МУЗЫКАНЫ КАТУУ КОЮП УГУУНУ СҮЙСӨҢ, КЕРЕҢ БОЛОСУҢ

Учурда кичинекей аудиоплеерлер, анын ичинде mp3-плеерлери популярдуу. Көчөдөбү, коомдук унаалардабы, айтор, кайда болбосун, аудиоплеерлерден музыка уккан жаштарга учурайсың. Бирок, тамеки кутуларындагыдай болуп, жакында плеерлерде да денсоолукка зыяндуулугу тууралуу эскертүү пайда болуусу ыктымал. Ант­кени, окумуштуулардын изилдөөлө­рүнө таянсак, плеерлердин айынан музыка сүйүүчүлөр, өзгөчө жаштар кереңдикке кабылуу коркунучуна кептелишүүдө.

Угууңду сакта!
Окумуштуулар “музыканы катуу коюп узакка угуу угуунун бузулушуна, алтургай кереңдикке алып келет” деп олуттуу түрдө эскертишет. Эгер эски плеерлерде үндү жогорулатканда үн жаман угулуп, катуу укканга мүмкүн болбой калса, жаңы чыккандарында үндү жогорулатууда сапаты бузулбайт. Үнүн болушунча катуу коюп, узакка угууга шарт түзүүдө, музыканы катуу угууда кулактын угушу эмне үчүн бузулушу мүм­күн? Бул суроого төмөн­күдөй жооп бермекчибиз.
Кулактын ички бөлүгүндө атайын клеткалар бар. Алар үн боюнча маалыматтардын мээге өтү­шүнө жардам берет. Дал ошол клеткалар катуу үндүн таасиринин астында бузула баштайт да, акырында кайра ордуна келгис болуп бузулуп тынат. Катуу үндөн, мисалы, концерттеги жаңырган үндөрдөн, мылтыктын же “Тез жардамдын” сиренасынын үнүнөн кийин угуу мокой түшүп, башка үндөрдүн деңгээли жай болгонсуп сезиле тургандыгын байкасаңыз керек. Бул жогоруда айтылган клеткалардын бир аз бузулууга дуушарлануусунун жыйынтыгы. Бирок, алгач мындай катуу үндөрдөн соң ал клеткалар ордуна келип калат. Бирок, катуу үндөрдү узакка угуу күндөн-күнгө улана берсе же абдан катуу үндү адам бир нече саат бою тынымсыз укса, анда адам керең болуп калат.

Кулакка жагымдуу жана адамды чарчатуучу үндөр
Адамдар үчүн үндүн бийиктигинин 10-20 децибел тегерегинде болгону жагымдуу. Мындай деңгээлдеги үнгө чөптүн шуудурашы, адамдардын шыбырашып сүйлөш­көндөгү үндөрү кирет. Ал эми чымчыктардын сайраган үнү 30-40 децибелге, адамдардын кадимкидей сүйлөш­көндөгү үнү 60 децибелге чейин жетет. Мындай деңгээлдеги үндү укканда адамда тынчсыздануу пайда болот. 50-80 децибел деңгээлдеги үндөр, мисалы, фендин, коңгуроолуу сааттын үнү адамдарда кыжыр келүүнү пайда кылып, кан басым жогорулайт, жүрөккө кан аз барып калат. Чаң соргучтун, борбордук көчөлөр­дөгү ызы-чуулуу үн (90-100 децибел) чарчоону тездетип, ишке жөндөмдүү­лүктү азайтат. “Тез жардамдын” сиренасынын, мылтыктын үнү 130 децибелге жетип, кулакта оорутууну жаратып, алтургай угуудан айрып да коё алат. Заманбап аудиоплеерлердин үнү болсо 120 децибелге чейин жетет. Бул – бензин менен иштөөчү араанын үнү­нөн да бийик дегендик. Анан адамда кантип угуусунан айрылуу коркунучу чыкпасын? Плеерден музыка угуунун коркунучу – угуунун тө­мөндөгөнү дароо билинбегенинде. Жыйынтык бир нече жылдан кийин гана билинет жана угууну калыпка келтирүүгө болбойт. Андыктан, замандаш, музыканы сүй­сөңүз да, чени менен жайдан угуңуз. Жаш кезде эле угуудан айрылып, майыптардын катарын толуктап калбаңыз.

УЧУУЧУ «ТЕРРОРИСТТЕР» ЖЕ ЧИРКЕЙ ААРЫ ЧАККАНДА ЭМНЕ КЫЛУУ КЕРЕК?
Жыл мезгилдеринин ичинен бейиш саналган жай айы кемчиликтерден куру эмес. Классик акындардын бири айткандай, аптап, чиркейлер, чымындар... Ушундай учуучу “террористтердин”, чиркей, аарылардын чакканынын канчалык деңгээлде коркунучу бар жана чакканда эмне кылуу керек? Бул суроолорго төмөн­кү макала жооп бермекчи...

Чиркейден коргоно бил
Чиркей анчалык зыянсыз жандык көрүн­гөнү менен анын чакканынан аллергияга ар бир онунчу адам кабылат. Ал эми жапайы аарынын чагышы анафилактикалык шокко (дароо келип чыгуучу аллергиянын түрү, мында артериалдык кан басым төмөндөп, жашоого эң керектүү органдарды кан менен жабдуу начарлап, адамдын өмүрү коркунучка кептелет) дейре жеткизүүсү мүмкүн. Өзгөчө саздуу жерде жашагандар жайы менен чиркейден азап тартышат.
Аллергиялык реакцияда чаккан жердеги ысыткан кичинекей чекит күйүккө окшош, ичинде суюктук бар ыйлаакчаларга өсүп жетет. Адамдын организми териге түшкөн чиркейдин шилекейине дал ушинтип жооп берет. Эгер чиркей чоң адамды 100 иретке жакын чакса гана адамда кан соргучтарга каршы иммунитет пайда болот. Ага чейин адам чиркейлерден айласыз коргонуусу керек. Чымын-чиркейлер үйгө кирбеш үчүн терезе, форточкаларга коргоочу торлорду тарткан оң. Үй ичине фумигаторду колдонуу жакшы. Аны токко туташтырганда анда жайгашкан атайын пластина же кичинекей флакондогу суюктук бууланып, чиркейлерди жок кылат. Табият коюнуна чыкканда болсо, күйгөндө жыты чымын-чиркейлерди кубалоочу спиралды колдонгон туура. Ошондой эле чымын-чиркейлерден сактоочу аэрозолдорду колдонуу да оң. Чиркей чаккандан кычышкан жерди тырмап отуруп, терисин сыйрып жибербөө керек. Анткени, инфекция кирип, чаккан жер жарага айланып кетет.
Кээ бир өсүмдүк­төр жыты менен чымын-чиркейлерди кубалайт. Алар: лаванда, герань. Ошондуктан, кайсы бөлмөдө көп отурсаңыз, ал жерге аталган гүлдөрдү коюп койгонуңуз туура.

Чиркей чакканда эмнелер жардамга келет?

  • Кычыштырууну басуу үчүн кайнаган соң бир аз суутулган сууга бир чай кашык соданы кошуп, анан чаккан жерди жуу же сүртүү керек.
  • Кайнап, сууп калган жарым стакан сууга фурацилиндин таблеткасын салып эзип, муздаткычка бир аз коюу керек. Анан бинтти ага малып, чаккан жерге басуу зарыл. Чаккан жер 1 суткадан кийин да кычыштырса же сезгенип, шишип кетсе, аллергологго кайрылуу кажет. Анткени, мындайда атайын маздар же таблеткалар колдонулат.
  • Чаккан жерге зелёнка же фукорцин сүйкөсө да жардам берет.

Аары чакса...

  • Аарылар чакканда ийнесин дароо алып салуу керек. Болбосо уусу толук бойдон денеге өтүп кетет.
  • Чаккан жерге музду же муздак суу куюлган бөтөл­көнү басуу керек.
  • Марганцовка кошулган муздак сууга (өңү мала-кызыл болуусу шарт) бинтти малып, чаккан жерге басуу кажет.
  • Кыргыздын элдик медицинасында сүзмө, айран сыйпоо да колдонулат.
    Аары чаккан жер бат эле шишип чыгат. Кээ бирлерде болсо чаккан жер шишиген соң бардык денесин күйүктөгүдөй болуп ичинде суюктук бар ыйлаакчалар каптап кетип, денеси кычышат. Адегенде эле көздүн сурмасы, ооз, кулак, алакан, таман жапа чегет. Үнү чыкпай калат. Дем алуусу кыйындайт, алтургай муунган сыяктуу абал келип чыгат. Аталган белгилер – аллергиянын белгилери. Кээде адам анафилактикалык шокко кабылат. Айтып кете турган нерсе, аллергиялык реакцияга жана анафилактикалык шокко көбүнчө иммунитети начарлар кездешет. Андыктан, иммунитетти чыңдоонун ролу зор.

Эмнелерди эске алуу зарыл?
Аары чакканда аллергияга кабылгандар балды жебөө­лөрү зарыл. Кыям кайнатып жаткан жерде аарылар көп топтолгондуктан, андай жерден качуулары зарыл. Аары жакындаганда ызы-чууга түшүп, колдорун шилтегилебестен, тынч туруп калып, аары учуп кеткиче күтүү керек.

Даярдаган Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 247, 27-июль-2-август, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан