Чубак Жайлообек уулу, саяпкер: "КӨП ЖЫЛДАН БЕРИ ӨМҮРБЕК БАБАНОВДУН КҮЛҮГҮН ТАПТАЙМ"

Июль айында өткөн Айыл чарба министрлигинин кубогунда саяпкер катары Чубак Жайлообек уулунун аты кеминде он жолу айтылды окшойт. Жарышка көз салып отуруп, бул саяпкерди чыгарбасак болбойт деген ой келген. “Жөнөкөйлүк адамды кооздойт” деген чын, мен деп сүйлөбөгөн каарманым жорго таптоо боюнча 5 жылдан бери “Жылдын мыкты саяпкери”, Эмгек сиңирген машыктыруучу наамдарынын ээси. Бул тармакка сүңгүп кирген саяпкердин баскан жолу, кыйынчылык, ийгиликтери тууралуу кызыктуу кебибиз алдыда...

 

“Саяпкер болуу үчүн кызыгуу, эмгек жана чыдамкайлык керек”

Тоң районунун Бөкөнбаев айылында төрөлгөн, 35 жаштагы Чубак Жайлообек уулу 25 жылдан бери жылкы тармагында, анын ичинде 20 жылга жакынын саяпкер катары эмгек кылыптыр. Чанда эле адамдар саяпкерлик менен алектенери белгилүү. Демек, жылкыны тандай билүү көрөгөчтүгү, таптай билүү чеберчилиги бул кандан берилген өнөрбү деген суроо жаралат?

– Менден “саяпкерликтин сыры менен бөлүшпөйсүңбү?” деп сурап калышат, мында эч кандай сыр жок. Саяпкер болуу үчүн алгач кызыгуу, анан жылдап күткөн чыдамкайлык жана эмгек керек. Кызыккан адам таптоо тартибин билип алат, бирок 2-3 жолу аргымагы артта калса таштап коюшу мүмкүн. Ошондуктан ат ийгилик жаратканча, баралына келгенче таптап күтө билүү – бул саяпкердеги эң керектүү мүнөз. Адам жылкыны сезе билсе, жылкы эле үйрөтөт. Жылкыны сезе билүү – бул жем жегени, суу ичкени кандай, машыгуудан кийин маанайы кандай болду, маанайы жакшы болсо, машыгууну күчөтөсүң дегендик.

Саяпкерлик чоң атамдан да өтсө керек. Ал жорго гана минген, жарыштарга салган киши болуптур. Кыздарын турмушка жорго мингизип узатыптыр. Балдары, неберелеринен мен эле ушул жолду улап кеттим.

Кыргыздардын намысын талаша турган күлүктөрдү таптаган саяпкерлер көп болсо деп ойлойм. Учурда токтолуп, ушул тармак менен кетсем деген саяпкерлер кол алдымда бар. Алардын кээ бирлери жорго боюнча жыл мыктылыгын алышкан.

Алгачкы мүчүлүштүктөр жана ийгиликтер...

Ат таптоо менен ат ээсинин, аттын, өзүнүн да атын чыгара алган саяпкердин ийгиликтери арбын. Сентябрь айынын башында Каган менен Аллерой аргымактары тууралуу макала даярдап жатканыбызда саяпкер “алдыдагы Алымбек датканын 225 жылдык тоюнда 40-унаабызды утсак деп даярданып жатабыз” деген эле. Ниеттери кабыл болуп, ал жеңишке да жетишти. Ушул даражага жеткенче кандай жолду басып өткөнү жөнүндө буларга токтолду:

– Кошуна байкеге кошулуп 9 жашымда жылкы таптаган сарайга барып, кийинки жылы жайкы каникулда 3 ай ошол жакта чабандес болуп иштедим. Жеңил, кичине бала болгонумдан 4 жылдай күлүк чаап жүрдүм. Андан кийин жорго чаап баштадым. Алгачкы жоргом атактуу Барон деген жылкынын энеси Бета болду. Ошондон кийин эле жоргого болгон кызыгуум ойгонду. 16 жашымда “Элдияр” жылкы заводунда саяпкер болуп калдым. Алгачкы жылдары тажрыйбабыз жок да, кышы менен аттарды жакшы даярдап, жазында ат чабыштардын баарын уттук, жайында болсо чучугунун баары түгөнүп, чапканга ат калбай калды. Кийинки жылы болсо кышында аябай семиртип алып, жазда чапсак жазда илинбейт, жайында эттеринен түшүп, анан алдынкы орундарга илинип баштаган.

2007-жылы Пансат деген жоргобуз казактарга сатылып, алар “карап, чаап бер” деп жумушка чакырып калды. Казакстанда ал убакта жума сайын ат чабыштар болчу. Ошол атты бир жыл чаап, 13 автоунааны жеңдик. Жаштыкка салып атты эс алдырбай эле удаа-удаа чаба берип, акырында Пансаттын буту ооруп калды. Ошону менен кайра Көлгө келип, “Элдияр” жылкы заводунда 2012-жылга чейин иштедим. Ал жылдары Олбур, Паркет, Бонапарт, Обон, Кырк чоро деген белгилүү жорголор колумдан чыкты. 2012-жылдан баштап 2 жыл Орусияда мигрант болуп иштеп кеттим.

“Императрица 49 жолу чабылып, 31 жолу биринчи келди”

“Атка болгон сагынуум күч алып жүргөндө Өмүрбек Бабанов чалып калды. Франциядан жорголорду алып, мени сураштырып чакырыптыр. Сүйүнүп эле учуп келгем” деген саяпкерди алдыда түшүнбөстүктөр, чыдамкайлык күтүп турган.

– Франциядан келген жылкылар ал жакта таскакта кыска аралыкка чабылып жүргөн да, жоргого көндүрүү оор болду, көбү жорголобой койду, экөө эле жорголоду. Жедеп таскакка көнгөн 5-6 жаштагы аргымактар эле, Өмүрбек байкеге “булар менен ийгилик көргөзө албайм” деп айттым. Анан Америкадан жылкыларды алдыртты. Аларды да бул жакка адаптация болсун деп бир жылдай чапкан жокмун. Ошондо Өмүрбек байке башка саяпкер менен иштешип, мен жумуштан кеттим. Бир жылдан кийин кайра чакырды. Баягы аттар кырсыктап, баштагыдай болбой калган экен. Ошентип жылкыларды кайра колго алып, оңдоп кеттим. Ошондон бери Өмүрбек байке менен иштешип келем. “Бээни бул айгырга кошолу” деп кеңешип турам. Өзүбүздөн туулган, ийгилик жаратып жаткан жылкылар көп. Алардын ичинен Императрица азыркыга чейин жүгүрүп келет. 49 жолу чабылып, 31 жолу биринчи келди. Республикалык деңгээлде өткөн Алымбек датканын тоюнда Өмүрбек байкеге таандык Императрица менен 40-унаабызды уттук. 

“Күлүктөр күлүк таптоого стимул берди”

Жорго таптоо менен чектелип жүргөн мырза быйыл кыска аралыктын күлүктөрү менен да атын чыгара алды. Мамлекеттик деңгээлде колдоого алынып жаткан ат оюндарынын ичинен кыска аралыктын күлүктөрүндө дүйнөгө чыгуу мүмкүнчүлүгү бар. Бул жаатта кандай пландар бар экени менен бөлүштү:

– Ат ээлери “күлүктөрүбүздү да сен карай бер, жоргону таптаган күлүккө деле тишиң өтөт” деп, быйыл катарыбызга күлүктөрдү кошуп койгон. Башында көнбөй жаткам. Бирок жыл ичинде Аллерой, Хадия, Гратест деген күлүктөр аябай жакшы жыйынтыктарды көргөзүп, мага стимул берди. Дүйнөгө чыгуу максатында кыска аралыктын күлүктөрүн даярдоодобуз. Кыска аралык классикалык жарыш болуп, дүйнө эли чабат. Алдыда Орусиядан, Америкадан ондой күлүк алууну пландап жатабыз. Буюрса, чет өлкөлөрдө Кыргызстандын атын чыгарсак деген жакшы пландарыбыз бар. Ал эми жоргону, аламан, кунанды Кыргызстан менен Казакстан эле чабат да. 

“Белгилүү адамдардын аргымактары бар”

“Жубайым аттын жытын билбеген шаардык кыз болчу. Азыр мен жокто аттарды карап калат, ооруп жатса дарыларын алып келип берет. Убагында аттардын жем-чөбүн берип, машыктырып жаткан балдарды эртеден кечке карап, курсагын тойгузат. Менин ой-санаамды түшүнүп, колдоо көрсөтүп жаткан жубайыма ыраазы болом”,- деген Чубак Жайлообек уулу бир аттын жеңиши команданын эмгегинен келерин айтат:

– Саяпкерлик менен алектенгениме эч качан өкүнбөйм, жылкы жакшылык гана алып келет. Чолпон-Атада ипподромдун жанында өз үйүбүз, ат сарайыбыз бар. Ушул жакка жылкыларды кармайбыз. Аймактардан аттарды алып келишет. Белгилүү адамдардын аргымактары бар, карап-таптап, чаап беребиз. Азыр карамагымда отуздан ашык жылкы бар. Былтыркы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынан кийин Эмгек сиңирген машыктыруучу наамын да беришкен. Чиксонлок, Медок сыяктуу белгилүү жорголорду чыгардык. Бир аттын жеңишинин артында ат ээсинин, ат караган балдардын, чабандестердин эмгеги, колдоп турган ата-энем, жакындарымдын жардамы бар.

 

Асел Ишенбай кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1193, 24-30-октябрь, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан