Бактыбек Кадырбек уулу, ширетүүчү: “ӨПКӨГӨ ЫШ ТОЛСО ДА, БУЛ КЕСИПТИН КИРЕШЕСИ ЖАКШЫ” 

Мындан 15 жыл мурда “келечектүү кесиптер” деген тизмеге ширетүүчүлүк да кирген. Анткени курулуш объекттерин, ири көпүрөлөрдү, унааларды жана башка техникаларды жаратууга ширетүүчүнүн күчү талап кылынат. Күтүлгөндөй эле, азыркы учурда бул кесиптин ээлерине суроо-талап жогору. Каарманыбыз Бактыбек Кадырбек уулу жумушу тууралуу айтып берет. 

 

“Бузук саат, ток чайнек сыяктууларды оңдоого кызыкчумун”

– Кичи мекеним – Ысык-Көл районунун Чырпыкты айылы. Мектепте окуп жүргөндө “келечекте электрик болом” дечүмүн. Үйдө бузулган саат, ток чайнек, телефондорду өзүм оңдоп үйрөнө берчүмүн. Кээ бирин оңдоп алкыш уксам, кээде чачып алып кайра кураштыра албай тил угар элем. Бирок бул ишке абдан кызыкканымдан мени эч нерсе токтото алчу эмес.

9-классты бүтүп, Бишкекке кесиптик окуу жайга тапшырганы келсем, электриктин окуусуна орун жок калыптыр. Анан жыгач устачылыкка, кийин электр-ширетүүчү кесибине окуп калдым. Окуу менен бирге 4 жыл бою 2 агама кошулуп сантехник, электр-ширетүүчү болуп иштеп жүрдүм. Жумушту толук үйрөнүп калганымдан кийин өз алдымча электр-ширетүүчү жана ширетүүчү болуп иштеп кеттим. 

“Тапчан, темир тор жасоо жеңил иш”

– Электр-ширетүүчү – металлдан жасалган конструкцияларды (көбүнчө темир, болот), деталдарды, суу жана газ түтүктөрүн электрдин жардамы менен ширетип бириктирүүчү, кесүүчү, керектүү жерлерин жамоочу жана алмаштыруучу адис. Биздин адистик көп кабаттуу үйлөрдү, көпүрө, мектеп,  завод, ГЭСтерди курууда жана башкаларда абдан зарыл. Жаңы курулуштардан тышкары буга чейин иштеп келе жаткан конструкцияларды, жабдыктарды оңдоо, жаңылоо жаатында да кызмат көрсөтөт. Мындай ири иштерге салыштырганда тапчан, терезе үчүн темир тор, отургуч, темир тосмо, селкинчек сыяктууларды жасоо жеңил иш болуп калат.

“Чыдамсыз адамдар ширетүүчү болуп иштей алышпайт”                                        

  – Бизге тактык, чыдамдуулук, токтоолук, жоопкерчилик, күч жана бекем каруу, курч көз, анан албетте, атайын билим керектелет. Чыдамы жоктордун, кесибине кайдыгер карагандардын бул кесипте иштеши кыйын. Бизге жамгырда, кар алдында, ысык-суукта иштөөгө, оор нерселерди жылдырып же көтөрүп ташууга, жарк-журк этип учкан жарыкка, ширетүүдөгү чыккан ызы-чуу үнгө чыдап иштөөгө туура келет. Баарынан да жетүүгө кыйын жерлерде, ичине бат эле түтүн толуп кете турган жабык имараттарда иштөө кыйын. Ошол эле учурда ката, дефект кетирбешибиз зарыл. Өзүң бийиктикте же кууш жерде иштеп жатсаң, учкун тийгенде күйүп кетпегидей катуу кийим, кол кап, анан темир бет кап кийүү кажет.

Коопсуздук эрежелерин сактоо – бул денеңди жаракатка кабылтпоо, өмүрүңдү сактоо. Электр тогу тартып же газ жалынына бир жериңди алдырып жиберүү толук мүмкүн. Кайсы бир нерсени, мисалы, суу түтүктөрүн ширетүүдөн мурун анын чиймеси менен таанышып, баарын так ченеп, анан ишке киришүү кажет. Болбосо туура эмес болуп калып, ал ишти кайра жасоого туура келет. Биздин ишибиздин сапатынан курулуш конструкцияларынын узакка кызмат кылуусу көз каранды. Менин кесибим дайыма жогору бааланганы менен жагат.

“1 күндө 40 миң сом тапкан учурлар болот”                                     

  – Кышкы катуу суукта жеке үйлөрдүн ээлери “батареяларыбыз тоңуп калыптыр” деп көп чакырышат. Барып сууну кайната турган аппарат менен сууну кайнатып, анан суу системинин керектүү жерин ачып, ал жерден суунун буусун жиберебиз. Тоңгон суу эрип, суу түтүктөрүн жарылып кетүүдөн сактап калабыз. Жазга маал көбүнчө келишим менен санаторий, коттедждердин суу системдерин монтаждап, жаңылап беребиз. Көбүнчө жер алдынан чыкчу ысык сууну пайдалангандар чакырышат. Анткени алар жайкы сезонго карата алдын ала даярданышат.

Күзүндө имарат, жеке үй жана башкаларга суу, газ түтүктөрүн киргизүү, оңдотуу жаатында буюртма көп. Чай ичкенге убактыбыз жок, далбастап иштеп калабыз. Ошондуктан күздө 1 күндө 10-40 миң сомго чейин таап коёбуз.  

Ушул кесип менен жан багып, үй-бүлөмдү камсыздайм. Азыр эми баары эле чет жактарга кетип жатышат. Азап тартып жаштыгын, ден соолугун коротуп жүрүшөт. Жыргатып акча тапкандары, менимче, аз. Кыргызстанда шаарлардын туурасынан өсүүсү токтоп, бийикти көздөй кетип жатат. Ошого билимдүү, күчтүү, жаш ширетүүчүлөргө суроо-талап күчтүү. Андыктан жаштарга ушул кесипте окуп, мекениңде эле иштеп, бутка турса болот деп айтар элем. 

“Колумдан темир түшүп кетип бирөөнүн башына тийген”

– 5 жыл мурун көп кабаттуу үйгө суу түтүктөрүн киргизип жаткан элек. 5-кабатта эңкейип иштеп жатсам 8-кабаттан салмагы 5-6 килограммдык темир далыма катуу келип түштү. Өпкөм куушурулуп, аба жетпей кулап түштүм. Дарыланып, зорго айыккам.

Бир жолу 12-кабатта иштеп жатсам диаметри 32 миллиметрдик суу түтүгү колумдан түшүп кетти. Ылдыйкы кабатта иштеп жаткан 2 баланын биринин башына тийип, экинчисинин колунун терисин сыйрып кеткен. Мен тиги башына темир тийген бала өлүп калдыбы деп коркконумдан өң-алакеттен кетип, өзүмдү жоготуп койдум. Ал дагы дарыланып айыккан. 

“Сокур болуп каламбы деп коркком”     

– Атайын каска кийбесең көзүңдү күйгөн электроддун жарыгына алдырып жибересиң. Жаңы үйрөнүп иштеп жүргөн кезимде бир ирет каска кийбей эле ишти бүтүрө калайын дегем. Ошондо бетим күйүп, териси сыйрылып, 3-4 күн көзүм кыпкызыл болуп ачышып, кум киргенсип өйкөп, жакшы көрбөй калдым. Сокур болуп каламбы деп коркконум эсимде. “Бишкексууканал” ишканасында иштеп жүргөнүмдө бир суу топтоочу жай (водозабор) жарылып, Бишкектин жарымы суусу жок калды. Диаметри 1 метрлик суу түтүктөрүн бири-бирине ширетип, кураштырып, 30-40 ширетүүчү 2 сутка тынбай иштедик. Ошондо катуу суук тийип, ооруп калгам.

Темирлерди ширетүүдө чыккан түтүн, ыш өпкөгө толуп, пневмофиброз оорусу жаралып, жөтөлүп, аба жетпей думугуп, өпкөң ачышып оорутат дешет. Кесиптик экзема, бронхит, бронхиалдык астма да тооруйт экен биздин кесипте иштегендерди. Ушундай зыяндуу жактары болгонго Союз кезинде ширетүүчүлөргө жумушта сүт ичирчү экен. Биз жеке сектордо иштеп жаткандыктан өзүбүзгө өзүбүз кам көрүшүбүз зарыл. Андыктан көзүбүз ооруп же жөтөлүп калсак, сөзсүз дарыгерге барабыз.

 

Канымжан Усупбекова    

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1193, 24-30-октябрь, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан