Тойго эң даамдуу рецепттер

Күркүрөгөн күздө аш-той берүү кызуу жүрүп жаткан кези. Бул учурда кожойкелердин ай мурун тынчы кетип, пландаштырып башташат. Аларга актуалдуу, даамдуулугу менен хит болгон рецепттерди сунуштайбыз. 

 

Тоок эти менен ананастан салат

Керектелүүчү азыктар (4-6 порция үчүн):

Тоок эти – 350 грамм

Катуу сыр сорту – 200 грамм

Консерваланган ананас –
250 грамм

Жумуртка – 4-5 даана

Шпинат – 1 боо

Майонез – 3 аш кашык

 

Даярдоо ыкмасы:

1. Тооктун төш этин кошсоңуз салатты былжыратпайт, колдо жок болсо сан эттеринен да жасоого болот. Төш этти жана жумуртканы сууга бышырып алуу керек. Муздаганда буларды чоң чарчы бөлүктөргө бөлөбүз.

2. Банкадагы консерваланган ананастын суусун кол менен сыгып жибериңиз. Аны жана сырдын жарымы чарчы тууралат. Калган сырды сүргүчтөн өткөрүп коёбуз.

3. Шпинатты жууп-кургатабыз да, кол менен 2-3кө бөлүп алабыз. Азыктарды бир идишке салып, майонез кошуп аралаштырабыз. Тарелкаларга форма берип салсаңыз тыкан, көрктүү көрүнөт. Эң үстүнө сүргүчтөн өткөрүлгөн сырды уядай же себелеп салып кооздойбуз. Бир жегенде тамшанткан той салаты даяр!

 

Закускеге форель стейктери 

Керектелүүчү азыктар:

Форель балыгы – 1,5 килограмм

Балык үчүн татымал – 2 чай кашык

Лимон – 1 даана

Зайтун же өсүмдүк майы – 20 миллилитр

Туз, кара мурч – татымына жараша

 

Даярдоо ыкмасы:

1. Форель балыгын жакшы тазалап, сулп этин калыңдыгы 1,5-2 сантиметрлик стейктерге бөлүп чыгабыз.

2. Лимондун жарымынын ширесин сыгып алып, ага майды, татымалдарды кошуп аралаштырабыз да балык этинин эки бетинен тең тегиз сүйкөйбүз. 1-2 саат муздаткычка маринаддалышы керек. Убакыт тар болсо, 30 мүнөт жетишет.

3. Электр табасына пергамент кагазын төшөп, балык кесимдерин салабыз. 180-200 градуста ысып турган электр мешине 15-20 мүнөт коюп бышырабыз.

Калган лимон ширесин бышкандан кийин үстүнө сыгып коюңуз, өзгөчө даам берет.

 

Кабакчадан рулет закускеси

Керектелүүчү азыктар:

Кабакча – 500 грамм

Өсүмдүк же зайтун майы – 20 миллилитр

Лимон – 1 даана

Упаланган нан күкүмдөрү – 100 грамм

Толтурмасына:

Фета же брынза сыры – 200 грамм

Сарымсак – 2 тишче

Майонез – 3 аш кашык

Черри помидору – 200 грамм

 

Даярдоо ыкмасы:

1. Кабакчаны узатасынан 1-2 миллиметрлик тилимдерге кесип чыгабыз. Канчалык жука болсо, ошончолук жакшы. Майга лимондун ширесин сыгып аралаштырып, тилимдерге эки бетинен сүйкөп, кайра упаланган нан күкүмдөрүнө оонатабыз.

2. Электр мешине пергамент кагазын төшөп, тилимдерди узатасынан тизип, 180 градуста ысып турган электр мешине 15 мүнөт бышырабыз. Кызарып кетпеши кажет. Чыгарып муздатабыз.

3. Майонезге эзилген сарымсакты кошуп аралаштырабыз. Сырды кабакчанын туурасына чактап калыңыраак кесебиз. Тилимдерге алгач бир аз майонез сүйкөп, сыр кесимин салып оройбуз. Узун шпажкиге алгач черри помидорун, андан соң кабакчаны сайып, дагы бир жолу кайталап сайып көркөмүн арттырып тарелкаларга тизип коёбуз.

 

Солянка 

 Керектелүүчү азыктар (5-6 порция үчүн):

Кой же уй эти – 500 грамм

Пияз – 2 баш

Сабиз – 1 даана

Ышталган колбаса – 150 грамм

Ышталган тоок эти – 150 грамм

Туздалган бадыраң – 4 даана

Консерваланган зайтун мөмөсү – 50 грамм

Консерваланган каперстер – 3-4 даана

Томат пастасы – 1,5 аш кашык

Лимон – 1 даана

Өсүмдүк майы – 20 миллилитр

Каймак (сметана 15-20 пайыз) – 50 грамм

 

Даярдоо ыкмасы:

1. Этти 2,5 литр сууга салып кайнатып, чий көбүгүн алып 1 сааттай кайнатабыз. Туз татытабыз. Бир баш пияз менен сабизди аарчып, бүтүн бойдон салып, дагы жарым саат кайнатабыз. Этти чыгарып муздатып, туурап алабыз. Шорпосунан сабиз менен пиязды алып салып, ысык кармайбыз.

2. Көмөч казанга өсүмдүк майды куюп, ысыган кезде чарчы тууралган пиязды кызарта куурабыз да, үстүнө ичке же чарчы тууралган колбаса, тоок этин салып, томат пастасын кошуп кууруйбуз. Үстүнө ошондой эле тууралган туздалган каперс, бадыраңды, 2-3кө бөлүнгөн зайтун мөмөсүн кошуп, 5 мүнөт капкагын жаап отто демдейбиз.

3.  Шорпого куурмачты, тууралган этти салып, капкагын жаап 10 мүнөт кайнатабыз. Оттон чыгарып, лимондун жарымынын ширесин сыгабыз. Идиштерге куюп, ичке тууралган лимон кесимдерин жана каймак кошуп конокторго узатабыз. Конокторду кубанта берсеңиз болот.

 

Асел Ишенбай кызы

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1191, 10-16-октябрь, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан