончо көп түйшүктү унчукпай көтөргөн экен деп. Бирок тиричилик деп жүрүп, ден соолугуна жетиштүү көңүл бөлчү эмес тура. Кыскасы, апам баскан-турганы, кылган иши, сүйлөгөн сөзү менен баарына үлгүлүү аял, мыкты эне болду.
Апам бизге кичине кезиндеги жоруктарын, окуяларын, окуган китептериндеги каармандардын жашоосун кызыктуу кылып көп айтып берчү. “Апа, баягылардан дагы айтып бериңизчи” деп түнкүсүн бош отуруп калганыбызда апамдын жанына чогулуп калчубуз. Билгибиз келген көп нерселерди сурай берер элек. Апам жадабай айтып, шашпай түшүндүрүп бере берчү, жок дечү эмес.
Союз тарап, бардык нерсе тартыш болуп калган учурда жашылча эгип, мал, тоок багып, уй саап, каймак, май кылып жокчулукту бизге анча билдирген жок. Колдо болгон ар кайсыларды кошуп, мисалы, 3 жумуртка, 3 картошка менен деле даамдуу тамак жасап койчу. Колго камыр жайып, кесип, кургатып жасаган камыр палоосун азыр сагынам.
“Ырчы болом деген таламымды талашкан”
– Кичинемде назик болгонум менен, кийин чоңоё түшкөндө ийменбей, адамдын көзүнө тике караган, тың кыз болуп чыга келиптирмин. Айылдаштар “бул кыздын көзүндө бир нерсе бар, кийин кыйын кыз болуп чыгат, көрөсүңөр го” дешчү экен. Ал нерсе канчалык туура келди, эл өзү таразалар. Менин апама окшош жактарым ырдаганым, тыңдыгым, чынчылдыгым, таза экендигим, бирөөнүн жашоосуна кийлигишпегеним, конок тосууда моюбай, камдуу жүрө тургандыгым деп ойлойм. Апам ыр да жазар эле. Убагында бош убактысы көбүрөөк болсо, балким, көбүрөөк ыр жазып калтырып кетмек беле деп калам. Кийин менин чыгармачылыгымды колдоп жүрдү.
Кесип тандоомо келгенде үйдө талаш-тартыш жаралган. Убагында апамдын окуйм, ырдайм деген тилеги орундалбай калыптыр. Таята-таенемдин эң кичүү кызы болгонуна байланыштуу окутпай коюшкан экен, “бизди карайсың” дешип. Анан атама турмушка чыгып кетет. Ошого апамдын таланты сыртка толук чыкпай, көкүрөгүндө арман болуп калат. Апам мага “мен жетпей калган тилекке эми сен жет, кызым” деп айтчу. Атам менин ырчы болом дегениме карабай мугалимдикке тапшыртып койду. Бирок мен болбой эле ырчы болдум. Апам мени атамдын урушунан коргоп, таламымды талашып, мени жактап жүрдү. “Бул кызымдын кайсарлыгы эмес, ичинде кайнаган өнөрү, таланты” деп атама көп ирет айтып, көндүрдү. Ошонусуна абдан ыраазымын.
“Күйөөнү сыйласаң, сен да андан сый көрөсүң деген”
– Апам кийин жүрөк оорусунан каза болгондо көптөр “буга чейин ооруганын эч укпаптырбыз. Сынын бузбай, супсулуу болуп көйкөлүп жүрсө, ден соолугу чың деп ойлочубуз” деп кейип калышты. Мен ырдайм деп көпкө бойдок жүрүп, турмушка кеч чыктым да. Ошол кездерде апам ооруп, Бишкекке келип ооруканага жатып, биздин үйдө да жүрүп калды. Ошондо мага “кызым, эркек деген үйдүн тиреги, башчысы, үй-бүлөнүн багуучусу. Аял канчалык мыкты болсо да күйөөдөн 1 карыш төмөн болуп койгону – аны сыйлаганы. Эркекти сыйласаң, сен да андан сый көрөсүң. Үйдө ынтымак болот” деп айткан эле. Ошол сөзүн керээз катары кабыл алып, азыркыга чейин карманып келем. “Уул-кыздарым теңин таап, орун-очоктуу болуп жатышат, менин арманым жок” дегени, анан бизге берген баталары, айткан акыл-насааттары дайыма жадымда сакталуу.
“Менин өнөрдөгү ийгиликтеримдин четин көрүп калды”
– Менин өнөрдөгү жетишкендиктеримдин четин көрүп кетти, ушуга да каниет кылам. Колдон келген белектеримди берип, ден соолугуна кам көрүп, ооруса дарылатып жүрдүм. Бирок ажал улук, жабышкан оору акыры алып тынды. Апам, мүмкүн, убагында өзү каалаганын кийип, каалаганын жеп-иче алган жоктур, бирок балдарын эч нерседен кем кылбай чоңойтту. Апама бардык жактан абдан ыраазымын.
Канымжан Усупбекова