“Жаштардын мамилесине ата-энелер канчалык көп кийлигишсе же каршылык көрсөтүлгөндө сүйүшкөндөр ого бетер бири-бирине тартылат, дал Шекспирдин классикалык романындагыдай” деген гипотеза тээ 70-жылдары эле пайда болгон. “Ромео жана Жульетта эффектиси” аталышын алган бул ойдун канчалык чындыгы бар? Ата-энелер жана жаштар эмнеден сабак алышы керек?
Социалдык психологиянын изилдөөсүндө
Бул темада 1970-жылы башталган изилдөөлөр азыркыга чейин социалдык психологиянын изилденип, такталып бүтө элек темаларынын бири. “Ромео жана Жульетта эффектиси” тууралуу алгач америкалык психологдор
Р.Дрисколла, М.Липетц жана К.Девиз биргеликте иш алып барышкан. Алар үйлөнгөн жана кыз-жигит мамилесиндеги 140 түгөй менен эксперимент жасап көрүшкөн. Экспериментте түгөйлөрдүн мамилесине ата-энелер тарабынан негативдүү кийлигишүү болот. Жыйынтыгында улуулардын каршылыгы түгөйлөрдүн бири-бирине болгон тартылуусун күчөтөт деген ой жаралган.
Бирок башка психологдор да бир нече изилдөөлөрдү жүргүзүп, ата-энелердин түгөйлөрдүн мамилесине кийлигишүүсү, каршы болуусу, тескерисинче, түгөйлөрдүн бири-бирине болгон сезимин муздатат, бири-биринен алыстатат деген жыйынтык чыгарышкан. Айтор, “Ромео жана Жульетта эффектиси” бүгүнкү күнгө чейин талаш-тартыштын үстүндө.
“Эч ким мени түшүнбөйт!”
Сүйгөнүнө жетпей калып өз жанын кыйган жаштар тууралуу угуп жүрөбүз. Статистикага таянсак, жанын кыйгандардын дээрлик көпчүлүгү өспүрүмдөр. Заманбап психологдор бул көрүнүштү өспүрүмдөрдүн али түптөлүп бүтпөгөн психикасы, өзгөрүп жаткан гормоналдык структурасы, курч эмоциялар менен күрөшө албаган алсыз абалы менен түшүндүрүшөт. Өспүрүм кезде айланада болуп жаткан бардык көрүнүштөр курч сезилет. Анын ичинде сүйүү сезими да бар. Алгачкы сүйүү – өмүр бою уланчудай, экинчи мындай сезимге кабылбачудай сезилет. Ал сүйүүгө ата-энеси же башка адамдар каршы чыкканда “эч ким мени түшүнбөйт!” деген курмандык сезими жаралат. Анан өзүн “угузуу, түшүндүрүү” максатында жаман жоруктарды жасашы мүмкүн.
“Ромео жана Жульетта” сүйүү баяны эмеспи?
Заманбап окумуштуулар классик жазуучу Шекспирдин “Ромео жана Жульетта” романын курч сезимдер тууралуу, бирок сүйүү баяны эмес дешет. Монтекки жана Капулеттинин балдары кас, душман болбогон учурда жолукса, балким, бири-бирин сүйүп калмак эмес. Моюнундагы оор жүктөн, жоопкерчиликтен кантип арылуунун жолун билишкен эмес, бири-бирине жолукканда сүйүү аркылуу ушул жүктөн кутулса болобу деп ойлошкон. Бирок сүйүү менен да жеңе алышкан жок дешет изилдөөчүлөр. Андыктан Ромео менен Жульеттаны жепей калган сүйүүнүн символу катары көрүү туура эмес дешет.
“Ромео жана Жульетта эффектиси” сүйүүдө эле эмес...
Адамдын психикасы, жаратылышы дайыма эркиндикке, көз карандысыздыкка умтулуп турат. Бир нерсеге тыюу салынганда, биз аны жеке чек араларыбызды бузуу катары кабыл алабыз. Биздин “ички козголоңчу” тарабыбыз активдешип, өз жашообузду өзүбүз көзөмөлдөп турганыбызды далилдегиси келет. Тыюу күчтүү сезимди – каршылыкты пайда кылат. Бул ички нааразычылык бизди дал ошол тыюу салынган нерсени каалоого, ага жетүү аракетин жасоого мажбур кылат.
“Ромео жана Жульетта эффектиси” бир гана сүйүүдө эле байкалбайт. Ал бала менен ата-эненин ортосундагы мамиледе, маркетингде, саясатта жана башка тармактарда да байкалат. Мисалы, ата-эне баласынын телефон колдонуусуна тыюу салса, ал телефон бала үчүн жеткиси келген негизги объектке айланат. Мамлекет жарандарга бир эрежени киргизип, тыюу салса, ал эрежени бузгандар көбөйөт жана башка. Тыюу салынган нерсе адамга барктуу, таттуу сезилет. Эмне үчүн тыюу салынганы тууралуу ойлонгусу келбейт. Атаандаштык, жеңишке жетүү, эреже – аны бузуу үчүн жаралган деген принцип иштей баштайт.
Сүйүүдө да ошондой. Бир адамды жактырасың. Анан ал сезимдер каршылыкка учураганда, жакындарың кабыл албай жатканда баягы “атаандаштык” сезими ойгонот. Тыюу салууга, каршылыкка каршы күрөшүп баштайсың, ал адамды ушунчалык сүйгөндөй, бирок башкалар аны байкабай жаткандай сезилиши мүмкүн. А сен аны далилдегиң келет. Эгер ошол тыюу салуулар, каршылыктар урап, “билгениңди кыл. Момундай-момундай кесепеттерге даяр болсоң өзүң бил” деген “жашыл жол” күйгөндө баягы шумдук сүйүүнүн дубалы урап түшүшү мүмкүн.
Ата-энелерге кеңеш
Психологдор өспүрүмдөрдөгү “Ромео жана Жульетта эффектиси” көпкө созулбайт дешет. Бир ай же эки ай курч эмоциялар, “бунт” болушу мүмкүн. Негизгиси ошол аралыкта чоңдордун же достордун колдоосу керек. Дайыма жанында болуп, сүйлөшүп, алаксытып, жаркын келечек, жакшы күндөр тууралуу ойлорду акырындан айтуу зарыл. Такыр эле анын сүйүү сезимдерине каршы чыгып, катуу тартип менен эсине келтирем деген ой чоң ката. Өспүрүм “болбойт” деген сөздү өзүнө чакырык катары кабыл алат да, болбойтту жеңүүгө аракет кылат. Жеңе албаса, ата-энесин күнөөлөп, аларды жазалоо максатында өзүнө кол салышы мүмкүн.
Өспүрүмдөргө кеңеш
“Ромео жана Жульетта эффектиси” жаралганда эмне кылуу керек?
1. Мени бул адамдын эмнеси тартып жатат деп өзүңүзгө суроо бериңиз. Адамдын өзү же тобокелчилик, күрөш, жеңүү сезимиби? Эгер тоскоолдуктар жок болуп кетсе, мен эмнени сезем? Башкалар эмнеге каршы чыгып жатышы мүмкүн? Кандай себептер айтылууда? Ал себептерди көтөрө аламбы?
2. Каршылык көрсөтүү сезими менен чыныгы сезимдерди ажыратканга аракет кылыңыз. Чындап эле сүйөсүзбү, эмнесин сүйөсүз, ал адамды жакшы билесизби, кайсы сапаттары жакшы, кайсынысы жаман?
3. Келечекти элестетиңиз. Жашооңуздагы “каршылык драмасын” артка жылдырыңыз да, келечекти элестетиңиз. Ал адам менен келечектеги 5 жыл, 10 жылды элестетип көрүңүз. Кумарлануу, сүйүү сезиминен башка эмнелер болот? Жашоо куруп кете аласызбы? Сүйүү өчсө жашооңуз кандай болушу мүмкүн?
4. Өзүңүзгө убакыт бериңиз. Тыюу салынган нерсе кыска аралыкка гана эффект берерин унутпаңыз. Убакыт жана аралыктан карап көргөндө башка ойлор жаралышы мүмкүн. Андыктан өзүңүзгө баарын таразалаганга, “күлгүн көз айнекти” чечип караганга, ойлонгонго убакыт бериңиз.
5. Ата-энеңиз менен сүйлөшүүдөн тартынып же аларды түшүнбөйт деп коркуп жатсаңыз, өзүңүзгө сүйлөшүүгө ыңгайлуу башка улуу адам менен акылдашыңыз, сырыңызды айтыңыз. Жалгыз кыйнала берүүнүн кереги жок. Сиз сырдашкан адам ата-энеңиз менен сиздин ортоңузда көпүрө болушу мүмкүн.
Асыл Орозбекова