Экрандагы бою кичине, таланты чоң актёрлор

Бири-бирине окшош адам болбойт деп бекеринен айтылбайт. Арабызда сакадай бою сары алтын эргежээл адамдар да кездешет. Дүйнөлүк кинодо боюнун кыскалыгы өзгөчөлүк кошкон белгилүү карлик актёрлорду бир макалага чогулттук. Кимисин таанып, кайсы ролун баалайсыз, ой-пикир калтырыңыз.

 

Питер Динклэйдж

135 сантиметр

Америкалык актёр жана кинопродюсер Питер Динклэйдж учурда Голливуддун эң атактуу актёрлорунун бири. Ал көпчүлүккө “Так талашуу оюну” сериалындагы Тирион Ланнистердин ролу менен таанылган. Бул ролу үчүн “Эмми”, “Алтын глобус” сындуу абройлуу сыйлыктарга ээ болуп, эргежээл актёрлордун арасынан алдынкы планга чыккан. Аны “Х-адамдар: Келечектин өткөн күндөрү”, “Нарниянын хроникасы: Ханзаада Каспиан” жана башка белгилүү тасмалардан көрсөк болот. 56 жаштагы актёр үй-бүлөлүү, 2 баланын атасы.

 

Тони Кокс

107 сантиметр

Кара терилүү карлик актёрлордун арасынан белгилүүсү – Тони Кокс. Америкалык актёрду балдарга арналган “Жаман Санта” тасмасынан же болбосо “Мен, кайрадан мен жана Ирэн”, “Космос жумуртка”, “Жылдыздагы согуш VI: Жедайдын кайтып келүүсү” фильмдеринен көрөсүз. 67 жаштагы актёр учурда пенсияда. “Карыган сайын Голливуд экинчи планга жылып, жан дүйнө тынчтыгын самап калат экенсиң. Бир досум “кыйналбай пенсияга чыкпайсыңбы” дегенде, чын эле деп эс алууга кеттим” дейт актёр. Сүйүүгө туруктуу, жубайы Отелия Кокс менен мектептен эле таанышып, сүйүшүп жүрүп 23 жашында баш кошкон. Түгөйлөр ошондон бери кол кармашып жашап келишет, 1 баланын ата-энеси.

 

Верн Тройер

80 сантиметр

Бою кичинекей, өзү чоң адам Верн Тройер көп өнөрдүн ээси болчу. Актёр, каскадёр, стендап-комик... 80 сантиметр бою менен каскадёр болууну элестетип көрсөңүз?.. 80 сантиметр бой карликтердин арасынан да карлик болуп эсептелет. Кинодогу карьерасын дублёр катары баштаган. Болгондо да кичине баланын дублёру болгон. “Бөбөк сейилдөөдө” деген тасмада кичине бала тартыла албай турган көз ирмемдерге Верн Тройерди тартышкан. Андан кийин “Кара кийимчен адамдар” тасмасында бөтөн планетадан келген жандыктын ролунда болду. “Остин Пауэрс” тасмасынын 3 бөлүмүнө тең тартылган. 2018-жылы Лос-Анжелестеги үйүнөн актёрдун жансыз денеси табылган. Изилдөөлөрдүн натыйжасында алкоголдук интоксикация (спиртке уулануу) болгону аныкталган. 49 жаштагы актёр үй-бүлө күтүп, балалуу болууга жетишкен эмес.

 

 

Владимир Фёдоров

130 сантиметр

“12 отургуч”, “Кин-дза-дза!”, “Жиндилердин үйү” сыяктуу тасмаларга көрк кошкон Владимир Фёдоров орус кино өкүлү. Анын киного аралашуу кыялы да, ою да жок болчу. Инженер кесибинин ээси болуп, СССРдеги Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы Биофизика институтунда иштеп жаткан жеринен киночулардын көзүнө түшкөн. Ошол кезде 32 жашта эле. Алгач кинорежиссёр Александр Птушко аны “Руслан жана Людмила” тасмасындагы каардуу сыйкырчы Черномордун ролуна чакырган. Баш-аягы 40тан ашык тасмада роль жаратты. Физик-ядерщик, актёр, акын, прозаик Владимир Фёдоров 2021-жылы 82 жашка чыгып каза болгон. Жашоосунда 4 жолу үйлөнүп, 4 балалуу болгон.

 

Мартин Клебба

124 сантиметр

 

Эргежээлдердин дагы бир көрүнүктүү өкүлү – Мартин Клебба. “Кариб деңизинин каракчылары” тасмасын көрсөңүз, демек, Мартин Клеббаны да тааныйсыз. Андан сырткары “Белоснежка” (2025) тасмасында Ворчун аттуу гномдун ролуна Мартин мырза тартылган. “Маймылдар планетасы” фильминде эпизоддук роль болсо да, келбети эсте калат. 2001-жылдан бери азыркыга чейин 100дөн ашык тасма-сериалдарга тартылган жана тартылып келет. Өзү сыяктуу карлик адамдарга колдоо көрсөткөн фондду негиздеп, жетектейт. 2011-жылы Мишель Дилгард аттуу айымга үйлөнгөн, экөө бир уул, бир кыздын ата-энеси.

 

Андре Буше

120 сантиметр

 

58 жаштагы Андре Буше актёр эмес, ошентсе да экран адамы. Ал эл аралык “Форт Боярд” телеберүүсүндө Паспартунун ролунда. Телеберүүгө көптөгөн мамлекеттен белгилүү адамдар барып катышышат, арасында Орусия да бар. Алгач “Форт Боярд” француздар гана тартылган берүү болчу, бара-бара популярдуулугу артып, эл аралык статус алган. Канча жылдан бери экрандан түшпөй келе жаткан берүүнүн алып баруучулары, акылмандары алмашып турушат, бир гана Паспарту алмашкан жок. Паспартунун өз аты-жөнү – Андре Буше экенин унутпаңыз. Улуту – француз, алып баруучу, ырчы. Андан сырткары 25 жылдан бери француз метросунда станциядагы нөөмөтчү кызматында.

 

Асыл Орозбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1191, 10-16-октябрь, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан