“Муңайба, Адеми” деп обон созуп далайды суктандырган ырчы Элера Кабылжан кызы бул жолу гезитибиздин башкы бетин кооздоду. Буга чейин ырчыны сырттан билсеңиз, ушул маектен кийин аны жакындан таанып каласыз деп ойлойм. Элера айым сырлары, ырлары, арманы, мүнөзү тууралуу ачыла кеп куруп берди.
– Салам, Элера! Күздүн берекелүү күнүндө маектешип жатабыз, күз сизге кандай таасир берет?
– Саламатсыз, күз менин эң жакшы көргөн мезгилим. Абдан сулуу жана романтикалуу убак. Анан жамгыр да көп жаайт эмеспи, жамгыр жаап жатканда эмнегедир жан дүйнөм тынчый түшкөнсүйт. Маселелер жоголуп кеткенсип сезилет.
– Маселе деп калдыңыз, көппү?
– Кимдин маселеси аз дейсиз (күлүп). Менин бактылуу күндөрүм артта калып кеткендей сезилет. Балалыгымда, апам бар кезде калды окшойт. Апам бар кезде маселенин баарын апам менен кеңешчү элем, азыр өзүм чечкенге туура келүүдө. Ошого маселелер көп болгондой сезилип жаткандыр.
– Көзүңүздүн түсү башкача экен, линза тагынасызбы?
– Табигый түсү ушундай. Көзүм жашыл-күрөң болуп, тегереги гүл сыяктуу болуп кетет экенби? Апамдан калган мурасым, апамдын көзү да ушундай түстө эле.
– Сулуу көздөр экен. Сизди мамлекеттик иш-чаралардан көп көрөбүз, чет өлкөлөргө да көп барасыз. Түз сурасам, эмнеге сизди көп чакырышат?
– Сыры деле жок (күлүп). Мен улуттук филармонияга солист катары жаңы киргенимде Өзбекстандан келген делегацияны тосо турган болуп калдык. Аз убакыттын ичинде оркестр менен ырдачу татаал ырды беришти. “Даярдай аласыңбы?” дешти, мен коркпой эле дароо макул болгом. Аябай катуу даярданып, образды ачып бергенге, жакшы ырдаганга аракет кылгам. Ошондо залда отургандардын баары ордуларынан туруп кол чабышкан. Маданият министрлигинен келгендер аябай ыраазы болушкан. “Мындай окуя көптөн бери боло элек эле, конокторду таң калтыра алдың” деп баа беришкен. Ошондон тартып мамлекеттик иш-чараларга такай катышып келем. Ар биринде биринчисиндей жоопкерчилик менен даярданам. Макияж, чач жасалга, кийимдеримди кылдат ойлонуп даярданып барам. Мамлекет булар үчүн акча бөлбөсө да, өзүмдүн акчам менен даярданып, Кыргызстандын жүзү болуп барып жаткандан кийин деп катуу даярданам. Ошол үчүн жибергендер “Элераны катыштырсак уят болбойбуз” деп ойлошот болуш керек. Себеби ошол эле. Жогору жакта тууган-туушканым, тааныш-билишим деле жок (күлүп).
– Мурун мамлекеттик иш-чараларга чакыруулар боюнча улуу муун менен кичүү муундун ортосунда бир аз пикир келишпестик болору айтылчу, андайлар болдубу сизде?
– Жок, өз ара сөз болгондур, бирок эч ким бетиме эч нерсе деген эмес. Улуу муун менен мамилем жакшы, жаркырап саламдашып, кеңешин алып жүрөм. Пикир келишпестик, менимче, азыр жок. Анткени мурункулардай азыркы жаш ырчылар сахнага, радио, телекөрсөтүүлөргө байланган эмеспиз да. Ар бир ырчынын жеке баракчасы бар, ошондуктан мурункудай маани берилбейт го деп ойлойм. Андай пикир келишпестик болгондо деле маани бербей, көз жумуп өтүп кетсем керек.
– Жашоодо сиз көз жума албаган эмне болушу мүмкүн?
– Адилетсиздикке көз жума албайм.
– Элеранын жашоосунда ырдан башка эмне бар?
– Бош убакыт болгондо спорт менен машыгам, баш отум менен деле бир нерсеге кызыгып кетпейт экенмин. Чыгармачылык менен эле алышып жүрөм. Ырдын сөзүн жазып калам, обон чыгарууга аракет кылам. Жакында автордук ырларымды да тартуулайын деп турам.
– “Муңайба, Адеми” ыры менен таанылбадыңызбы. Ушул ыр болбой калганда деле бир жерден чыкмаксызбы же...
– Ооба, башка ыр менен, башка убакытта деле жарылып чыкмакмын. Анткени ошого келе жаткам. 5 жыл окудум, эстрадалык вокал жаатында, андан кийин классикалык вокал жаатында 2 жыл окудум. Иштеп, ырларды жаздырдым, клиптерди тарттым, көп эмгек кылдым. Ошол убактарда Кудайга кайрылдым. “Мен атактуу болоюн, ага даярмын же мекенимден кетип оокат кылайын” дедим. Себеби тиякка тартсаң, биякка жетпеген жашоо эле. Досторума “эй, мен Европага кетем. Клип тартсаң деле, эл каяктагы тыртаң-пыртаңдарды көрөт экен. Жакшынакай ыр менен, кийим менен тааныла албайт экенбиз. Сөзсүз ачык-чачык болуш керек экен” деп чыдамым түгөнүп жүргөн. Ошондон 3-4 айдан кийин эле ушул ыр хит болуп, калың элге таанылып кеттим. Кудайга ыраазы болуп, азыр эч нааразы болбой иштеп жатам (күлүп).
– Сулуулук – аялзатынын куралы, ага талант жана акыл кошулганда абдан чоң күчкө айланса керек...
– Оо, чоң комплимент айттыңыз, рахмат. Жаштыкты, сулуулукту, талантты, айтор, колуңда эмне куралың болсо, убагында жана жакшы нерсеге колдонуу керек деп эсептейм. Кудай мага ушунун баарын берсе, демек, мен жакшы иштерди жасап калышым керек.
– "Сулуу кыз менен кулүк атка жуучу көп" дейт го элибизде, сүйүүсүн арнагандар көп болсо керек...
– Ооба, болуп калат. Байкайм, ким болсо ал болсун, башкысы адамгерчилиги биринчи орунда болгону дурус. Менин кесибимди сыйлайбы деген да суроо болот. Анан өз талаптарымды айтам, “кесибим ушул, алдыда мындай иштерди кылам, жашоо образым ушундай, ушуга чыдасаң чыда, чыдабасаң айла жок” дейм. Көбү чыдай албайт, “аа, рахмат, Элера, мен башкача ойлодум эле” деп эле жок болушат.
– Демек, жигиттер талаптарыңызга чыдай алышпайт...
– Мүнөзүм да элден башкачараак. Туугандарым, досторум менен башкачамын, эркектерге талабым жогору окшойт.
– Текеберби?
– Ошондой го. Оңою менен мүнөзүмдү көтөрө алышпайт. Эркектер жанында мышыктай болгон аялзатынын болушун жакшы көрөт эмеспи, жумшак, элпек дегендей. Мен андай эмесмин, курч, эркиндикти сүйгөн адаммын. Ошондуктан жигиттердин сунушуна эзилип, “ушул адамга эмне деп жооп берсем экен?” деп кыйналбайм. Эркек мүнөз деп коюшат го, ачыкмын, кепти тарс айтып, тез чечим чыгарып коём. Кылыктанып “ойлоноюн” деп, анын чайын ичип, белектерин алуу менин мүнөзүм эмес.
– Ошончонун арасынан “менин адамым” дегени чыга элекпи?
– Чыга элек. Балким, бир жигит мага жагып калса, жумшак болуп “мейли” деп калсам керек. Андайы жолуга элек.
– Чыныгы сүйүү бар экенине ишенесиз да...
– Ишенем, ишенгим келет. Сүйүү болбосо бул жашоо деле болмок эмес го дейм. Менин адамым да бир күнү жолумдан чыгат.
– Өзүңүзгө абдан ишенимдүү экенсиз, мүнөздүн пайдубалы балалыктан түзүлөт эмеспи. Ата-энеңиз көзүңүзгө карап чоңойтушса керек...
– Туура байкадыңыз, ата-энем бир туугандарымдын ичинен мага өзгөчө мамиле кылып чоңойтушту. Ата-энеме аябай жакын элем. Башка бир туугандарым каникулга бир жакка кетишсе, мен апам менен калып калчумун. Талаада иш кылыш керек болсо, бир туугандарымды жиберип, мени алып калышчу. Күнүгө атам менин бут кийимимди тазалап койчу. Ылай кылып алып келип коём, атам күндө жаркыратып тазалап берчү. Айтор, экөөнүн тең сүйүүсүнө тоюп чоңойдум.
– Ар бир адамдын чоң бир коркуусу болот эмеспи, сиздики эмне?
– Апамды жоготуудан коркчу элем, ал нерсени баштан өткөргөндөн кийин эч нерседен деле коркпой калдым. Дагы терең карасам, өлүмгө даяр болбой туруп өлүп калгандан корком. Артымдан туяк калтырып, жакшы иштерди кылып кетким келет.
– Сиз кимдир бирөө үчүн курмандыкка бардыңыз беле?
– Жок, мен өзүмдү көбүрөөк сүйөм (күлүп). Андай курмандык кыла албайм, менимче, курмандык кылуу туура эмес. Адам өзүн биринчи орунга коюп жашаганы туура. Башкаларга деле “биринчи өзүңөрдү сүйгүлө” деп кеңеш бермекмин.
- “Эч кимдин көлөкөсүндө калбайм, болсом биринчи болом” деген айымдардын бири экенсиз да, мындай жашоо оорбу же жеңилби?
– Оор, менимче (ойлонуп). Дайыма иштешиң керек. Жашооңо өзүң гана жооп беришиң зарыл. Экинчи болом десең, ошого жараша ордуң бар да. “Ары жакка туруп тур, мен чечем” дегенге макул болуп жашоо керек болот. Экинчи ролго макул боло турган деле күн келет, балким, бирок азырынча ушундай.
– Маегиңизге рахмат.
Нуржамал Жийдебаева