Антарктидада тоңбой аккан “кандуу шаркыратма”

Антарктиданын чыгыш тарабында “кандуу” аталышында кичинекей шаркыратма бар. Абдан суук континентте анын суусунун кызыл өңдө болгону аз келгенсип, -10 градус суукка чейин тоңбой агып турушу убагында окумуштууларды кызыктырган. Көрсө, анын сыры бар экен. 

 

Туздуу көлдүн суусу

Аймакта Бонни деген чакан көл бар. Ал Тейлор мөңгүсүнүн түпкү жер катмарынан  башталып аккан туздуу суудан пайда болгон. Азыр да анын арты менен сакталып келет. Аталган көлдү үстүнөн калыңдыгы 400 метр муз каптап турат. Көлдүн суусу туздуу болгондуктан тоңбойт да, муз алдынан агып барып, бир кычыктан сыртка чыгат да, кайра ылдый агып түшөт. Ошол жер шаркыратманы түзөт. Изилдөөлөр көлдүн суусу хлор, магний, натрийден тышкары темирдин өтө майда бөлүкчөлөрүнө бай экендигин көрсөткөн. Суу сыртка агып чыкканда андагы темир бөлүкчөлөр кычкылтектин айынан кычкылданат да өңү кызылга айланат, тагыраагы, темирдин датындай түскө ээ болот. Ошентип шаркыратманын суусу кандын өңүндөй болуп көрүнөт. 

Күн нурун шаркыратмадан гана көргөн микроорганизмдер

Шаркыратманын суусунан 17 түрдүү микроорганизм табылган. Окумуштуулардын айтуусунда, ал микроорганизмдердин “ата-бабалары” муз доорун баштарынан өткөрүшкөн. Мөңгү алдында калган көлдө жарык жок караңгылыкка жана суукка ыңгайлашып жашап, тукум улап жүрүп отурушкан. Алардын тукумдары ошентип шаркыратмадан гана жарыкты көрүп келет.

Табият сырдуу табышмактарга бай. Караңгы, суук жерден тышкары радиацияга, абдан туздуу сууга, кычкыл чөйрөгө ыңгайлашкан организм түрлөрү да бар. Окумуштуулар алардын көбүнүн жашоолорун азыркыга чейин изилдеп бүтүшө элек.

Шаркыратма жайгашкан өрөөн Кургак деп аталат. Эмне дегенде анда 2 миллиондон ашык жылдан бери жаан-чачын жааган эмес. Ылдамдыгы саатына 150 чакырымга чейин жеткен катуу шамалдар жердеги нымды заматта буулантып жиберет. Ушул себептүү Кургак атка конгон.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1194, 31-октябрь-6-ноябрь, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан