КОЙ
(21.03–20.04)
Жылдыздар бул апта сиз үчүн капчыгыңыз калыңдай турган убакыт дешет. Эмгегиңиздин акыбети кайтып сүйүнөсүз. Сизге пайдасы тие турган адамдар менен иштешүүдө өжөрлүк сапатыңызды бир аз ооздуктоо зарыл. Сүйүү талаасында ачык жана демилгечи болуңуз, түгөйүңүздүн ыраазычылыгына ээ болосуз. Жашооңузда болуп жаткан окуяларга өзүңүз гана жоопкерчиликтесиз, башкаларды күнөөлөгөн болбойт. Апта соңун үй-бүлөңүздүн курчоосунда өткөрөсүз.
БУКАЧАР
(21.04–20.05)
Таарыныч, ыза сезимдери окуяга адилеттүү көз караш менен кароого тоскоол болушу мүмкүн. Андыктан конфликт учурларында чечим чыгарганга шашпаңыз. Аптанын башында айрым адамдар сизге атайын бут тосуп жаткандай сезилиши ыктымал. Шейшемби, шаршемби күндөрү жашоо образын жакшырткан кырдаал жаралат. Финансылык колдоо күтө берсеңиз болот. Кан басымы жогору адамдар бул аптада болушунча нерв, стресс чакырган жагдайлардан өзүн карманып жүрүүсү сунушталат.
ЭГИЗДЕР
(21.05–21.06)
Атаандаштар менен күрөшүү аптасы. Жумушта болобу же сүйүү фронтундабы, сизге атаандаштык жараткан адам болот. Буга чейин бир калыптагы жашоодон “уктап” бараткан болсоңуз, бул жагдай ойгонууга, өзүңүздү колго алууга жардам берет. Бейшемби күнү жаңы ачылыш болушу мүмкүн. Аптанын экинчи жарымында келечекте пайдасы тие турган иштерди пландасаңыз жакшы. Анан да үйлөнүүнү пландап жүргөндөр үчүн дем алыш күндөрү ийгиликтүү даталар дешет жылдыздар.
БӨЙӨН
(22.06–22.07)
Үйүңүздү, иш ордуңузду, керекпи башыңыздагы ойлорду иретке келтиришиңиз керек. Болбосо көрүнгөнгө алаксып жатып, маанилүү учурду байкабай каласыз. Жеке жашоодо ачык, сыр чечише сүйлөшүү жолу аркылуу үй-бүлө мүчөлөрү менен мамилеңизди бекемдей аласыз. Финансылык абалды жакшыртуу үчүн айыл чарба менен алектенгендер мал сатышы мүмкүн. Ден соолук жаатында жүрөк-кан тамыр системинде көйгөйү барлар өзүнө карап, сак болушу зарыл.
АРСТАН
(23.07–23.08)
Бул аптада арстандар оптимист болуп, айланасындагыларга ишеним көрсөтүшү керек. Акыркы убакта жасаган жумушундагы көйгөйлөр чечилип, өзүңүздү жеңил сезип каласыз. Интернеттеги азгырыктуу сунуштарга берилип кетип, чоң суммадагы акча коротуп алуудан качыңыз. Айыл чарба, мал чарбасы менен алектенгендер көптөн күткөн эс алуусуна жетишет. Гардероб жаңыласаңыз, канча жылдан бери кийилбей турган кийимдерден арылганга аракет кылыңыз.
БИЙКЕЧ
(24.08–23.09)
Кичинеден пландап, аны дароо ишке ашыруу убактысы. Документ иштери ийгиликтүү бүтөт. Жеке жашоодо түгөйүңүздү уга билиңиз, анан да түшүнүшүү сапаты сизге жардамчы болмокчу. Бойдоктор өзү күтпөгөн жерден таанышып, ортодон махабат оту тутанышы мүмкүн. “Алма быш, оозума түш” болуп асмандан колуңузга бекер акча түшпөйт. Бирок каржылык абалыңыз туруктуу абалын сактап калат. Убадага ишенип карыз акча бербеңиз, документтештирүү жолу менен берсеңиз болот.
ТАРАЗА
(24.09–23.10)
Аптанын башталышын пессимисттик маанайда тосуп алышыңыз мүмкүн. Иштериңиз жүрүшпөй, документ же башка буюм жоготуп, айтор, баары артка кетип жаткандай сезилет. Бирок бул утурумдук гана нерсе. Мындай учурда ички гармонияга умтулуңуз. Баарынан тыныгуу алып, ойлоруңузду тазалап, жан дүйнөңүздү тынчтандырганга аракет кылыңыз. Аптанын экинчи жарымында жагымдуу жолугушуулар орун алат. Жакын адамыңызга конок тосууга жардам бересиз.
ЧАЯН
(24.10–22.11)
Эмоционалдык, тагыраагы, ички өзгөрүүлөргө даяр болуңуз. Өзгөрүүлөр сизди жаңы ачылыштарга, ийгиликтерге түртөт. Махабат айдыңында шашпаңыз, баары өз убактысы менен болгону жакшы. Негизгиси эски таарынычтарга кайрылып, эчак коё берчү көз ирмемдерге байланбаңыз. Айрым чаяндар өзүнөн жаңы талант таап таң калышат. Бул аптада дүкөн, базар жана башка акча коротуучу жайлардан алыс болгонуңуз жакшы. Болбосо бир соода кылып баштап токтоно албай каласыз.
ЖААЧЫ
(23.11–21.12)
Аптанын башталышында ар түрдүү маалыматтарга ээ болосуз: жумуштагы, туугандардагы жаңылыктар, көптөн бери кабарсыз кеткен достордун пайда болушу. Айтор, убактыңыздын көбү ушул нерселерге коройт. Бейшемби күндөн баштап гана колуңуз бошоп, өзүңүзгө көңүл бура баштайсыз. Эскертүү, бул күндөрү эч кандай документке кол койбоңуз, бардыгын окуп чыгып, баары жайында сезилсе да, кийин көйгөй жаралышы ыктымал. Аптанын аягында өткөн чактагы адам пайда болот.
ТЕКЕЧЕР
(22.12–20.01)
“Жөжөнү күзүндө санайт” деген макал текечерлерге тиешелүү. Буга чейинки аракетиңиз ишке ашат, максаттар орундалат. Өзүңүзгө өзүңүз ыраазы болосуз. Анан да жакындардан мактоо сөздөрүн угасыз. Күмөн жараткан иштерге акча салбаңыз, күйүп кетет. Жумушта билимиңизди, тажрыйбаңызды көрсөтө турган учур болот. Дем алуу органдарында көйгөй жаралышы ыктымал, сак болуңуз. Дем алыш күндөрүн үй-бүлөңүзгө арнаңыз, алар сиздин көңүл бурууңузга муктаж болушу мүмкүн.
СУУ КУЯР
(21.01–19.02)
Сизден күч талап кылынат дешет жылдыздар. Айрыкча жумушта көп күч талап кылынышы мүмкүн. Үй тиричилигинде да сиздин катышууңузду талап кылган иштер көп чыгат. Душмандардын жаман сөз, жаман көзүнө кабылбайын десеңиз, эч кимге пландарыңызды айтпаңыз. Алыс аралыкка сапарга чыгышыңыз мүмкүн. Аптанын экинчи жарымында тыныгууга көбүрөөк көңүл бурганыңыз туура. Антпесе баарынан көңүлүңүз калып, бутка турууга мотивация таппай каласыз.
БАЛЫК
(20.02–20.03)
Кайсы бир маселенин түйүнүн чечкен ишке аралашасыз. Анан да өз чындыгыңызды далилдеп калышыңыз мүмкүн. Үй-бүлөдө тең салмактуулук сакталат. Себеби жок түгөйүңүздү кызганычка алып келчү кадам жасабаңыз. Жакындарыңыздын бири жардам сурайт, колуңуздан келсе жардам бериңиз. Жумушта жаңы иш баштаганга эмес, эскилерин бүтүргөнгө басым жасоо керек. Эл көп топтолгон жерлерден качканга аракет кылыңыз, вирустук ооруларды жугузуп алуу коркунучу жогору.