(Башы өткөн сандарда)
Кош бойлуу экен! Кубанычтан албырган Айкөл жаш толгон көздөрү менен күйөөсүнө карады.
– Эмне болду, жаным?
Унчуга албай колундагы кош бойлуулуктун тестин сунду. Акбар карап алып эмне дээрин билбей калды.
– Биз балалуу болобуз,-деди Айкөл.
Акбардын оозуна сөз келбей калды, толкунданып эки кызыл сызыкты кармап отурду. Эки сызык! Жаңы өмүрдүн, жаңы жашоонун башталышы. Ким ойлоптур, ал Айкөлгө үйлөнүп, экөө балалуу болорун... Бул кыял эмес беле? Кыялдын ишке ашышы мынчалык бат болот деп ким ойлоптур?
– Жаным менин!
Айкөлдү кучактап, өөп-өөп алды. Анын жүзүндөгү кубанычтын жаштарын колдору менен аарчыды. Айкөл үчүн бул бала бакыттын туу чокусу болчу. Айдар менен балалуу болгонго жетишпей калгандыктан, ага энелик абдан алыстай сезилчү. Кол жеткис бир бакыттай туюлган эле. Азыр да ишенип-ишенбей апкаарып турду.
– Эми өзүңдү жакшы кара, макулбу? Оор көтөрбө, бир нерсеге кабатырланба, баары жакшы болот.
Ушу күндөн тартып Акбар анын жанында көп боло турган болуп калды. Коркуп калбасын, ага же наристесине бир нерсе болбосун деген кызыктай бир коркунуч бар эле ички туюмунда. Айкөл бир күнү Көлгө ата-энесинин үйүнө барып келгиси келгенин айтты. Акбар экөө ошол эле күнү жолго чыгышты.
ххх
Бейитти аралай басып келин келе жатты. Ата-энесинин жаткан жерине келгенде отуруп Куран окуду. Бир топко унчукпай отурду да, анан колдору менен бейитти тазалап, аярлап топуракты сыйпады.
– Апа, ата, биринчи жолу силерге келгенге батындым. Силерди жоготкондон кийин чыдабай өлгүм келди. Өлүүнүн жолдорун издедим. Ачка, суусуз калдым. Өлүмгө жакын калганымда мени бир адам куткарды. Мен анын сунулган колун кармаганга аргасыз болдум. Анткени алсыз болчумун. Жан жагым караңгы болчу. Жашоомдо жарык чачкан бир гана ошол адамдай сезилди. Чындап эле ал мени жылытты, өзүнүн жарыгы менен мага нур чачты. Анын колдорун кармаганга эч өкүнбөйм. Ооба, балдарына, жубайына туура эмес болду... Бирок аялынын да, балдарынын да бири-бирине сүйөнүп жашап кеткенге мүмкүнчүлүгү бар. А мен жалгызмын. Жанымда жалгыз Акбар... Анан ичимде жаңыдан жашап келе жаткан наристе бар. Силер таята, таене болосуңар, менин алтындарым. Эх, силер болгондо аны кандай гана эркелетет элеңер? Атам аны колунан эч түшүрмөк эмес. Апам түрдүү тамактарды жасап бермек. Мен жакшы апа болгонго аракет кылам, апа, так сендей. Мен силерди кандай гана сагынганымды айтып жеткире албасам керек. Аябай сагындым, жандарым менин. Мен аябай сагындым.
Топуракка башын коюп кабырды кучактады. Ичиндеги сагынычы бир аз тарагандай сезилди. Ордунан туруп Айдар жаткан кабырга барды. Ага батына албагандай алыс турду. Эмне деп сүйлөшөрүн да билбеди. Бир топ убакытта гана акырын үн катты.
– Мен келдим, Айдар. Мени кечире аласыңбы, билбейм. Мени тез эле унутуп койдуң дээрсиң. Бирок... Мен мындай болушун каалабадым эле. Сенин аялың болуп, сенин балдарыңды төрөгүм келген. Насип болбоптур. Биз чоң сүйүү менен жашадык. Бардыгына насип болбой тургандай сезимдерди жашадык. Мен аны тана албайм. Бирок сен кеттиң. Сенден кийин апам менен атам кетти. Жалгыз калдым. Бирөөнүн колун кармаганга, жашоомду улантканга, кимдир бирөөнүн ийинине башымды жөлөгөнгө аргасыз болдум. Мен сени унутуп калган жокмун. Бирок жашоону улантканга аргасыз элем. Сен айткандай татыктуу адамдын колун кармадым. Кабатыр болбо, ал мени коргойт. А сен тынч укта. Сени эч качан унутпайм. Кош, жаным, мен экинчи жолу сага келбешим мүмкүн. Бирок сен менин эң жарык, бактылуу күндөрүмдүн элесисиң. Ар дайым дубамдасың. Бейиштик бол!
Айкөл бул сөздөрдү айтууга муктаждыгы бар эле. Аны менен коштошпой жаңы жашоону баштоосу мүмкүн эмес эле. Акбар да муну түшүнүп турду. Ошондуктан тоскоол болбоду.
ххх
– Сен эмне кылайын деп жатасың, кызым?- деди акырын сөз баштаган Мариям. Кызы келгенден бери биринчи жолу мындан аркы жашоосун эмне кылат экенин сурап жатканы.
– Билбейм, апа. Эч кандай планым жок.
– Бирок убакыт өтүп жатат.
– Иштейм. Резюмемди ар жакка жиберип жатам.
– Окууңчу?
– Окугум келбейт. 5 тилде эркин сүйлөйм. Бул азбы, жашоомо акча табуу үчүн?
– Кызым, бирок жогорку окуу жайын бүтүрүү керек эмеспи. Кантип болсун ушу...
Мариям сөзүн уланта албай токтоп калды. Ачыгы ал мындай нерселерди чечип көргөн эмес. Акбар чече турган. Бирок ал азыр жок, мындан ары деле балдары тууралуу ойлонобу, билбейт.
– Атам үйгө такыр келбей калганбы?- деди кызы.
– Келчү...
– Үч күн болду, келбеди го?
– Шаарда эмес экен, жазды. Силерди сурады. Бир топко келе албайт экенин айтты.
– Хм...
Наргиза терезени тиктеди. Алдында турган, акырын сүйлөгөн, аста мамиле жасаган аялды аягандыктан жүрөгү бырчаланып жатты. Апасынын алсыздыгына намыстанып кетти. Бул агымга каршы сүзө ала турган аялбы? Кантип жарым жолго келип туруп таштап коюшу керек эле атасы? Жашоо мындай болбошу керек эле. Адилеттик мындай эмес. Ичинде ушундай бир жек көрүү толуп чыкты.
– Апа, сен аны көрдүңбү?
– Кимди?
– Атамдын экинчи аялын...
– Эмне кыласың, кызым? Мариям оңтойсуз боло көздөрүн ала качты. Куду Акбар эмес, өзү күнөөлүүдөй кызынын жүзүн карай албай турду.
– Керек...
– Сен өз жашооң менен жаша, бул атаң экөөбүздүн ортобуздагы иш, аралашпа.
– Силердин ортоңордо эмне болду? Мен билбеген бир нерсе болдубу?
– Жакшынакай эле жашап жатканбыз. Уруш-талаш да болгон эмес. Мен күнөөлүүмүндүр, билбейм, кызым. Эмне деп ойлоно турганымды да билбей калдым. Бомба түшкөндөй эле, эсимди жыя албай жашап келе жатам.
Кызы апасын тиктеп турду да, ордунан туруп анын жанына барып катуу кучактады.
– Эч капа болбо, мен баарын жайгарам. Атам бул үйгө төрт аяктап келип сенден кечирим сурайт. Бирок ошондо да кечиресиңби же кечирбейсиңби өзүң чечесиң. Мен сени эч кимге кор кылбайм, апа.
Мариям бир нерсе дейин деди.Бирок тамагына тыгылган көз жаштан эч нерсе дей албады. Кызынын алдында ушунчалык оңтойсуз жана алсыз турганына жини келип, ордунан туруп өз бөлмөсүнө чыгып кетти.
ххх
Ошол күнү Акбар жумуштан кармалып калып Айкөлдүн жанына келе албай калды. Иштери менен шаардан алысыраак жакта жүргөн эле. Муну Наргиза билди. Канчадан бери ойлонгон планын эми ишке ашыра турган болду. Айкөл жалгыз болчу. Эшикти ачып, өзү менен тең чамал кыз кирип келгенде көздөрү бакырая түштү.
– Сиз кимсиз?
– Менби? А сен тап, мен ким экенимди...
Наргиза ишенимдүү басып келип столго отурду да, аны баштан ылдый карады. Айкөл эмне дээрин билбей туруп калды.
– А сен кимсиң? Бирөөнүн күйөөсүн акча үчүн тартып алган бир...
Башынан ылдый шатырата сөгүнүп коё берди. Ошондо гана Айкөл бул Акбардын тун кызы экенин биле калды.
– Отур дедим!- деди ал өкүм. Айкөл оозуна сөз келбей тура берди. Тиги бакырганда аргасыз алдындагы столго барып отурду.
– Үйдө камералар бар экен да ээ, аа, макул. Атакебиз да көрсүн. Сени азыр кантип өлтүрүп, жиликтеп, сууга ыргытып жибергенимди көрсүн... Ха, корктуңбу?
Айкөл ага жай гана жооп берди.
– Мен эч кимден жана эч нерседен коркпойм. Бирок сен корк. Ичиңдеги от баарын жалмап кете электе ойлон.
(Уландысы кийинки санда)