Ишиалгия... Дүйнө жүзүндө, анын ичинде Кыргызстанда көп кездешкен оорулардын бири. Ооруканада неврологго кирүүгө кезек күтүп тургандардын орточо ар бир үчүнчүсүндө кездешет деп айтылат. Бул оору буттун ток тарткандай оорушу, чымырашы, уюшу, суукта жылуу байпак кийбесе оорутуунун күчөшү менен айырмаланат. Ал эмнеден келип чыгат жана дарылабаса эмне болот деген сыяктуу суроолорго невролог Курбанбек Исамидиновдон жооп алдык.
Эмне болгон оору?
– Адамдын денесинде 43 жуп нерв бар. Алардын 12си баш сөөк-мээден, 31 жубу жүлүндөн чыгып, организмдин иштөөсүн башкарат. Ал эми жалпы нерв клеткаларынын (нейрондор) саны 100 миллиарддан ашык. Баарын чогултканда узундугу 72-75 чакырымга жетет. Эң узун нервдердин бири деп куяң нерви эсептелет. Анын жоондугу 5 миллиметрге, узундугу орточо эсеп менен 1 метр 20 сантиметрге жетет. Аталган нерв белдин аймагынан чыгып, 2 бутка узунунан кетип, бут кетменинен бүтөт. Эгер оорутуу жамбаш тараптан башталып, ал бутка да өтсө, анда ал ошол куяң нервинин кыпчылып калышы. Мындай көрүнүш медицинада “ишиалгия”, ал эми эл ичинде “бел, куймулчак куяңы” деп аталат. Негизинен нервдин кыпчылуусу бир тараптан болот, 2 тараптан болуусу сейрек кездешет. Оорутууну жамбаштагы булчуңдардын сезгенүүсү күчөтүп жиберет. Илдеттен эртерээк кутулуу үчүн невролог дарыгерге убагында кайрылып, дарылоо ыкмасын туура тандатып алуу кажет.
Дартты кайсы белгилерден билүүгө болот?
• Бут ток тарткандай катуу ооруйт, жансыз тарткансып чымырайт, уюйт, сайгылашат. Басканда буттар алсыз тарта баштайт. Айрымдардын жоон санына жана жамбашына ысык нерсе басып жаткандай ысып, оорутат.
• Оорутуу алгач бел аймагынан башталып, жамбашка берет. Анан жоон сандан ылдый шыйракка, бут кетменине, манжаларга чейин таркайт.
• Басылбаган оорутуу 1 бут же 2 бут тарапта тең болот. Туруп турганда, отурганда, басканда да оорутуу токтобойт. Бирок айрымдарда жатканда же басканда оорутуу азайышы мүмкүн.
• Алгач дарттын белгиси азыраак болот да, оорутуу кыймылдаганда, жумуш кылганда, чүчкүргөндө, жөтөлгөндө көбөйөт.
• Эгер чара көрбөсө сезгенүү өнөкөт түргө өтөт, оорутуу кечки убакта, түндө көбөйөт.
• Кээде оорутуу келип чыгуу себебине жараша аздан көбөйүп отурбай, дароо катуу оорутуу менен башталат. Көбүнчө оор көтөрүүдөн жаралат.
• Кескин оорутуу кадимки күнүмдүк тиричиликти жүргүзмөк тургай, кыймылдоого да мүмкүндүк бербей калат.
• Сезгенүүнү суукка урунуу күчөтөт, андыктан жогоруда айтылган оору белгилеринен тышкары дене табы көтөрүлсө, шишик болсо, жамбаш көбүрөөк чымырап уюса адиске кечиктирбей кайрылуу зарыл.
Эскертүү: Ич көөп, ичке жел толуу өнөкөткө айланганда курсак булчуңдары чоңоюп, ич алдыга чыгып кетет. Мындан бел булчуңдарына күч келип, алардын бекемдиги, иштеши начарлайт. Акырындап бел ооруга, мисалы, грыжага, ишиалгияга алып келиши мүмкүн.
Диагноз үчүн тесттен өткөрүшөт
Врачка так диагноз коюу үчүн төмөнкүлөр керектелет:
• Магниттик-резонанстык томография
• Компьютердик томография
• Керек делген учурда рентген сүрөтү
• Ласега тести. Бул үчүн адамды түз жаткызып, бутту өйдө көтөрткөндө бут тартылып, ооруп жатканы билинет. Бутту бүккөндө оорутуу азаят.
• Электромиография. Мындан буттун чымырап, уюганы көп болсо өткөрөт. Булчуңдардын иштөөсү, нервдердин сезимталдыгы канчалык экендиги аныкталат.
Оор учурда операция ыкмасы тандалат
Дарылоодо врач кыпчылып калган нервдин себептерин жоготуп, нервди бошотуп, сезгенүүдөн кутулууга багытталган ыкмаларды тандайт.
1. Консервативдүү дарылоо
• Оорутуу азыраак болсо дары май сыйпалат, оорутууну басуучу, сезгенүүнү кетирүүчү дарылар сунушталат.
• Булчуңдардын жыйрылып оорутуусун кетирүүчү, кан айланууну жакшыртуучу дарылар жана витаминдер топтому колдонулат.
• Физиотерапия, айыктыруучу көнүгүүлөр, массаж, ийне терапиясы кошулат.
• Айрымдарга ортопедиялык корсет кийүү сунушталат. Муну көбүнчө грыжа, протрузия оорусу барлар тагынат.
• Дарылар таасир бербесе “блокада” же операция ыкмасы тандалып, дарылар да колдонулат.
Гимнастика оорунун алдын алат
Ооруга кабылбоо үчүн төмөнкүлөрдү эске алуу кажет:
• Жамбаш, омуртка булчуңдарын чыңдоо үчүн дене көнүгүүлөрүн жасап жүрүү
• Оор жумушту көп жасабоо
• Ашыкча салмакка ээ болбоо. Семиздиктен омурткага күч келип, кемирчектер жешилип, жарылат да, омурткалар жылышып, кемирчектердин артындагы нервди кысып калат
• Суукка урунбоо
• Отуруп иштегендер саат сайын 5-10 мүнөт басып, чоюлуп-керилип, көнүгүүлөрдү жасап туруулары керек
• Ишиалгияга жеткирүүчү ооруларга кабылганда, мисалы, остеохондрозго, дароо дарыланууну эске түйүңүз
Дарт өтүшүп кетсе адам баспай калат
•Дарттын белгилери билинсе да маани бербей жүрө берүүдөн буттун булчуңдарынын иштөөсү бузулуп, көлөмү кичирейет. Акыры булчуңдар иштебей калат да шалдык жаралып, адам баспай калат.
• Айрымдар өз алдынча же табыптардан дарыланып жүрө берип, убакытты өткөрүп, врачка кеч кайрылышат. Акыры өкүнүч менен бүтөт. Андыктан врачка убагында кайрылуу менен дарттан толук айыгууга болот.
БИРИНЧИ ЖАРДАМ
• Дарыгерге барууга мүмкүнчүлүк болбой жатса, убактылуу сезгенүүгө каршы жана оорутууну сездирбөөчү дарыны (мисалы, диклофенак, ибупрофен) ичсе болот.
• Врачка баргыча же “Тез жардам” келгиче катуу, түз жерге оорутуу азыраак сезилген позада жатып туруу керек. Мисалы, бутту ичкериге карай бүгүп, буттун алдына бир нерсе коюп алса болот. Сезгенген жер шишип, абалды оорлотпошу үчүн кыймылдоо сунушталбайт.
Нервдин кыпчылып калуусуна эмнелер жеткирет?
Ишиалгия оорусуна бир топ себептер жеткирет:
• Бел омурткалардагы остеохондроз
• Омуртка аралык кемирчектердин жешилип калуусу (протрузия)
• Омуртка аралык грыжа
• Оор жумуштарды көп жасоо. Анткени булчуңдарга күч келип, булчуңдардын оорутуп жыйрылуусу (спазм) жаралат
• Омурткалардын жарым-жартылай же толук жылып кетүүсү
• Жамбаштагы алмурут сымал булчуңдун чоюлуп, сезгенип, куяң нервин кысып калышы
• Омурткадагы жаракат же аны курчап турган жумшак ткандардын жаракатка кабылышы
• Кичи жамбаштагы сезгенүү, жаракат
• Жамбаштагы инфекция
• Жамбаштагы рак оорусу
• Абсцесс
• Ашыкча салмак. Нерв өткөн каналча кысылып, оорутуу белгилери пайда болот
• Айрым оорулар. Мисалы, бөйрөк, калкан сымал бездин оорусу бар адам дартынан улам шишип кетиши мүмкүн. Шишигенде нерв кеткен каналча кысылып, ишиалгиянын белгилери пайда болот
• Суукка урунуу. Булчуңдарда спазм болуп нервдерди кысат
Канымжан Усупбекова