Гладиаторлор кимдер?  

Башында курмандык катары чабылчу

“Гладиатор” байыркы латын сөзү, “гладиус – кылыч, кылыччан” дегенди түшүндүрөт. Кудайга арнап адам баласын курмандыкка чалуу диний жөрөлгөсүнөн  келип чыккан. Курмандык болчу кулдарды атайын казылган жайдын алдында колдоруна кылыч карматып, бири-бири менен салгылашууга мажбур этишкен. Айыгышкан күрөштө алсызы алдуусунун   кылычынын көз жумуп, Кудайга  курмандык чалынды деп эсептелчү.

Римде башталган

Гладиаторлук оюндарды алгач жалаң императорлор өткөзүшкөн. Кийинчерээк аталган диний салт белгилүү адамды акыркы сапарга узатуу  жөрөлгөсүндө колдонула баштаган. Ошондой эле  элдин көңүлүн ачуучу оюнга айланган. Тарыхый булактарга таянсак, алгачкы гладиатордук оюндар биздин заманга чейинки 264-жылы Римде өткөн. Аны рим саясатчысы Децим Юний Перанын балдары атасын акыркы сапарга узатуу зыйнатында өткөрүшкөн. Ага 6 согушкер катышкан.

Кийинки оюн биздин заманга чейинки 215-жылы Рим империясынын негиздөөчүсү Октавиан Августтун чөбөрөсү Эмилия Лепида көз жумганда өткөрүлгөн. Оюн 3 күнгө созулуп, 44 кул катыштырылган. Мезгилдин өтүүсү менен аталган оюндар популярдуу боло баштаган.

Оюндардын көбү Коллизейде өткөрүлгөн

  Оюнга кулдар, өлүм жазасына тартылган кылмышкерлер, эркиндигинен ажыраган согуш туткундары даярдалып чыгарылып турган. Гладиаторлор катардагы жоокерлерден айырмаланып, мушташ өнөрүн, куралдарды колдонууну мыкты билишкен.

  Амфитеатрлар дал ушундай оюндар үчүн салынган. Оюндардын көпчүлүгү  Коллизейде өткөрүлүп турган. Аренага мыкты даярдыктан өткөн 100дөн 500гө чейинки гладиаторлор бир эле убакта эки-экиден мушташуу үчүн чыгарылып, ырайымсыз оюнду жүз миңдеген адам тамаша кылышчу. Эгер гладиаторлордун бири оор жарадар болсо, каршылашы көрүүчүлөрдөн аны өлтүрүп же аман калтырууга уруксат сурачу. Алар баш бармактарын өйдө каратышса, жарадарга мунапыс берилгени, баш бармактарын ылдый каратышса “курмандыкка чал” дегени болор эле. Кээде публика сүймөнчүгүнө айланган гладиаторду өлтүртпөй, аман калтырып турган.

Эркиндикке чыгуу үчүн мушташышкан

Гладиатордук оюндардын 2-түрү суудагы согуштар болгон. Бул үчүн сууларды бууп, жасалма чоң көлдөрдү жасашып, ага кемелерге түшкөн гладиаторлорду коё беришчү. Оюндардын 3-түрү жырткыч жаныбарлар менен мушташ болгон. Арстан, аюу, жолборсторду майданга коё беришип, жарым жылаңач кийимчен, колунда кыска кылычы бар гладиаторду чыгарып коюшчу.  

 Көптөгөн жыл кандуу беттештерде аман калган гладиаторду эркиндикке коё берип турушкан. Дал ушул мүмкүнчүлүк мушташууга аргасыз кылган.

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1192, 17-23-октябрь, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан