Ысык-Көлдө 17 жаштагы кыздын өлүмү: Кумарбек Абдыров төрт адамдын өмүрүн кыйганын моюнга алды

Ысык-Көл облусунда 17 жаштагы Айсулуу Мукашеванын өлүмүнө шектүү катары 41 жаштагы Кумарбек Абдыров кармалган. Ал сурак маалында мурда дагы үч аялды зордуктап, өлтүргөнүн моюнуна алганын ИИМ билдирди. 27-сентябрда кыз үйүнөн чыгып, кайра кайтып келген эмес. Көзөмөл камералары аны Барскоон айылындагы май куюучу жайдан Абдыров айдап бара жаткан Honda Stream унаасына отурганын көрсөткөн. Кийин анын жансыз денеси Боом капчыгайында табылган. Тергөө Абдыровдун кылмыш тарыхы 2006-жылдан бери созулуп келгенин аныктады. Ал алгач студент кезинде кызды уруп, уюлдук телефону үчүн акча төлөп кутулган. 2011-жылы сегиз айлык кош бойлуу аялды, 2014-жылы 19 жаштагы Камиланы жана дагы бир жаш кызды өлтүргөн.

 Ал эми 2015-жылы ал дагы бир кызды өлтүрүүгө аракет кылган, бирок жабырлануучу аман калган. Ошол окуя үчүн 12 жылга кесилип, кийин 7 жылга чейин кыскартылып, 2018-жылы пробация менен эрте бошотулган. Милиция Абдыровдун башка белгисиз курмандыктары болушу мүмкүн экенин жокко чыгарбайт. Белгилей кетсек, такталган маалыматтарга ылайык, 2015-жылы Абдыровдун ишин алып барган  үч тергөөчү коррупция менен күрөштүн алкагында кармалып иштен чыгарылган.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1192, 17-23-октябрь, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан