Бактылуу үй-бүлө

#Притча
Айылда эки кошуна жакын жашашат. Биринчи үйдө жубайлардын ортосунда күн алыс уруш-талаш, бири-бирин сөгүп, тилдеп, күнөөлөп, айтор, ызы-чуу. Экинчи үйдө баары тынч, бактылуулуктун деми чыгып турат. Дайыма уруша берген адамдын аялы кошунасынын бактылуулугуна ичи күйүп, күйөөсүнө:

- Акырын барып карап келчи. Булар эмнеге урушпай-талашпай тынч жашашат экенин. Бир сыры бар болуш керек.

Күйөөсү акырын жашырынып барып, кошунасынын ачык турган терезесинин түбүнө жашынып, тыңшап, акмалап карап турат. Ал учурда ашканасын жыйнап жүргөн аял кымбат баалуу вазаны жууп, кургатып жатканда телефону чыңгырап калат. Аял шашып вазаны столдун четине коюп, телефон турган башка бөлмөгө чуркап кетет. Бир убакта күйөөсү ашканага кирип, байкабай баягы вазаны түртүп алып, жерге түшкөн вазанын бырын-чырыны чыгат. Анда аңдып турган кошунасы “азыр эми аялы чыр чыгарат” деп, өзү ушундай кылса аялы кандай чыр чыгармак экенин элестетип жиберет. Ал учурда башка бөлмөдөгү аялы чуркап келип:   

- Мени кечирчи, жаным.

- Эмнеге кечирим сурап жатасың? Мен күнөөлүүмүн го. Шашып жатып байкабай түшүрүп алдым.

- Жок, мен күнөөлүүмүн. Вазаны столдун четине эмес, ортосуна коюшум керек эле,- дейт аялы.

- Менин күнөөм бул, жаным. Бирок мындай майда нерсеге капаланбашыбыз керек. Жамандыгыбыздын баары ушул сынык менен чыгып кетсин. Эч нерсе болбойт,- деп куйөөсү жубайынын бетинен өбөт.

Булардын жашоосун көргөн кошунасынын маанайы түшүп, үйүнө ойлуу келет. Аны күтүп отурган аялы:

- Эмне болду? Көрдүңбү? Уктуңбү? Сыры бар бекен?

- Көрдүм. Уктум.

- Ии, айтчы батыраак, кишинин нервин сынабай?!

- Буларда башкадан күнөө издөө деген жок экен. Ар бири күнөөнү биринчи өзүнөн издейт экен. Ошон үчүн урушу жок, бактылуу жашашат тура...- деген экен.

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1193, 24-30-октябрь, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан