Каарманыбыз Сайкал Орозбаева, учурда жолдошу экөөнүн кандын рак илдетине чалдыккан кызын айыктырып алсак дегенде эки көзү төрт. Врачтар “операция жасап аман алып калууга 2 апта убакыт бар, андан кийин кеч болуп калат” дешкенинен каражат топтоого мекемелердин эшигин кагып, элден да жардам сурап жатышканын айтышууда. Калганын Сайкал айымдын өз оозунан угалы.
“Ашказаны, боор тушу шишип кетти”
– Мен Сайкал Орозбаева, учурда 33 жаштамын. Ысык-Көл облусунун Түп районунан болом. 2010-жылы турмушка чыккам, жолдошум Ысык-Көлдүн Бостери айылынан. Эл катары эле тирилик кылып, 3 балалуу болдук. Улуу кызыбыз 11, андан кийинки уулубуз 9, эң кичүүбүз Нурайым 1 жаш 4 айлык. Ушул тапта Нурайым кызыбыз оор илдеттен жабыркап жатат. Аны 2024-жылы 4-июнда операция ыкмасы менен төрөгөм. Туулганда врачтар текшерип “баары жакшы” деп айтышкан. Жаңы туулгандагы, 2 жана 4 айлык кезинде жасалуучу эмдөөлөрүн алдырганбыз. 4 айлык кезинде берилген эмдөөдөн кийин, 2024-жылы декабрда катуу ооруп калды кызым. Врачтарга алып барсак “өпкөсүнүн бири пневмония илдетине чалдыккан” дешип, ооруканага жаткырып дарылашты. Кызыбыз айыкты деп эрте сүйүнүп алыптырбыз, үйгө чыгып барганыбыздан кийин ашказаны, боор тушу көпкөнсүп шишип кетти. Өзүбүз жактагы врачтардын сунушу менен Бишкектеги Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна алып бардык. Бир сыйра текшеришкенден кийин “боору чоңоюп, кандын курамындагы лейкоциттердин өлчөмү көбөйүп кеткен” дешип, №3 балдар ооруканасына жиберишти. Анда 1 күн жатып байкоодо болдук. Бизге кызыбызды Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасына алып баруубузду айтышты. Аталган ооруканада 1 апта дарылышты да, кайра бизге Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна жолдомо беришти.
“Лимфобластык лейкоз” деген диагноз коюшту”
– Аталган ооруканадан текшеришип “курч кармаган лимфобластык лейкоз” (В-клеткалуу түрү) деген диагноз коюшуп, кызыбыздын абалы оор экенин айтышты.
Аталган оору кандын жана сөөк чучуктарынын залалдуу шишик дарты экен. Врачтардын түшүндүрүүсүнө караганда, сөөк кемиктери лимфоциттерди көп бөлүп чыгарып, алар чексиз бөлүнүп, көбөйүп, дени сак кан клеткаларын сүрүп чыгарат тура. Ошондуктан эритроциттер, тромбоциттердин пайда болушу бузулуп, анемия жаралып, иммунитет түшүп, аягы лейкоздун жаралышы менен бүтөт экен. Оору тез өнүгөрүн, токтоосуз дарылоо керектигин да айтышты.
Аталган ооруканада 7 ай жатып, кызыбызды дарылаттык. Анализ үчүн жүлүнүнөн 10 ирет суу алып, рак клеткаларынын бар же жок экендигин текшерип жатышты. Жүлүн суусу сордурулуп алар замат эле кайра ордуна суюк дарыларды куюп турушту. Анткени рак клеткаларынын башка чыгып кетүүсүнүн алдын алыш керек экен.
1-сентябрда анализ үчүн жүлүн суусун сордурушуп, Москвага жиберишти. Андан дарылоонун натыйжалуулугу канчалык болуп жатканы аныкталмак. Жыйынтыгы “жакшы” деп келди. Бирок 8-сентябрда кайрадан жиберилген ошондой эле анализден “33 пайыз рак клеткалары бар” деген жооп келди.
“Сөөк чучугун алмаштыруу керек”
– Кызымдын дартын айыктыруу жолу – сөөк чучугун алмаштыруу. Жеке фирмалар аркылуу Индиянын онколог дарыгерлери менен байланышсак, сөөк чучугун алмаштыруу үчүн донор өзүбүздөн болсо 100 миң доллар, ал эми донор өзүбүздөн чыкпаса, 150 миң доллар керектеле тургандыгын билдиришти. Мындан сырткары “операция үчүн келгениңерде донордун кан анализин ала келгиле” деп билдиришти. Анализден донордун каны кызыбызга туура келери же келбестиги билинет экен. Биз үй-бүлөбүз кеңешип, балдарыбыздын биринин донор болгону туура деп чечтик. Ата-энелердин донорлугу башка ылайыктуу донор табылбай калганда гана каралат экен.
Индиялык врачтар "2 апта ичинде келип калгыла, болбосо кеч болуп кетет" дешкенинен 2025-жылдын 16-октябрында Индияга учканы турабыз. Бирок операция үчүн 28 миң доллар гана топтой алдык. Анча акча туугандар, достор, бир туугандар, жалпы элден чогулду. Айла жок кеч болуп кетпесин деп Индияга ошол каражат менен кетүүгө аргасызбыз.
Биз ал жакта жүргөн учурда мүмкүн элден калган сумма чогулуп калар деген үмүттөбүз. Кызыбыздын тромбоциттери азайып, 52ге түшүп кеткенинен бүгүн 14-октябрда тромбоцит куйдуруп жатабыз.
Эгер аталган каражат чогулбаса, эмне болоруна акылым жетпейт... Муну ойлоонун өзү азап, коркунучтуу.
“Кызыбызды аман алып калууга салым кошуңуздар”
– Каражат чогулса, анда Кыргызстандан донор болууга кан тобу туура келген балабызды алдырышыбыз керек болот. Анын сөөк чучугунан сордуруп алып, кызыбызга куюшат экен. Жолдошум өзү бийиктен кулап, башынан оор операция болгон. Баш сөөгүнүн ачылган жериндеги сөөгү жарабай калгандыктан, ордуна болот имплант кадашкан. 2-топтогу майып. Оор жумуштарга жарабайт. Антсе да колунан келген түрдүү иштерде иштеп, бизди бакканга аракет кылып келет.
Өзүм балдарды карап үйдө эле болуп келе жатам. Кызымдын оор дартка чалдыкканына, мүмкүн, ал курсакта 4 айлык кезинде катуу сасык тумоолоп, врачтар жазып берген дарыларды ичкеним себеп болгондур деп да ойлоп кетем. Же башка себеби барбы, эч ким билбейт.
Кызым Нурайым учурда эмчекте, бирок тойбойт. Кошумча тамактандырсак 5-6 кашык эле ичип, ичпей коюуда. Күнү-түнү чыргоолонуп ыйлайт. Тили чыккан, “апа”, “ата” дегендей кыска сөздөрдү сүйлөйт. Анын кыйналганын көрүп жүрөгүм тилинип, кошо ыйлайм. Кызыбыздын азабын тартып жүрүп, жолдошум экөөбүз кийинки кезде бирөөлөр бир нерсе айтса башыбызга кирбей, түшүнбөй да калып жатабыз.
Болгон үмүтүбүз элде. Эч кимдин баласы оорубасын. Бизге жардам берсеңиздер, кызыбызды сакайтып алсак дегенде эки көзүбүз төрт. Индиядан сакайып келишибизге салым кошуңуздар, урматтуу эл-журт. Наркты, салтты, гумандуулукту сактаган элибиздин колунан кызыбызды аман алып калуу келет деп ишенебиз.
Жардам берүү үчүн реквизиттер:
О!Деньги! 0508 921 416
0505 871 416
0702 143 344
МБанк: 0508 921 416
0505 871 416
0702 143 344
0709 143 344
Канымжан Усупбекова