Планета тууралуу
Марс – согуш Кудайы. Анын атынан Күн системиндеги планеталардын ичинен Күндөн алыстыгы боюнча 4-орунда турган планета аталган. Фобос жана Деймос аттуу спутниктери бар. Аталган планетада 1 жыл – жердеги 687 суткага барабар. Атмосферасы башкача, басым Жерге салыштырмалуу 160 эсе төмөн. Чаңдуу бороондор планетанын бетин булуттай каптап, атмосферасындагы температуранын бирдей болушуна тоскоол болот. Планетанын бетинде кратер, жанар тоо, өрөөн, чөл, полярдык муз каптаган жерлер кездешет. Марсты илимий изилдөө иштери 1961-жылдан баштап үзгүлтүксүз жүргүзүлө баштаган.
Марс ким болгон?
Марс – Италия жана Римдин (эң алгач өлкө-шаар болгон) эң байыркы Кудайларынын бири. Грек мифологиясындагы Арес менен теңтайлаш Кудай. Согушчан Кудайлар триадасына кирген. Башкача айтканда, анда Юпитер жана Каирин да бар. Байыркы Римде Марс алгач түшүмдүүлүк, көп тукум калтыруучулук Кудайы болгон. Ошол эле кезде ал каарданса түшүмдү жана малдарды да жок кылат деп эсептелген. Анын атынан жаздын алгачкы айы “март” деп аталган.
Марстын символу болуп Рим падышасынын сарайында сакталып туруучу найза эсептелген. Уламыштар боюнча, ал асмандан түшкөн жана римдиктердин жеңилбестигинин белгиси болгон. Падышанын буйругу менен душмандар аны уурдап кетпеши үчүн дагы ошого окшош 11 найза жасалган. Ошентип 12 найзанын ичинен кайсынысы чыныгы экенин душмандар айырмалап биле албай калсын деген амал ишке ашкан. Уламыштарда Марстын согушка аттанганда тигил найза менен калканын кыймылдатып шилтегенин душмандар коркунучтуу кайгы катары санашып, шүйшүндөрү чыкчу делет. Чындыгында Марс согуш талаасында кыйратуучу күч, касиетке ээ болгон. Ушундан улам согуш Кудайы деп аталып кеткен.
Римди негиздеген эгиздердин атасы
Марстын аялы Кудай Нерио (Нериене) болгон. Бир ирет Марс Минервага ашык болуп калып, ага жуучулукка картаң Анна Переннаны жиберет. Перенна болсо Минерва ага аял болууга макул болду деп айтып келет. Кубанган Марс Минервага барып, бетин жапкан үлпөнчөктү көтөргөндө маңдайында Перенна турган болот. Мындай тамашаны көргөн башка Кудайлар Марсты шылдыңдап жатып калышат.
Согуш Кудайынан Рия Сильвия Ромул жана Рем деген эгиздерди төрөгөн. Эгиздер Римди негиздешкен. Ошондуктан Марс Римдин кол башчысы жана сактоочусу болуп да калган. Марстын ыйык жаныбарлары – карышкыр, тоңкулдак, жылкы, бука болгон.